Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Жалал-Абаддагы жаңжалдуу үйлөр


Жалал-Абаддагы мыйзамсыз деп табылган имараттардын бири.
Жалал-Абаддагы мыйзамсыз деп табылган имараттардын бири.

Жалал-Абад шаарынын аймагында курулушка уруксат кагаздары жок башталган көп кабаттуу беш үйдүн курулушун токтотуу боюнча прокуратурага, сотко кайрылуудан азырынча майнап чыга элек.

Жеке ишкерлер курулушту улантып, бүтө элек үйлөрдүн батирлери азыртан сатыкка чыга баштады. Мэрия курулуштун баарына шаар ичинде жайгашкан аэропорт тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук аймак аралык башкармалыгы Жалал-Абад шаарында салынып жаткан көп кабаттуу беш үйдүн курулушун быйыл май айында эле мыйзамсыз деп тапкан. Мекеме алардын курулушун токтотуу жана тургузулуп калган дубалдарын бузуу менен жерди калыбына келтирүүнү суранып район аралык сотко кайрылды. Бирок район аралык сот бул ишти кароодон баш тартып, азыр ал облустук сотто каралууда.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Болотбек Узакбаев курулуштардын баарына ишкерлер тийиштүү кызматтардан уруксат алышпаганын айтты:

Болотбек Узакбаев.
Болотбек Узакбаев.

«Шаар аймагында салынып жаткан көп кабаттуу беш турак жайдын курулушу эки эле маселе менен мыйзамсыз болуп турат. Биринчиси – «Аба кодексине ылайык аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр аралыкта курулуш болбосун» деген норма, экинчиси – «темир жол линиясынан 100 метр аралыкта жайгашууга тийиш» деген эреже. Ушунун айынан шаардагы 60% курулуштар болбой жатат десек болот. Азыр курулуш жүргүзүп жаткан жеке ишкерлерге каршы шаардык прокуратура сотко кайрылган, анын кароосунда жатат. Мисалы, Мамыр Баатыр көчөсүндөгү «Дост Курулуш» компаниясы салып жаткан 9 кабат үйдүн учурда жетинчи кабатынын каркастары тургузулуп калды. Көк-Арт кичи районундагы Жаштык көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдүн жогорку кабатында курулуш иштери жүрүп жатат. Б.Осмонов көчөсүндө «Роял Строй» куруп жаткан 9 кабаттуу үйдүн биринчи кабатында курулуш жүрүп жатат. Ал эми Мамыр Баатыр көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдүн чатыры жабылып, Жеңижок көчөсүндөгү беш кабаттуу турак жайдын каркасы толугу менен бүткөрүлгөн. Бул курулуштардын бирине да курулуш иштерин баштоого архитектура органдары уруксат берген эмес».

Мыйзамсыз деп эсептелип жаткан курулуштардын катарында шаардын Бекмамат Осмонов көчөсүндө «Роял Строй» компаниясы куруп жаткан 9 кабаттуу турак жай комплекси да бар. Курулушка Жарандык авиация агенттиги жана архитектура башкармалыгы макулдук берген эмес. Бирок азыр мында турак жайдын 20% жумуштары бүтүп калды. Курулушту жүргүзүп жаткан компаниянын директору Зарыл Маматов буларды айтты:

Зарыл Маматов.
Зарыл Маматов.

«Кыргызстандагы үй курууда көпчүлүк учурда документ иштери курулуш аяктаган соң жасалат. Бишкекте бир топ курулуш иштерине аралашып жүрүп ага күбө болдум. Бизде да азыр ошондой абал жаралып жатат. Курулушту токтотууга болбойт, анткени биз жумушчуларды жалдап алып, батирлерди азыртан сатууга чыгарып жатабыз. Өз убагында аяктап, кардарларга тапшырбасак өзүбүз акы төлөп калышыбыз мүмкүн. Анын үстүнө бардык курулуш материалдарын сатып алып, жумушчулар менен да келишим түзүп койгонбуз. Бирок соттук иштерге байланыштуу курулуш орто ылдамдыкта жүрүп жатат десек болот. Тийиштүү кызматтар, анын үстүнө прокуратура бут тосууну токтотуп, ишкерлерге колдоо көрсөтсө дурус болмок. Жалал-Абад аэропорту курулушка тоскоолдук кылып жатат. Бул маселе жакынкы күндөрү оң жагына чечилет деген үмүттө турабыз».

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы шаардагы көп кабаттуу беш үйдүн курулушу өзүм билемдик менен салынып жатканын аныктап, мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча сотко кайрылган. Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Жаркынай Азиева иштер учурда соттун кароосунда экенин кабарлады:

«Шаардын Мамыр Баатыр (мурунку Курулушчулар) көчөсүнүн №122 кварталындагы «Дост Курулуш» жана «Аманат» курулуш компаниялары, Жаштык көчөсүндө «Дост Курулуш» куруп жаткан көп кабаттүү үйлөрдү бузуу жана мүлкүн камакка алуу боюнча шаардык прокуратуранын Жалал-Абад район аралык сотуна берген май айындагы доо арызы четке кагылган. Прокуратура бул багытта облустук жарандык иштер боюнча соттук коллегияга апелляция менен кайрылган. Ошондой эле шаардык прокуратура Бекмамат Осмонов көчөсүндө «Роял Строй» компаниясы, Жеңижок көчөсүндө жеке ишкер Б.Маматов куруп жаткан, Мамыр Баатыр көчөсүндөгү А.Бримкуловага таандык ишкана куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү бузуу жана мүлкүн камакка алуу боюнча өтүнүчүн Жалал-Абад шаардык соту толугу менен канааттандырган. Бирок жеке ишкерлер ага макул болбой, кийинки инстанцияга даттанышкан. Бул боюнча да соттук териштирүү иштери жүрүп жатат».

2016-жылы өзгөтүлгөн Аба кодексине ылайык Жалал-Абад шаарынын аймагында салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр жана курулуштар аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр алыстыкта болушу керек экендиги белгиленген. Ошондуктан «авиация эрежелерине каршы келет» деген негизде Жарандык авиация департаменти шаардагы эч кайсы курулушка уруксат берген эмес. Департамент директору Курманбек Акышев кодекске кайрадан өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин кеп кылды:

Курманбек Акышев..
Курманбек Акышев..

«Аба кодексине кайрадан өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биз өкмөттүн кароосуна жөнөткөнбүз. Анда Кыргызстандагы аэропорттордун ар биринин өзүнчө бекитилген эрежелери болууга тийиш. 2016-жылы өзгөртүлгөн кодекске ылайык Баткен, Жалал-Абад шаарларында курулуш иштерине тоскоолдуктар жаралып жатат. Ошол себептүү биз аймактын өзгөчөлүгүнө жана шартына жараша учуп-конуу тилкесиндеги радиусту 2 миң метрден 500 метрге чейин кыскартуу жөнүндө сунуш киргизгенбиз. Анткени Жалал-Абаддагы ишкерлерден шана жергиликтүү бийликтен бул багытта бизге бир топ кайрылуулар келип жатат. Мекеме аралык комиссия карап чыкса эле бул маселе чечилет».

Ишкерлер тийиштүү мамлекеттик органдардын эскертүүлөрү мыйзамсыз экендигин айтып, курулуш иштерин токтотуудан баш тартышууда. Бул багытта алар бийлик өкүлдөрүнө кайрадан кайрылганы жатышат. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына караштуу аймактык инвестициялык кенештин катчылыгынын башчысы Бакыт Борошев шаар аймагында облустук прокуратура үчүн салынып жаткан үч кабаттуу имараттын мыйзамдуулугу да маселе жаратып жатканын эске салды:

«Жалал-Абадда шаардык жана облустук прокуратура ишкерлерге бут тосуп атат. Президенттин ишкерлерди колдоо саясатын булар башкача жүргүзүүдө. «Шаарды өнүктүрөлү, көп кабаттуу үй салалы» деген пландардын аткарылышына тоскоолдук кылып жатышат. Облустук прокуратурага Нефтичилер көчөсүндө курулуп жаткан үч кабаттуу имараттын салынышына Жарандык авиация департаменти уруксат бербептир. Анткени ал курулуш да авиация эрежелерине каршы келсе керек. Ушул жылдын май айында департаменттен менин катыма «облустук прокуратуранын имаратынын курулушуна уруксат алынган эмес» деген жооп келди. Шаардык прокуратурага кайрылсам «баары мыйзамдуу» деп жооп берип жатышат. Облустук прокуратурага жөнөткөн катымдан жооп жок. Мыйзам ишкерлерге гана иштеп, көзөмөл органы өзү аны бузса мыйзамдуу боло береби? Мындайча айтканда бир эле мыйзам эки түрдүү иштеп жатканы өкүнүчтүү».

Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы прокуратура кызматкерлери үчүн курулуп жаткан имаратка архитектуралык пландоо шарттары 2017-жылы алынганын, ошол себептүү курулуш иштери мыйзамдуу жүрүп жатканын билдирет.

Жалал-Абадда прокуратура үчүн салынып жаткан имарат.
Жалал-Абадда прокуратура үчүн салынып жаткан имарат.

Шаар аймагында азыр 300гө жакын көп кабаттуу үй бар. Алардын эң алды 1950-жылдары курулуп, эскилиги жеткен. Акыркы жолу шаарга 2010-жылдан кийин түзүлгөн мамлекеттик дирекция беш кабаттуу үйлөрдү салган. Жеке ишкерлер тарабынан үй салуу иштери жакынкы эки жылдан тартып жүргүзүлүп келатат.

Жалал-Абад шаарында курулушу эки жыл мурда аяктаган 70 батирлүү, көп кабаттуу эки үй да эмгиче пайдаланууга бериле элек. Аэропорттун жанына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн салынган турак жай «авиация эрежелерине каршы келет» деген негизде пайдаланууга берилбей токтотулуп турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG