Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Өкмөткө көө жапкан «өрдөк эти»


Бакыт Калмуратов.
Бакыт Калмуратов.

Өкмөттөгү жогорку кызматты ээлеп турган жетекчилерге байланыштуу коррупциялык жаңжал чыкты.

"Бул жаңжалга чиновниктер аралашты" деген маалыматты жергиликтүү «Кактус Медиа» порталы жазып чыкты. Порталдын маалыматына ылайык, шек жараткан окуянын төркүнү 2018-жылга барып такалат. Ал учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүлөрү Кытайдан мыйзамсыз жол менен ташылып келаткан 80 тонна өрдөк этин кармашат.

«Кактус Медиа» колундагы документтерге таянып, "бул этти камактан чыгаруу жана аны ташып келаткан ишкер Эмир Эмилкановду жазадан куткаруу убадасы менен өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары Бакыт Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын (Финансы полициясы) төрага орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара алышы мүмкүн" деп жазып чыкты.

Дина Маслова
Дина Маслова

Порталды негиздеген «Про Медиа Плюс» фондунун президенти Дина Маслова бул окуяны терең иликтеп чыгып, ошондон кийин гана макала жарыяланганын билдирди:

- «Өрдөк эти» боюнча былтыр маалымат чыкканда «Фейсбукта» ар кандай аккаунттар аркылуу бул окуяны жазып чыгышкан. Биз ошондон тартып маалыматты тактаганга, булактар менен байланышып, тастыктоочу документтерди алганга аракет кылдык. Жакында гана аны ала алдык. Ал эми макала жарыяланган соң айрым адамдар байланышка чыгып, макаланы өчүрүп салууну суранып жатышат.

Бул макала жарыкка чыгары менен коомчулукта талкуу жаратып, өкмөт жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы жооп кайтарды. Окуядан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматтан четтетти. Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси мындай чечимди «Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүшү керек деп эсептейт», - деп түшүндүрдү.


Ал эми Финансы полициясы айтылган маалыматтарды толугу менен четке кагып, «контрабандисттердин мекеменин ишине тоскоолдук кылуу аракети» деп атады. Аталган органдын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, Эмил Жамгырчиевдин бул ишке эч кандай тиешеси болгон эмес:

- Жарыяланган бул маалымат чындыкка коошпогон жалган маалымат. Биздин кызматка экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөш милдети жүктөлүп, биз аны жигердүү түрдө ишке ашырып жаткандыктан аткезчилик менен алектенген айрым кызыкдар тараптардын мындай кадамына таң калган деле жокпуз. Буга чейин маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчилиги боюнча ар кандай жалган маалыматтар таратылып, алар ырасталган эмес. Биз мыйзамсыз аракеттерди ашкере кылып, күрөшүп жатканыбыз баарына эле жага бербейт жана абдан көп душмандарды топтодук.

Пискурдун айтымында, мыйзамсыз ташылып келе жаткан өрдөк эти боюнча ишти Жамгырчиев көзөмөлдөгөн эмес. Жаңжалда аты аталган чиновниктердин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жакындыгы боюнча ар кыл маалыматтар айтылып келген. Маселен, Бакыт Калмуратов 2008-2017-жылга чейин Социалдык фонддо ар кандай кызматтарда иштеген. Бул жылдары учурдагы премьер аталган фонддо жетекчилик кызматты ээлеген. 2017-жылы январь-ноябрь айларында өкмөттүн аппаратында иштеп, Абылгазиев биринчи вице-премьер кезде анын кеңешчиси болгон. Кийин премьер-министр болгон соң алгач кеңешчи, ал эми быйыл майдан тартып өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп келе жатат.

Ал эми Эмил Жамгырчиевдин буга чейин премьер-министрге жакындыгы жөнүндө маалыматтар айтылып, аны Жамгырчиев четке каккан болчу.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков акыркы кырдаалда аталган адамдарга карата айтылган кеп-сөздөр эң ириде өкмөткө жана премьер-министрге көлөкө түшүрүп жатканын белгилейт:

- Кеп Эмил Жамгырчиевдин пара алып-албаганында, мындай ишке барып-барбаганында эмес, ушундай сөздүн чыгышында болуп жатат. Анын кандай кадамдарга барганын тергөө органдары тактап, баа бериши керек. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчилеринин бири жөнүндө ушундай сөз айтылган соң өзү кызматтан кете турса туура болмок. Бул окуя өкмөт башчысы эле эмес, жалпы коррупцияга каршы күрөшкө көлөкөсүн тийгизип, азыркы аткаруу бийлигине элдин ишенимин дагы бир баскыч төмөн түшүрөт.

Кыргызстанда бийлик органдары коррупцияга каршы күрөш жигердүү жүрүп жатканын жарыялап келет. Бирок акыркы учурда паракордукка айыпталган айрым адамдар абактан чыгып, бир катар сын-пикирлерди жараткан эле.

Саясий эксперт Даниел Кадырбеков коррупция менен күрөштө жооптуу болгон жетекчилер боюнча бийлик жаап-жашырууга аракет кылбай эл алдында ашкере кылууга кызыкдар болушу керек экенин айтууда.

Өрдөк эти боюнча чырга азырынча чекит коюла элек. Бул окуя боюнча ишкер Эмир Эмилкановдон пара талап кылуу боюнча арызы Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатат. Аталган комитет азырынча бул иштин жүрүшү боюнча комментарий бере элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG