Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:53

БАЛБАЛДЫН МААНИ-ЖАЙЫ


Байыркы бабалардан калган балбал таштар туурасында ар түркүн ойлор айтылып келет. Бири аларды таш айкелдеp десе, кээлери балбал кадимки эле жумуру таш деп эсептешет.

Балбал таштар туурасында тарых илиминде бир беткей пикир жок. Алар жөнүндөгү маалымат Орхон-Энесай руникалык эстеликтерде камтылып, байыркы жазмакер балбалдын эмне экендигин так түшүндүргөн эмес. Руникалык жазма эстеликтерде, кайсыдыр бир кагандын эстелигине деп душман элдин өкүмдарынын балбалын орноттум деген маалымат айтылат. Мындан улам балбал байыркы түрк жазма эстеликтеринде эскерилген кадимки эле кой ташты билдиргендигин баамдасак болот. Орхон жана Энесай руникалык жазууларында “балбал” деп, кайсыдыр бир каармандын согуш талаасында өлтүргөн душманына атап орнотулган кой таш айтылат.

Кыргызстандагы илимий жана илимй-популярдуу эмгектерде балбалга башкача түшүнүк берилип, “ал байыркы түрк маданиятына тиешелүү адамдын келбети чегилген таш айкелдери делип”, жаңылыш жоромолдор жасaлып жүрөт.

Байыркы түрктөрдүн жур башчыларына багышталып орнотулган эстеликтерде: “алардын чоролорун өлтүрүп, мен (өзүм) балбал даярдадым”, “менин каган атамдын урматына (кой таштар тизмегинин) башына Баз кагандын балбалын орноттум”, - деп айтылат. Буга чейинки Күлтегин менен Билге каган эстеликтеринде жүргүзүлгөн палеоархеологиялык изилдөөлөр жыйынтыгы көрсөткөндөй, “балбал” түшүнүгү жана анын жасалыш өзгөчөлүгү таш айкелдерден кескин айырмаланат. Таш айкелдер байыркы түрк маданиятын чагылдырган искусство үлгүсү эсептелинип, анда аны уста каармандын тыш келбетин, баш кийимин, кемер жана жоо куралы сыяктуу белгилерди ташка көркөмдөп чеккен жана каармандын өзгөчөлүктөрүн таш айкелде чагылдырууга аракет жасаган.

Балбал болсо, ал өлтүрүлгөн душманга атап коюлгандыктан, ага көркөм шөкөт берүүнүн деле кажети болгон эмес. Ошондуктан байыркы түрктөрдүн журт башчыларын эскериш үчүн орнотулган монументалдуу эстеликтердин бет маңдайына адамдын колу тийбеген жана көркөмдөлүп иштетилбеген жумуру таштар коюлган. Руникалык жазууларда, айрыкча кытай жазма булактарында ачык белгиленгендей, “эгер ал бир адам өлтүрсө, анда бир таш коюлат. Айрымдардын мындай таштары, жүзгө, кээде миңге жетет”. Руникалык эстеликтердин эч биринде “балбал” аталышы көркөмдөлүп иштетилген айкел деп берилбейт жана аларда айтылган маалымат түрмөгүндө балбал деп – кодура, кой таш аркылуу душмандардын образын туюнткан мандем байкалат.

Орхон боюндагы Билге каган, Күлтегин сыяктуу Түрк каганатынын башчыларына монументалдуу эстеликтер орнотулуп, анда алардын кебете-кешпирлери так чагылдырылат. Мындай эстелик жасоо ыкмасы кийин кеңири жайылып, ал жалпы жонунан Борбордук Азияна кеңири тараган таш айкелдерге көчкөн. Таш айкелдер түрк маданиятына мүнөздүү эстелик комплексине кирет жана ал энесайлык кыргыздар арасында караманча жолукпайт.
XS
SM
MD
LG