Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:35

Ишкерлер: Кооптонуу көп, өкмөткө ишеним аз


Кыргызстандагы кен иштеткен компаниялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы бизнес ассоциациялар жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун ишканаларын басып алуу аракеттери уланып жатканын айтып чыкты. Алар ошондой эле башка өлкөлөрдөн товар ташып келүү такыр мүмкүн болбой калганына даттанышты.

Саясий кризистен кийин бийликке келген жаңы өкмөт бизнестин коопсуздугу камсыз болорун, аларды колдорун белгилеп жатат.

Кооптонуу жана убада

Ишкерчиликке байланыштуу көйгөйлөр өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 23-октябрдагы чукул отурумунда маалымдалды.

Бул жолку жыйынга президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров катышып, жаңы бийликтин экономикалык саясаты жөнүндө кеп козгоду. Ал мамлекет инвесторлорду, жалпы бизнес коомчулугун коргойт деп ишендирүүгө аракет кылды.

«Биринчиден, өзүңөр билгендей, бул аптада мен расмий түрдө экономикалык мунапыс жарыяладым. Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат. Экинчиден, ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтотулат. Бүгүнкү күндүн башкы милдети – ишкерлерди колдоо, коргоо жана инвесторлордун ишенимин кайтаруу. Экономисттердин болжолу боюнча, экономиканын төмөндөшү 6 пайыздын тегерегинде болжолдонууда. Ошондуктан ар бирибиз экономикабызды көтөрүүгө жапа тырмак жардам беришибиз керек деп ойлойм. Жылдын аягына чейин кырдаалды оңдоп, экономикалык активдүүлүктү жакшыртабыз деген ниеттемин. Биз бизнести криминал жана ыплас аткаминерлерден коргойбуз!», - деди ал.

Жапаров андан ары ишкерчиликке тоскоолдук жараткан бюрократиялык ченемдерди жок кылуу, аларга жеңилдиктерди берүү, коргоого алуу боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарына тапшырма бергенин айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу ошондой эле өлкөдөгү саясий башаламандыктардан кийин инвестициялык ишканалардын мүлкү талкаланганын айтып, мындан ары мыйзамсыз аракеттерге жол берилбей турганын кабарлады. Ал өлкөдөгү абал туруктуу болгонуна, инвесторлорго ачык экенине да токтолду. Бирок Жапаров өзү катышуучулардын бир-эки сөзүнөн кийин отурумдан чыгып кетти.

Бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү өлкөнүн жаңы лидеринин мындай сөзүнө карабай чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор ишин улантуудан кооптонуп жатканын белгилешти.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жыйында буларга токтолду.

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

«Биринчиден, аз күн мурда окуяларда жабыр тарткан ишканалардын ишин жандантууга шарт түзүү керек. Мына эки апта өтсө да аларга эч кандай шарттар каралган жок. Алар менен күн сайын сүйлөшүп жатабыз, компаниялар эртең кимдир бирөө кирип келеби деп кабатыр. Ошондуктан алар ишин баштабай турушат. Болбосо ишти баштаганга ресурстары жетиштүү. Аларга дайыма иштей турган сакчылар керек, жергиликтүү элге өкмөттүн жетекчилигинин деңгээлинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Керек болсо Садыр Жапаров өзү да видео кайрылуу жасап, саясий кризиске карабай компанияларды колдоо зарылдыгын айтып коюшу керек. Болбосо ишканаларга ушул күндөрү да белгисиз адамдар келип, шайлоого чейин иштебей туруусун талап кылып жатышат. Бул деген аларга күн сайын чыгым алып келет, ошол убакта бюджетке түшчү салыкты кыскартат. Экинчиден, бизде өкмөт алмашкан сайын бизнести текшерүүлөр күчөйт эле. Азыр да бюджетти толтуруу үчүн укук коргоо органдары текшерүүлөрдү көбөйтүшү мүмкүн деп кооптонуп турабыз».

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган. Алардын өкүлдөрү Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Бирок алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес.

«Рейдерлик аракеттер токтой элек»

Соңку форумда сөз алган Кичи ГЭСтер ассоциациясынын президенти Эльвира Боромбаева да ушул маселеге кайрылып, ал тургай конкреттүү сандарды келтирди.

Дамира Дөөлөталиева.
Дамира Дөөлөталиева.

«Рейдерлик басып алуулар жөнүндө айтсам, мындай көрүнүштөр азыр да уланып жатат. Токтогон жок. Жеке мен өзүм эле 50дөй ушундай аракет болгонун билем. Ишкерлер эмне айла кыларыбызды билбей калдык. Анткени мамлекеттик органдар менен муну чече албай жатабыз. Балким эми чечилет деген үмүтүбүз бар. Менимче бул жерде так бир алгоритм керек окшойт. Себеби алар бир гана Бишкекте же Чүй облусунда эле эмес, бардык аймактарда катталууда. Бул рейдерлик аракеттердин бардыгы, дээрлик 100% жазасыз калды. Бул боюнча прокуратурада бир да иш катталбаптыр деген кабар алдык. Болбосо ал кылмыштар дале уланууда. Белгисиз адамдар басып алганы келгенде ишкер эмне кыларын билбей, өзү менен өзү калып жатат. Бир ишкерди эртең менен уурдап кетип, шаар сыртына алып чыгып кыйнашып, ишканасын өздөрүнө жаздырып алуу үчүн кечке чейин аракет кылышкан. Керек болсо ушул факты да иликтенбей калды».

Мындан кийин жаңы бийликтин атынан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков бул темага кайра кайрылып, ишкерлердин коопсуздугу өкмөттүн күн тартибинде биринчи орунда турарын айтты. Ал рейдерлик боюнча фактыларды күч органдарына берүүнү өтүнүп, алар териштирилерин убада кылды.

Башкы прокуратуранын ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Арсланбек Мурзаев болсо бир топ факты иликтенип жатканын ортого салды.

«Ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттердин өзү боюнча алсак, 24 кылмыш фактысы жана сегиз жорук катталды. Мунун баары боюнча сотко чейин өндүрүш башталды. Прокуратура кызматкерлери тарабынан тийиштүү көрсөтмөлөр берилди, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жеринде тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн топтор түзүлгөн, мындай аракеттерге баргандар жана ага жол бергендер жоопко тартыларына ишендирип кетебиз. «50 факты» деп айтып кеттиңиз, кошумча маалыматтар болсо бизге алып келиңиз», - деди ал.

Куулган бийлик, куураган инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:50 0:00

«Товар ташып келүү машакатка айланды»

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн береги жыйындын күн тартибинде бир гана маселе – «экономиканы турукташтыруу, ишкерлердин укуктарын жана мүлкүн коргоо боюнча чаралар» коюлду.

Кеңештин катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов катышуучулардан кыска мөөнөттүү көйгөйлөрдү гана айтууну суранып жатты.

Ошол себептүү айыл чарба, балык чарба, өндүрүш, кайра иштетүү, зергерчилик, финансылык сектор, кен иштетүү жана башка тармактардагы азыркы кырдаалда жаралып жаткан тоскоолдуктар сөз болду. Мунун ичинде салык жана бажы органдарындагы, чек арадагы жана кызмат көрсөтүүдөгү мезгилдүү алешемдиктер козголду.

«Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Кытайдан товар ташыган кыргызстандык ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалга түшүп калганын айтты.

Дамира Дөөлөталиева.
Дамира Дөөлөталиева.

«Мен бир эле маселе коём - кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги автоунааларга коюлган чектөө. Буга эмне себеп болгонун билбейбиз? Бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен азыр күнүнө бештей гана машине өтүп жатат. Кытайдан күткөн товарлары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, бизнесин токтотуп жатат. Ушуну менен ишкердик сезон төртүнчү ирет үзгүлтүккө учураганы турат. Биздин чыдамыбыз түгөндү. Миңдеген ишкерлердин өтүнүчүн силерге жеткирип коёюн – биз мындан ары салык төлөй албайбыз. Тилекке каршы, ушундай. Ошондуктан тез арада Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана башка тийиштүү органдар катышкан комиссия түзүп, керек болсо Кытай тараптын алдына барып, ишкерлердин товарын алып өтүүгө жардам бериңиздер», - деди ал.

"Дордойдун" соодагерлери өкмөткө таарынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:17 0:00

«Евразия бизнес клубу» ассоциациясынын өкүлү, ишкер Уран Ниязалиев да бажыга байланыштуу маселелерди көтөрүп, аткезчилик темасы өзгөчө актуалдашканына көңүл бурду.

Уран Ниязалиев.
Уран Ниязалиев.

«Аткезчилик деп баарыбыз айтып жатабыз. Бирок юридикалык жактан ал үчүнчү өлкөлөрдөн мыйзамсыз товар ташып келүү болуп калып жатат. Ошол эле учурда Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн келген мыйзамсыз товарлар жөнүндө унутуп калдык. Тилекке каршы эсепке алынбаган эбегейсиз товар мына ушул өнөктөш мамлекеттерден келип жатат. Ошондуктан биз дагы кандайдыр бир чара көрүп, өзүбүздүн атамекендик өндүрүүчүлөрүбүздү коргошубуз зарыл. Жергиликтүү өндүрүүчүлөргө мурда колдоо болгон деп айта албайм, бирок пандемиядан кийин аларсыз жашай албай турганыбызды түшүндүк окшойт. Бизге эч ким дан азыгын, ун берген жок. Келгиле аткезчиликти, мыйзамсыз товар ташып келүүнү кескин токтотолу».

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш 2010-жылы түзүлгөн. Кеңеш жылына эки-үч жолу жыйын өткөрүп ишкерлик жана инвестиция тармагындагы маселелерди талкуулап турат. Анын курамына өкмөт мүчөлөрү, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, ишкерлер жана эксперттер кирет.

Кеңештин жыйыны бул жолу өлкөдөгү кырдаалга карабай чукул өткөрүлүшүн жана ага «эки чылбыр, бир тизгинди колго алган» Садыр Жапаровдун өзү келип катышуусун адистер абалдын оордугу менен байланыштырууда.

Анткени 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстандын экономикасы 6-7% артка кетти. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) мурдараак төмөндөө бул жылы 10% болот деп болжолдогон. Ушундай шартта бизнестин иши дагы начарласа, анда бюджет кемийт. Ансыз да казынанын быйылкы дефицити 28-30 млрд. сом деп белгиленген жана ал көбөйүшү ыктымал.

Экономист Марат Мүсүралиев кепке кошулду:

«Садыр Жапаров жыйынды чукул арада өткөрүү жана анда сөз сүйлөө менен «инвесторлор мен силерге гарант болуп берем» дегендей ишарат берип, кырдаал турукташканын көрсөткүсү келип жатат. Бирок биринчиден, ошол эле компанияларга кол салгандар жазаланбаса, чет элдик компаниялардын кырдаал жакшырганына ишеничи оңолбойт. Экинчиден, эртерээк турукташуу үчүн президенттик жана парламенттик шайлоолор тезирээк өтүп, толук мыйзамдуу талаага кайтып келиш керек эле. Азыр Конституциялык реформалар өтөт, анан андан ары дагы канчага созулабыз бүдөмүк болуп турат. Ушул жагдайлар да ишкерлерди кабатырга салууда. Ошол себептүү азыр экономиканын мындан ары абалы боюнча айтуу кыйын болуп турат».

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коом 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү,парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG