Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Өрдөк этинин чуусу кайра жанданды


Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов.
Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов.

Өрдөк этине байланышкан чырда аты аталган мурдагы аткаминерлер Бактыбек Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев камалды.

Алар аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселени оңунан чечип берүү жөнүндө убада берип жеке ишкерден ири өлчөмдө пара алган деп шек саналууда. Ал эми эксперттер акыркы кармоону коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы үлгүсү катары баалоого азырынча эрте экенин белгилешет.​

Көйгөй жараткан өрдөк эти

Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев 19-октябрда кармалган. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов алар тергөө абагында экенин билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Жазык кодексинин 325-беренесинин («Пара алуу») деген негизинде сотко чейинки териштирүү башталды».

Жамгырчиев менен Калмуратовдун аты-жөнү 2018-жылы Кытайдан аткезчилик жол менен келген өрдөк эти боюнча козголгон кылмыш ишинде аталган. УКМКнын басма сөз кызматы алар ошол иштин негизинде колго түшкөнүн тастыктады, бирок кеңири маалымат азырынча берилбей турганын билдирди.

Шектүүлөрдүн жакындарынан же жактоочуларынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Эми «өрдөк эти» чырынын чоо-жайына кыскача токтолсок. Ишкер Эмир Эмилканов 2018-жылы тыюу салынганына карабай, Кытайдан ири көлөмдө өрдөк этин алып келген. Ал ошол учурда «өрдөк этине тыюу салынып калганы тууралуу кабарсыз» болгонун билдирген.

Финполдун Чүй облустук башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Кийин маселени «бармак басты, көз кысты» кылып жайгарыш үчүн Калмуратов менен Жамгырчиев 50 миң доллар пара алганын Эмилканов журналисттерге айткан эле.

Кармалгандар тууралуу кыскача маалымат

Эмил Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин эмгектенген.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, коррупциялык иштерге тиешеси бар экени айтылган Райымбек Матраимовдун ишине байланыштуу парламенттеги жыйындарда Жамгырчиевдин берген маалыматтары коомчулукта Матраимовду калкалоо катары кабылданып, сынга алынган.

Жамгырчиев 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон.

2019-жылы ал 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду «ыплас ушак» деп атаган. Финполициянын басма сөз кызматы Жамгырчиевди аткезчиликке каршы жигердүү күрөшкөн адис экенин, контрабанда менен алектенген күчтөр анын атын каралоого аракет кылып жатышканын билдирген.

Ал эми Бактыбек Калмуратов Социалдык фонддо ар кандай кызматтарда жана өкмөттүн аппаратында иштеген. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп, 2019-жылдын июнь айында өкмөт аппарат жетекчисинин орун басарлыгына дайындалып, ошол жылдын октябрында өрдөк этине байланыштуу маалыматтар чыккан соң иштен бошотулган.

Экөөнө каршы ишкер Эмир Эмилканов УКМКга 2019-жылдын күзүндө арыз жазган. Бирок бир жылдан бери бул иш ордунан жылган эмес.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев бийлик алмашканга чейин аларга чара көрүлбөгөнүн эми тергөө түшүндүрүп берүүгө тийиш деп эсептейт.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Мурдагы бийлик тарабынан эмне себептен булардын аракетине баа берилбегени мага түшүнүксүз. Балким жаап-жашырылган. Тергөө органдары аларга чара көрүлбөгөнүнүн себептерин ачык айтып койгону дурус», - деди ал.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова мамлекеттик органдардын дээрлик баары коррупцияга чырмалышканын белгилеп, азыркы кармоого алкыш айтууга азырынча эрте экенин белгиледи:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

«Натыйжасын көрөлү. Азыр алгачкы эле кадамдар жасалып жатат. Муну жемкорлукка каршы сигнал деп туралы. Бирок коррупцияга жана коррупционерлерге каршы согуш оңой болбойт».

Жарандык активист Адил Турдукулов да Муканованын пикирин толуктайт. Ал бажы тармагын көмүскө экономиканын башкы булагы деп мүнөздөдү. Турдукулов аткезчиликти укук коргоо мекемелери калкалай турганын, контрабандага бөгөт коюш үчүн бир-эки адамды камакка алуу менен маселе чечилбесин айтты:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Финпол гана эмес, прокуратура жана милициянын да системага байланышы бар. Аткезчиликти коргоп келген бийлик өкүлдөрү да сөзсүз түрдө жоопко тартылууга тийиш».

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары бийлик алмашуу менен аяктаган. УКМКнын жетекчиси болуп дайындалган Камчыбек Ташиев аткезчиликти токтотууга сөз берген.

XS
SM
MD
LG