Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 19:58

Кыргыз таануу: Кыргыз тарыхына арналган эмгек Чехияда басылып чыкты


Азия-Чехия соода палатасынын мүчөсү Эрлан Сапарбаев.

Азия-Чехия соода палатасы өткөн жылы белгилүү кыргыз таануучу, тарыхчы илимпоз Юлий Худяковдун "Кыргыздар салгылашууларда жана аскердик жүрүштөрдө" (“Кыргызы в боях и походах”) деген фундаменталдуу эмгегин жарыкка чыгарды.

Азия-Чехия соода палатасы мындан ары да кыргыз тарыхына, маданиятына арналган классикалык эмгектерди жарыялап турмакчы.

“Азаттыктын” студиясында Азия-Чехия соода палатасынын мүчөсү Эрлан Сапарбаев Юлий Худяковдун кыргыз тарыхын изилдөөчүлүгү, өткөндү аңдоонун орчун маселелери боюнча кеп салып берди.

“Азаттык”: Эрлан мырза, Кыргыз-Азия соода палатасы белгилүү кыргыз таануучу Юлий Худяковдун "Кыргыздар салгылашууларда жана аскердик жүрүштөрдө" деп аталган олуттуу эмгегин чыгарыпсыздар. Болгондо да Чехиядан, Прагадан. Ушул иш тууралуу айта кетсеңиз.

Сапарбаев: Юлий Худяков орустун дүйнөгө таанымал тарыхчы илимпозу, археолог. Бул киши биздин кыргыздын тарыхын иликтеп-изилдеп жүрөт. 2017-жылы Юлий Худяков 70 жашка чыкты, Бишкекте ага арналган эл аралык симпозиум болду.

Биз да ошого салым катары Азия-Чехия соода палатасы, Чехиянын баалуу кагаздар басмаканасы менен бирдикте Худяковдун фундаменталдуу эмгектеринин бирин Прагадан басып чыгардык. Аталышы - “Кыргызы в боях и походах” ("Кыргыздар салгылашууларда жана аскердик жүрүштөрдө").

Юлий Худяковдун кыргыз тарыхына арналган жаңы китеби.
Юлий Худяковдун кыргыз тарыхына арналган жаңы китеби.

“Азаттык”: Юлий Худяковдун илимий темасы - Энесай, Шибер кыргыздарынын курал-жабдыгы, аскердик жашоо-турмушу. Илимпоз кыргыздардын согуштарына байланышкан тарыхын да иликтеп келет. Мынабу сиздер чыгарган жаңы китеп башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Сапарбаев: Юлий Сергеевич Худяков - 30дан ашуун монографиялардын автору. Миңден ашуун макалаларды да жарыялаган. Алар массалык маалымат каражаттарында, илимий жыйнактарда жарык көргөн.

Бул китептин эки чоң айырмачылыгы бар. Биринчиси, эмгекте Юлий Худяков жалгыз эле Энесай, Шибер кыргыздары эмес, Теңир-Тоо (Тянь-Шань) кыргыздары, алардын жарак-жабдыктары, жортуулдары тууралуу маалымат берет. Бул - бир.

Экинчиден, азыр тарыхчылар, тарыхчы эмес адамдар арасында деле талаш-тартыш болуп келатпайбы. "Энесай кыргыздары менен теңир-тоолук кыргыздардын ортосунда эмне байланыш бар, деги байланыш барбы же жокпу, канчалык байланышта" деген маселе бар да.

Худяков адис катары байланыш бар, эң биринчи иретте Энесай кыргыздарынын мураскери Теңир-Тоодогу кыргыздар деп эсептейт.

Ошону менен бирге Энесай кыргыздарынын мураскери болуп хакас эли эсептелет. Билесиз, “хакас” деген бул “кыргыз” деген сөздүн кытайча аталыштарынын бири сяцзясы. Кытайлар кыргыздарды “хегу”, “хегасы”, “цизясы”, сяцзясы (“хягасы”) деп атап келишкен. Ошондо Тан империясы маалындагы ханзу тилиндеги булактарда сяцзясы ("хягасы") делген.

Археолог жана кыргыз таануучу Юлий Худяков. 15-ноябрь, 2012-жыл.
Археолог жана кыргыз таануучу Юлий Худяков. 15-ноябрь, 2012-жыл.

1920-жылдары Хакасия өзүнүн РСФСРдин алкагында автоном облусун түзүп атканда, 1925-жылга чейин казактардын советтик мамлекеттүүлүгү Кыргыз АССРи болуп аталып турду, Ала-Тоодогу кыргыздар оболу 1924-жылы Кара кыргыз автоном облусу, анан 1926-жылы Кыргыз автоном республикасы болду.

Ошондон алар "кыргыз" деген атты ала алышпай, интеллигенциясы "хакас" деген жасалма атка токтоп, оболу Хакас үйөзү, анан 1930-жылы 20-октябрда РСФСРдин курамында Хакасия автоном облусу болуп калган.

Ошондо Хакасиянын курултайында кыргыздарга, буряттарга, якуттарга атайын делегация жөнөтүшкөн. "Пикир алмашалы, жардам күтүп, тууган издеп" дегендей. Ошол делегациянын жыйынтыгы эмне болгонун хакас архивдеринен караш керек, бизден да караш керек. Делегация келиптир, бирок анын жыйынтыгы эмне болгондугу айтылбайт. Себеби, ачык айтып коюш керек, орус падышачылыгы да, кийинки совет өкмөтү да Энесай кыргыздары менен Теңир-Тоо кыргыздарын байланыштыргысы келген эмес. Биздин көп тарыхыбыз жашыруун гриф менен сакталып келген.

Жакында АКИпресс интернет-сайтына менин макалам чыкты. Ошондо мен А.Н.Бернштамдын ачык катына таянгам. Ал киши жазып атат: “Бу кыргыздардын тарыхын кантип жазабыз?” деп.

Ал кезде документтер архивдик атайын бөлүмдө ("спецхранда") сакталчу. Москвадагы Ленин китепканасында жашыруун деңгээли "1 С" деп аталган. Ошондой жашыруун деңгээлдеги Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жашыруун китепканасы болгон. Борбордук комитеттин китепканасы, анан Ленин китепканасы болгон.

Кыргыз тарыхы жашыруун, “кызмат үчүн колдонуу” грифинде сакталып келген. Бернштамдын айтуусунда, атайын расмий бийлик уруксат берген адамга гана маалымат берилген. Көп маалымат жашыруун калган.

Ал кезде Энесай кыргыздарынын Теңир-Тоо кыргыздары менен байланышы жактырылчу эмес.

Юлий Сергеевич бул китебинде жазып атат, Энесай, Теңир-Тоо кыргыздары бир эл экенин. Бул кишинин пикири боюнча, кидандар - кара кытайлар учурунда бул эки эл болуп калган. "Түбү бир эл" деп айтып атат. Эмгектеги эки чоң айырмачылык ушул.

Кийинки кездердеги генетикалык изилдөөлөр азыркы кыргыздардын Энесай кыргыздары менен тикелей байланышы бар экенин ырастады.

Эрлан Сапарбаев менен Бекташ Шамшиев.
Эрлан Сапарбаев менен Бекташ Шамшиев.

“Азаттык”: Энесай кыргыздары, Теңир-Тоо кыргыздары (орусча адабиятта бул "Тянь-Шань кыргыздары" деп аталат) боюнча социализм доорунда Энесай кыргыздарын толук чануу, "анын бизге эч кандай тиешеси жок" деген концепция үстөмдүк кылган.

Эгемендик келгенден кийин бул маселе кыйла ачылды. Бирок ушу кезге чейин Алтайдан, Түштүк Шиберден кыргыздардын Теңир-Тоого көчүп келиши кайсы кылымдарга туш келиши эмдигиче тактала элек. Ар кыл божомолдор айтылып келатат. Ушул маселе боюнча профессор Ю.С.Худяков кандай божомолду алдыга жаят?

Сапарбаев: Азыр кеп кылып аткан китептеги дагы бир өзгөчөлүк - Ю.С.Худяков теңир-тоолук кыргыздардын негизги байырдаган жери деп Теңир-Тоону айтып жатат. "Теңир-Тоодон биздин замандын башында Энесайды карай көчкөн. Анан кайра миграция болуп өз жерине Атажуртуна көчүп келген" дейт.

Эмгекте автор "Асман мелжиген тоолор чөлкөмү - Теңир-Тоо - кыргыздардын алгачкы атажурту" (“Край небесных гор – Тенир-Тоо - прародина кыргызов”) деп жазган жери бар. Илимпоз ушул концепцияны колдойт.

Негизги башкы Атажурт - Теңир-Тоо, андан Энесайды көздөй жылган. Ал эми көчүү боюнча 3-4 концепция, ар кыл божомол бар. Юлий Худяков колдогон гипотеза боюнча кыргыздар Теңир-Тоодон нары көчкөн, дагы бир гипотеза боюнча Энесай, Алтайдан бери келген.

Советтик тарыхчы К.Петровдун гипотезасы боюнча, азыркы кыргыздар Алтайдан, Чыгыш Казакстандан негизги этнос катары түптөлүп, анан ошол жактан бери көчүп келген.

Мен өзүм бул ойдо А.Н.Бернштамдын пикирин колдойм. Ал киши "кыргыздын тарыхы 4 миң жыл ары кетет" деп жазган. Себеби генетикалык иликтөөлөр боюнча кыргыздын 63% гапло-тобу R1 A1ге тиешелүү. Бул европалык расага тиешелүү гапло-топ. Азия же монгол гапло-тобуна тиешелүүсүн STR дейт.

Мисалы, казактарда улуу жүз, орто жүз, кичүү жүзгө карата өзгөрүлүп турат. Аларда 40 – 45% чейин. Кыргыздардын гапло-тобу 63%- бул R1 A1.

Бул Андрон, Пазырык археологиялык маданиятынын өкүлдөрүнө тиешелүү. "Скифтердин түздөн-түз тукуму" деген сөз да бул.

Х кылымды же V кылымды карабаш керек. Мында биздин заманга чейинки убакытка кетип атабыз. Скиф, алар аркылуу байыркы арийлердин гапло-тобу. Ошонун 63% бизде болуп атат. Индияда брахмандар деген каста бар эмеспи, ошолордо 70–80% чейин чыгат.

Эң көбү хотондордо. Булар - Монголиядагы кыргыздардын тукумдары катары айтылып жүргөндөр. Көп окумуштуулар "кыргыздын тукумдары" деп коюшат. Аларда да 70 – 80% чейин. Бизде 63%, орустарда 50%, украиндерде да ушунча.

Түрк элдеринин ичинен эң көп концентрациясы кыргыздарда гана – 63%. Муну уруу-уруу боюнча да изилдеп чыгышыптыр, саруу, саяк, сарбагыш...

Кыргыздын негизги уруулары ушул гапло-топко таандык. Дагы бир генетикалык иликтөөлөр боюнча биздин Тажикстандагы кыргыздар N1 гапло-тобуна кирет экен. Бул фин-угор элдерине тиешелүү, Шиберде гана болот. Ошол жакта 20–30% чейин биздин тажикстандык кыргыздарда 20–30% чейин бар, ушундай гапло-топ. Башка Борбор Азиядагы кошуналарда андай фин-угор N1 гапло-тобу жок. Бул Шиберден калган. Бул - менин жеке баамдоом.

"Азаттыктын" архиви: Худяков: Ысык-Көлдө жашамакмын. 23.09.2017
Худяков: Ысык-Көлдө жашамакмын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG