Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Элге таарынган “Эл куту”


"Эл куту" монументинин азыркы кейпи.
"Эл куту" монументинин азыркы кейпи.

Мындан жыйырма жыл мурда Бишкектин чок ортосунан реставрация кылуу үчүн алынган “Эл куту” монументинин жагдайы кантти? Аталган скульптуралык-архитектуралык композиция 1995-жылы коюлуп, аз өтпөй анын айрым бөлүктөрү түстүү металл катары уурдалып кеткени айтылган. Калганы кайра калыбына келтирүү үчүн жыйналып алынган. Эки жыл мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында эстелик коюлган аймак башка бир жеке фирмага узак мөөнөткө ижарага берилип кеткени тууралуу сөз жүрүп, кайра унутулду.

Он жети жаштагы Нурболот Азаматов "Эл куту" скульптуралык-архитектуралык композициясы көркүнө толуп турган учурун сүрөттөн гана көргөн. Мурда эстеликтин постаменттеринде көрүнүктүү ишмерлердин жезден куюлган айкелдери бой керип турган. Азыр шаардыктарга анын мулуйган таш секичелери гана көрүнөт.

Нурболот Азаматов.
Нурболот Азаматов.

- Бул монументтин кайгылуу тарыхы унутулуп калыптыр. Мен "Фейсбукка" жазган постума карата улуу муундун өкүлдөрү кандайдыр бир маалымат менен бөлүшөт деп ойлогом. Мен бул монументти апрель айында ушул жакта сейилдеп жүрүп сүрөткө тартып алгам. Жакында "Фейсбук" баракчама ал тууралуу укканымды жаздым. Чынында өзүм коомчулуктун мындай реакция болот деп күткөн эмесмин. Постту бөлүшкөндөр болду. Маселеге депутаттар да кайдыгер эмес экенин билдим. Чет өлкөдө жашап, иштеп жаткан жаштар бул тема иликтениши керек экенин айтып жатышат. Тескерисинче, улуу муун өкүлдөрүнүн монументке кайдыгер карашканын билдим. Себеби алар бул ансамбль бүгүн эле жок болуп жаткандай мага: "Чын эле ушундай болуп калды беле? Алардын жоголгонуна канча болду? Тегерегинен видео көзөмөлдөрдү карадыңарбы?" деген суроолорду берип жатышты.

Нурболот инилери бул эстеликтин маанисин сурап калса, ага кандай жооп узатарын билбей бушайман. Ал өз улутунун тарыхына, басып өткөн жолуна, маданиятына, залкарларына кайдигер мамиле кылган улуу муун үчүн уялып турганын айтат.

“Эл куту” монументи 1995-жылы тургузулган. Автору - Эл баатыры Тургунбай Садыков. Композиция Кыргызстандын тарыхый доорунун 29 коомдук ишмеринин башын бириктирген. Алардын арасында автордун замандаштары жана өткөн мезгилде жашап кеткен коомдук ишмерлер, маданият, көркөм өнөр ээлери болгон.

Автор бул жумушту 90-жылдары өз каражатына жасап, "Манас-1000" мааракесине карата мамлекетке белек кылган. Тилекке каршы анын айрым бөлүктөрү уурдалып кеткендиктен башкаларын катып коюуга аргасыз болгонун кеп кылды:

Тургунбай Садыков.
Тургунбай Садыков.

- "Эл куту" монументи жайгашкан Жаштар аллеясын кайра жасашканда беш айкелди кесип кетишти. Бул боюнча күнөөлүүлөрдү издеп, эч кимди таба алышкан жок. Ошондуктан кайра баарын реставрацияга жыйнап алганбыз. Ошондан бери эле Бишкек мэриясы "ага кеткен чыгымды каржылайбыз" деп келет. Бирок иш такыр жылбай койду. Азыр калган скульптуралар менин өнөрканамда турат. Бешөө жетпейт. Аларды башынан аягына чейин кайра жасап чыгышым керек. Баштапкы варианты бар. Аны чоңойтуп, жезге өткөрүшүбүз керек.

Тургунбай Садыков ырайымсыздык менен талкаланган, уурдалып кеткен беш эстеликти кайра калыбына келтириш үчүн үч миллион сом каражат суралып жатканын кошумчалап, бул маселе көп жылдан бери чечилбей келгенине кейиди.

“Эл куту” монументи тууралуу сөз мындан эки жыл мурда экс-президент Алмазбек Атамбаев Жапониядан белек катары алып келген сакура көчөттөрүн отургузуу үчүн жер тандап жатканда да козголгон.

Президент башында сакураны тигүүгө Жаштар аллеясын, Турусбеков жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дал ошол “Эл куту” эстелигинин жанындагы жер тилкесин тандаган.

Маселенин баары бул жер тилкеси шаар башкармалыгына таандык болбой калып, 2007-жылы жеке менчикке өтүп кеткени тууралуу сөз чыгып, натыйжада сакура көчөттөрүн шаардын башка жеринде тигүү жөнүндө чечим чыкккан.

Бул багытта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев төмөнкүдөй маалымат берди:

- Туура, үч-төрт жыл мурда бул маселе көтөрүлүп, ошондо мэриядан анын жанында турган аймак үчүнчү жакка өткөрүлүп берилгенин билгенбиз. Бул боюнча тиешелүү органдар жыйынтык чыгарса керек. Биз "тарыхый мурастар тизмесине кирген скульптуралык-архитектуралык композицияга эч ким тийбеш керек" деген корутунду бергенбиз. Мыйзам боюнча ал жерде курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт.

"Эл куту" монументинин мурдагы көрүнүшү.
"Эл куту" монументинин мурдагы көрүнүшү.

Жолдошев "монументтер калыбына келгенден кийин кайра ордуна орнотулат" деп ишендирүүгө аракет кылды.

Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов учурда "Эл куту" скульптуралык ансамбли ээлеген 85 сотых аймак эч кимдин менчиги эмес экенин, айкелдер композициясы тарыхый мурастар тизмесине киргендиктен мыйзам чегинде мамлекет тарабынан коргоого алынганын билдирди.

"Эл куту" ансамблинде Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Атай Огонбаев, Курманжан датка, Токтогул Сатылганов, Саякбай Каралаев, Жеңижок, Барпы Алыкулов жана көзү тирүүлөрдөн Аскар Акаев баштаган инсандардын айкелдери болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG