Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Археологияга арналган өмүр


Археологиялык табылганы тазалоо.
Археологиялык табылганы тазалоо.

Тарых илиминин өзгөчө маанилүү бөлүгү болгон археологиянын учурдагы абалы тууралуу арман-асиретсиз кеп кыла албай калдык окшойт. Анын себеби деле белгилүү - илимий изилдөөлөргө бөлүнчү жарыбаган акча археологиялык казуу иштерине жетпейт.

Ага карабастан, окумуштуулар башка жактардан каражат таап, тарыхый изилдөөлөрдүн эң маанилүү ишин алдыга сүрөп жатат. Ысман Кожомбердиев - өмүрүн археологияга арнаган илимпоз. Анын илимге калтырган изин жаңы муун улантып келет.

Илим дыйканы

Ысман Кожомбердиев 1928-жылы Сузак районундагы Үч-Малай айылында төрөлгөн. Согуштан кийин Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун аяктап, 1954-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Илимдер академиясынын Тарых институтунда иштеген.

Анын археологиялык изилдөөлөрү Кетмен-Төбө, Талас, Чаткал өрөөндөрүндөгү археологиялык казууларга байланышкан. Кыргызстандын коло доорундагы жана байыркы көчмөн маданиятын иликтеп, бул боюнча бир топ эмгектерди жараткан.

Кыргыз тарыхын изилдөөнүн классикалык доорунда А. Бернштам, М. Грязнов сындуу археологдор менен илимий карым-катыш түзүп, шакирттерди тарбиялап өстүргөн. Окумуштуунун илимий эмгектери ириде конкреттүүлүгү, фактылык бай материалдарга таянган ар тараптуулугу менен айырмаланып турат.

Анын жакын шакирттеринин бири Кадича Ташбаева археологияга кантип кызыгып, Ысман Кожомбердиевдин тарбиясын алып калганын мындайча эскерди:

Кадича Ташбаева.
Кадича Ташбаева.

- Ысман агай менен 1-курстан тартып иштеп калдым. 1-курсту бүтүп, археологиялык, этнографиялык практикага барчубуз. Мен орус бөлүмүндө окучумун, жайкы археологиялык практикага жазылып койдум. Бул эми 1972-жыл, Кетмен-Төбөгө бардык. Бостек деген жердеги дөбөлөрдү казганбыз.

Сабакты жакшы окучумун, жоопкер элем, ошону агай байкаган окшойт, бир жумадан кийин мени казууларга чыкпай, казылган буюмдарды камералык иштеп чыгууга коюп койду. Эмне кылышты билбейм, алдыма бир-эки китеп таштап койду. Литвинскийдин, Бернштамдын китептери экен, ошолорду карап үйрөндүм. Ошону менен ишке киришип кеттим.

Ар бир буюмду жазып чыгыш керек. Эмне буюм, өлчөмү кандай, айрыкча карапа идиштерди жазып чыгуу кыйла убакытты алат. Экспедиция бүткөндөн кийин агай "күздө келип мага жардам бергин" деп айтты. Ал жылы күз-кыш жардам берип, жаз келгенде агай дагы экспедицияга бара тургандыгын, мени экспедицияга кошорун билдирип, беш жыл бою калбай экспедицияларга бардым. Ошентип археолог болуп калдым.

Ысман агай бирөөгө катуу айтпаган сыйлуу адам эле. Илимде жолдуу киши болчу. Казган жеринен жакшы табылга чыгып калчу. Ысман агай тапкан Кетмен-Төбөдөгү сак, гун дооруна тийиштүү эстеликтер - биздеги негизги материалдар. Бул - археологиядагы негизги материалдар, сак маданияты боюнча. Гун доору боюнча Бернштам Таласты, Кең-Колду казып көп материалдарды тапса, аны кийин Ысман Кожомбердиев улантып, аны менен эле тим болбой Кетмен-Төбөгө барып ошондой көрүстөндөрдүн он сегизин казып жатпайбы. 600 – 700 дөбөдөн көп. Ошон үчүн анын тапкан материалдары негизги болуп эсептелет.

“Ысман агай болгондо”

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун ага илимий кызматкери Людмила Ведутова көп жылдар бою Ысман Кожомбердиев менен чогуу иштешкен.

- Эң алгач баамга урунган касиети - Ысман Кожомбердиев абдан боорукер киши эле. Адамга жакшылык кылсам деген кенен киши болчу. Иш дегенде баарын унутчу. Мен өзүм Кожемяконун шакиртимин. Университетти аяктарым менен ишке келсем ал киши каза болуп калды. Мен анан Ысман Кожомбердиевдин колуна келип калдым. Жаңыдан окууну бүткөн, баарына кызыга берген, суроодон тажабаган кызык кыз элем. Ысман агай анымды түшүнүп, илим сырларын бизге тааныштыра баштады.

Кайсы бир археологиялык буюмду алганда аны шашпай кадала карап, аяк-быягын шыкаалап, эч шашпай, анaн бүтүм чыгарчу. Чыныгы окумуштууга таандык сапат ушул.

Ал кишинин өзгөчөлүгү - бардык ишке чыгармачылык менен мамиле кылганы болчу. Кайсы бир археологиялык буюмду алганда аны шашпай кадала карап, аяк-быягын шыкаалап, эч шашпай, анaн бүтүм чыгарчу. Бизде деле шашмалар толтура. “Аа, болдучу” деп таштап коёт. Кожомбердиев андай эмес эле. Археологиялык буюмдун ар бир деталына баам салып, ойлонуп, шек санап, болжолун шак эле айтып ийбей, кыйлага отурчу. Чыныгы окумуштууга таандык сапат ушул.

Ошондонбу, ал кандидаттык диссертациясын да кечирээк жактады. Материалы аябай көп болчу. Баарын салыштырып чыкты. Анда азыркы биздегидей шашылып жазып, чыгарып ийүү жок болчу. Ысман Кожомбердиев ишке аябай тыкан окумуштуу эле. Биз ал кишини көп эстейбиз. Кайсы бир маселе чыгып калса эле “Ысман агай минтип чечмек, Ысман агай минтмек” дейбиз.

Археология - тарыхтын өтө эле кымбатка турчу тармагы. Археологиялык экспедиция уюштуруу, ага илимпоздор менен жумушчу күчүн тартуу, түйшүгү бир топ ишти уюштуруу, чогултулган материалды бөлүштүрүү, мезгилин аныктоо, сыпаттап жазып чыгуу сыяктуу толгон-токой жумуштарга кайыл болуп, ушул багытка баш байлагандар кийинки кездери чыкпай деле калды.

Ысман Кожомбердиев.
Ысман Кожомбердиев.

​Археология боюнча кандидаттык диссертация мына жакында Бишкекте жакталды. Илимге карата ичим тап мамиленин айынан археологиялык экспедициялар уюштурулбай деле калды. Тек айрым чет элдик сүрөөнчү-демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурулган андай иштер маалы келгенде башталып, программа соңуна чыккандан кийин токтолуп калары бышык го.

Ысман Кожомбердиевдин изилдөөлөрү кыргыз археологиясы кенен канат жайып, тарых илимине жетиштүү каражат бөлүнүп, нукура илимий ачылыштардын арааны жүргөн кезге туш келген. Ушул ыңгайда анын Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү археологиялык экспедицияларын ийгиликтүү деп айтса жарашат. Токтогул көлүнүн алдында калчу тарыхый эстелик дөбөлөрдү казуу, коло, байыркы кыргыз тарыхына тийиштүү бай материалдар Ысман Кожомбердиевдин аракети, жетекчилиги алдында жасалган иштердин жыйынтыгы катары тарых илимине кирди.

Людмила Ведутова ушу тапта баары акчага байланып, археологиялык иштер унутта калганына нааразы экенин жашырган жок.

- Билесизби, баары акчага байланышкан. Муну радиого айтсаң айрымдар капа болушат: "Эмнеге жарыя кыласың?" деп. Археология - биринчи иретте, казуу. Бул оголе кымбатка турчу жумуш. Машине табыш, жумушчуларды алып келиш, аларды тойгузуш... Тоодо кайсы ашкана? Ашпозчуну жалдаш керек. Биз азыр эч кандай акча албайбыз. Жалгыз тыйын. Маселен, Казакстанда ар бир сезондо миллион теңге алышат. Биз болсо аларга суктанып тим болобуз. Совет мезгилинде айтылчу эмес, азыр кайсы жакты караба, эстеликтер. "Көчмөндөр маданиятын ачасың" деп Бернштам жогоруда отургандардан жеме уккан. Аны аябай тепкилешкен. Бизде "археологиялык эстелик, көчмөн доор дейбиз, көчмөндөр" дейбиз.

"Кыргызстандын тарыхын жаңыча жазыш керек" деп атышпайбы. Биз деле ошону каалайбыз.

Мына биз турган шаардын асфальтын дагы тереңдетип казсаң, орто кылымдагы шаардын калдыктарын табасың. Эртеги орто кылым, көчмөндөрдүн көрүстөндөрү, коло доору, биздеги Ренессанс жалаң эстеликтерден турат. Совет кезинде, билесиз, бул ачык айтылчу эмес. Себеби борбор алыста турчу, биз анын чет жагы болчубуз. Эми ал болду, кетти. Азыр бул ишти жандантыш керек эле. "Кыргызстандын тарыхын жаңыча жазыш керек" деп атышпайбы. Биз деле ошону каалайбыз. Бирок жаңыча көз карашты бере турган тарыхый негиз берчү материалдарыбыз болушу керек го?

"Көчмөндүк доор" деп жалпысынан аталган кыйла мезгил-мейкинди камтыган кубулуштун мурда илимге белгисиз көп жактары аз-аздан ачылууда. Аны археологиялык казуу, археологиялык материалдар аркылуу гана ырасташ керек. Буга чейинки тарыхый изилдөөлөрдө ачылбай кеткен, болбосо үстүртөн сыпатталган учурлар жаңы замандын тушунда дагы терендетилип, кенен изилдениши илимий ойлоонун өнүгүшүнүн өзү талап кылууда. Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди бузуп-талкалоо, эстелик таштардын бетиндеги азыркы жазууларды айтпаганда да, кыргыз археологдорунун ири табылгасы болуп эсептелген тарыхый эстеликтин жерге берилиши адистердин каршылыгына карабай жүзөгө ашырылбадыбы.

Өмүрүн археологияга жумшаган Ысман Кожомбердиев алтымыштан ашуун илимий эмгектерин жарыялаган. Айтылуу археологдун кыргыз тарых таануусуна кошкон салымын орусиялык белгилүү окумуштуу Юлий Худяков мындайча белгиледи:

Юрий Худяков.
Юрий Худяков.

- Акыйкатта да анын илимге кошкон салымы өлчөмсүз. Мага анын Кең-Кол маданиятын изилдөө боюнча эмгектери жакшы тааныш. Бир кезде мен да ушул темага кызыккам. Биз бул тема боюнча биргелешип илимий макалаларды жазганбыз, аскер иштери, курал-жабдыктар боюнча. Мына ушул маданият кыйла өнүккөн, аны дөбөлөрдө калган эстеликтерден көрүүгө болот. Бул анын эмгегинин, археологиялык казуулардын жыйынтыгы. Ысман Кожомбердиев бул багытта көп иштерди жасаган. Кожомбердиевдин археологияга кошкон салымын иликтеген илимий ишти жазууну мен аспиранттарымдын бирине сунуш кылгам. Кең-Кол маданиятына тиешелүү аскер жабдыктарын изилдөөгө эмне үчүн болбосун? Анын кошкон салымы ушунда гана кенен ачылат.

Ысман Кожомбердиевдин илимий эмгектеринин баасы мезгил өткөн сайын жогорулап, маани-мазмуну артууда. Учурунда идеологиялык утурумдук кызыкчылыкка байланбай, нукура илимий жолду тандап алган окумуштуунун жасаган эмгектеринин баасын мезгил өзү берип жатат.

Анын илимий кызыкчылыгын арттырган археологиянын учурдагы абалын кризис тушап, татаал, бирок маанилүү кесипти тандап алгандардын аракети менен биротоло кургуйга кулап кетпей кармалып турат.

Жакын арада илимий изилдөөлөргө жетиштүү дегидей каражат бөлүнсө археологияга да көңүл буруларына археологдор үмүт артып, келечекке ишеним артып олтурушат. Ысман Кожомбердиев из салып кеткен маанилүү илим унутта калбай өнүгүшү керек. Ансыз тарыхый изилдөөлөрдүн маани-мазмуну жоголот.

"Азаттыктын" сынагы: Элеттик аксакалдын илимге кошкон салымы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG