Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ат майдандын мүлкү талашка түштү


“Ак-Кула” ат майданы.
“Ак-Кула” ат майданы.

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданынын айланасында жашаган 30га жакын үй-бүлө турак жайын тарттырып жиберүүдөн кооптонуп жатат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, алар жашап жаткан жатакана жана үй салып алган жерлер убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Бишкек шаарынын тургуну Касиет Абдраева 15 жыл мурун “Ак-Кула” ат майданынын жатаканасынан бөлмө сатып алган. Ал турак жайынын документтери жайында экенине карабай балдары менен андан чыгып калуу коркунучунда турганын айтып берди:

Касиет Абдраева.
Касиет Абдраева.

- Сот болуп жатканын биз билген эмеспиз. Былтыр сентябрдан баштап эле бул иш жарандарга түздөн-түз таасир эте баштаганда гана бизди сотко чакырышты. Биз бул жерди басып алган эмеспиз да! Мен үйдү документи менен мыйзамдуу сатып алгам. Бирок мунун баарын прокуратура жокко чыгарып, аны мамлекетке кайтарууга аракет кылып жатат. Үйүмдү тартып алса мен кайда барам? Балдарым менен үйдөн чыкпайм! Бара турган жерим да жок.

Азыр ушундай эле маселе менен ат майдандын айланасында жашаган баш-аягы 30дай түтүн баш оорутуп турган кез. Алардын 15ке жакыны ипподромдун убагында менчиктештирилип кеткен жатаканасында жашаса, калган 15и “ат майдандын жери” деген аймакка там салып алгандар. Термечиков жана Гагарин көчөлөрүндө жайгашкан бул объектилер колдон колго өтүп, көпчүлүк жарандар азыр үчүнчү ээси катары турат. Алар маселени чечип берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык акциясын уюштурушту.

Азамат Осмонов.
Азамат Осмонов.

- “Кызыл китебибиз”, бардык документтерибиз бар. Ленин райондук соту, Ленин райондук прокуратурасы мунун баарын карабай, конституциялык укугубузду тебелеп жатат. Жерге Бишкек мэриясы чечим чыгарып берип, Мамлекеттик каттоо кызматы каттаган. Биз сатып алуучубуз да! Булар болсо мыйзамдарды бузуп, документтерди жокко чыгарып атышат. Башкача айтканда мамлекет рейдерлик жол менен элдин турак жайын басып алып атат. Мамлекет мыйзам менен иштейби же кылмыштуу топ болуп кеткенби?,- деди акцияга чыккандардын бири Азамат Осмонов.​

Бул маселенин түйүнү 1997-жылга барып такалат. Ошол жылы мамлекеттин карамагындагы "Ак-Кула" улуттук ат майданы "Ак-Кула" акционердик коому болуп түзүлгөн. Анын 80 пайыз үлүшү эмгек жамаатына берилип, калган 20 пайызы Айыл чарба министрлигинин карамагында калган.

Бул ишти Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы 2011-жылы иликтей баштап, акционерлештирилген ат майданды Айыл чарба министрлиги 1998-жылы мыйзамсыз сатып жибергенин аныктап чыккан. Ушундан улам райондук прокуратура ат майданды жеке менчиккке сатуу тууралуу келишимди мыйзамсыз деп табуу боюнча сотко арыз берген.

2017-жылы Жогорку сот “Ак-Кула” ат майданына ээлик кылган тараптын менчик укугун жокко чыгарып, ал толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева ат майдан боюнча прокуратура прокурордук чара катары сотко арыз бергенин белгилеп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- Жер кодексине ылайык сөз болуп жаткан курулуштар мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Себеби, ат майдан Кыргыз Республикасынын маданий жана тарыхый мурасы болуп эсептелет. Анын үстүнө ипподром Бишкекте ат оюндарын өткөрө турчу жалгыз гана жер. Ат майдан мындан бир нече жыл мурун одоно мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткен. Прокуратура болгону Жер кодексинин жоболорунун сакталышын камсыз кылып жатат.

“Убагында мыйзамсыз менчиктештирилген” деп мамлекетке кайтарылган жатакана менен жерлерди сатып алган жарандар үйлөрүн бербей турганын айтып жатышат. Алар кароосуз калган жатакананы сатып алып өз каражатына оңдошконун, ал эми жер алгандар ал аймакты тазалап, үй салып алышканын билдиришти.

Нааразы тараптын дагы бир өкүлү Алик Бейшеналиев “Бишкек мэриясы элди сүрүп чыгып, ипподромдун аймагына көп кабаттуу үйлөрдү салат” деген сөздөрдү уккан.

- Биздин жактоочубуз “долбоорду өз көзүм менен көрдүм. Бул жерге көп кабаттуу үйлөр түшөт экен” деп айтты. “Маселеси чечилип калыптыр, керек болсо ипподромду башка жака көчүрөт экен” деди. Булар такталбаган маалымат, бирок ушундай сөздөрдү уктук. Анда эмне үчүн “ат майданды реконструкция кылабыз” деп жерди талашып жатышат? Бул акчасы бар, бийликте отурган кишилердин эле кылып жаткан иши го деп ойлоп атабыз, - дейт ал.

Бирок бул маалыматты Бишкек шаарынын мүлк башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Иманакун уулу четке какты. Мэрия “жарандар турак жай куруу боюнча Бишкек шаарынын архитектурасынан уруксат алган эмес, үйлөр эксплуатациядан да өтпөгөнү аныкталган” деп билдирди. Жыйынтыгында сот жарандардын колундагы “кызыл китебин” жокко чыгарган. Талантбек Иманакун уулу мамлекет аларга башка жер бөлүп бере албасын да ачык айтты:

- Мыйзам боюнча эгер учурунда бул жерди элге мамлекет бөлүп берген болсо, мамлекет жарандар менен тил табышып, кайра ошол жерге тете болгон башка аймактан жер бөлүп берүүгө туура келмек. Бирок бул жерлерди убагында мыйзамсыз менчиктештирип алгандар элге сатып жиберишкен. Ал эми мыйзамда “жерди кайсы жарандан сатып алган болсо, ошол кишиден сот аркылуу өндүрүп алыш керек” деп көрсөтүлүп турат. Бул жерде мэриянын эч кандай тиешеси жок.

"Ак-Кула" улуттук ат майданы "Ак-Кула" акционердик коому болуп түзүлгөндө анын биринчи директору Тынчтыкбек Акматбаев деген адам болгон. Ал тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев болсо элдин маселесин чечип берүү аракети көрүлүп жатканын айтты:

Нурдин Тынаев.
Нурдин Тынаев.

- Акимиатта тургундар менен ушул жумада жолуктук. Жалпысынан 100гө жакын киши келди. Ошол жактагы 14 жердин ээси документтерин толуктап, Бишкек шаарынын мүлк башкармалыгына тапшырат. Андан тышкары, төрт кабаттуу жатаканада жашагандар да документтерин даярдап жатышат. Алар бардык документтерин шаардын мүлк башкармалыгына жибергенден кийин аларды карап чыгып, бир чечимге келебиз.

"Ак-Кула" ат майданы мамлекетке өткөрүлгөндөн кийин мурда анын карамагында болуп, кийин кертилип сатылып кеткен жер тилкелери, майда курулуштар жана атканалар сыяктуу 22 объект боюнча соттук териштирүүлөр башталган.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда азыр анын 15и алынып, жетөө боюнча азыр деле соттук иштер жүрүп жаткан кези. Ат майдандын жалпы 51 гектар жери мамлекетке кайтарылып, учурда 1,5 гектар жерди алуу аракети болуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG