Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46

«Өрдөк эти» чырындагы жаңы өңүт


Сүрөттө Мухаммедкалый Абылгазиев, Бакыт Калмуратов жана Эмил Жамгырчиев. Расмий сайттардан алынган сүрөттөрдүн негизинде жасалган "Азаттыктын" коллажы.
Сүрөттө Мухаммедкалый Абылгазиев, Бакыт Калмуратов жана Эмил Жамгырчиев. Расмий сайттардан алынган сүрөттөрдүн негизинде жасалган "Азаттыктын" коллажы.

Өкмөт аппаратында иштеген аткаминерди жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басарын пара алды деп айыптаган ишкер Эмир Эмилканов ачыкка чыкты.

Видео аркылуу чыккан билдирүүсүндө ал өмүрүнөн кооптонуп турганын белгилеп, Бакыт Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев андан акча алганын айтты. Коомчулукта “өрдөк эти” деген ат менен таанылган иштин экинчи тарабы айыптоолорду төгүндөп жатат.

Жаңы жагдайдын башы

Ишкер Эмир Эмилкановдун видеомаегин анын окуясын алгачкылардан болуп жазып чыккан «Кактус Медиа» басылмасы жарыялады. Сайттагы материалдар мурдараак жабырлануучунун арызынын жана расмий документтердин негизинде берилип келсе, бул жолу ал өзү окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди.

- 2018-жылдын жай айында мен, досум экөөбүз Кытайдан өрдөктүн этине буйрутма кылганбыз. Ал кезде мен өрдөктүн этин Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салынганын билчү эмесмин. Ошентип өлкөгө киргенден кийин Балыкчыдан Бажы кызматы менен Финансы полициясынын балдары товарды кармашты. Ошондон кийин мени издешип, үйгө чейин барып, менин товарым “контрабандалык товар” экенин айтышты. Айла таппай калганда, мен ошол учурда премьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеген Бакыт Калмуратовго кайрылдым. Ага баарын түшүндүргөндөн кийин ал “мен маселени Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев аркылуу чечип берем” деди. Июлдун аягында телефон чалып, өкмөт үйүнө кел деди. Досум экөөбүз барсак Бакыт “товарыңарды он күндүн ичинде чыгарып берем, бирок Жамгырчиевге бериш үчүн 50 миң доллар бересиңер. Бербесеңер ишиңер оорураак, камалып кетесиңер” деди. Досум экөөбүз сүйлөшүп, ошол күнү кечинде Бакытка 50 миң долларды алып барып бердик. Бакыт менин көзүмчө Жамгырчиевге чалып, “акча келди, алып кетиңиз” деди. Мени “көрүнбөй тур” дешип, ошол жерде күбө болуп турган Чыңгыз деген баланын бөлмөсүнө киргизип турушту. Анан Жамгырчиев келип, акчаны алып кетти.

Агынан жарылган ишкер Эмилканов андан ары "ишти бүткөрөм" деген убадага ишенип алганын, бирок ага карабай сотко ашып кеткенине даттанат. Ал ошондой эле мунун баарын ачыкка чыгарганы үчүн өмүрүнө коркунуч келип жатканын билдирди.

- Ошентип мага Финансы полициясынан чалып, ошол иш боюнча чакырышты. Болгонун айтып берсем, сотко кетиришти. Соттон мындай эле бүтүрөт го десем, мени беш жылга шарттуу кесип, мүлкүмдү конфискация кылып салышты. Мен түшүнбөй эле чыгып, Бакытка чалып “акчаны алып, эч кимди жабыркатпай бүтүрөм дебедиң беле?” дедим. Бакыт “эч коркпо, бул жагы сүйлөшүлгөн, баарын өзүбүз чечебиз, кабатыр болбо” деп койду. Аз убакыттан кийин дагы чалсам, тергөөнүн башчысы Замир Оморбеков деген кишиге жөнөттү. Ишти Ысык-Атага которуп жиберишиптир. Арадан бир нече ай өтүп, быйыл февралда товарды чыгарып беребиз дешти. Кампага барып өрдөктүн этин чыгарып жаткан учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери басып калды. Бизди суракка алып кетишти. Бакытка чалсам, ал “менин, Жамгырчиев экөөбүздүн атыбызды айтпа, сот аркылуу чечебиз” деп койду. Ортодон күнөөсүз эле эки кызматкер кармалды. Сот ишти үч ай карап, кайра тергөөгө жиберди. Калмуратовду убактылуу четтетишти, Жамгырчиев иштеп жатат. Мен аларга арыз жаздым, бирок эч кандай жылыш жок. Мен өзүмдүн жашоомдон коркуп турам, эртең эмне болуп кетет деп кабатырланып жатам, - дейт ишкер Эмир Эмилканов.

«Кактус Медиа» порталы октябрдын аягында жарыялаган иликтөөсүндө окуянын мындан башка да майда-барат нерселерин жарыялап, кармалган өрдөк этинин көлөмү 80 тонна экенин жазган.

Макаланын чуусунан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматынан четтеткен.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы айтылган маалыматтарды толугу менен четке кагып, «контрабандисттердин мекеменин ишине тоскоолдук кылуу аракети» деп атаган. Мекемеден “өрдөк эти” деген ат менен таанымал болгон бул иштин жаңы жагдайлары боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Аталган органдын басма сөз катчысы Анастасия Пискур мурдараак “Азаттыкка” маалымат берип, Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевдин окуяга эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.

- Жарыяланган бул маалымат чындыкка коошпогон жалган маалымат. Биздин кызматка экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөш милдети жүктөлүп, биз аны жигердүү түрдө ишке ашырып жаткандыктан, аткезчилик менен алектенген айрым кызыкдар тараптардын мындай кадамына таң калган деле жокпуз. Буга чейин маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчилиги боюнча ар кандай жалган маалыматтар таратылып, алар ырасталган эмес. Биз мыйзамсыз аракеттерди ашкере кылып, күрөшүп жатканыбыз баарына эле жага бербейт жана абдан көп душмандарды топтодук, - деген Пискур.

Материалда аттары аталган Калмуратов, Жамгырчиев жана Оморбеков менен да байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

"Тууганыбы-тууганы эмеспи?"

Иликтөөнүн жагдайын тактоо үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылганыбызда мекеменин өкүлү Рахат Сулайманов иш жөнүндө маалымат берилбей турганын айтты.

Кантсе да кеп болуп жаткан маселе боюнча коомчулуктагы талкуу кызып, өкмөткө карата сындардын толкуну азайган жок. Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов окуяга мындайча баа берди.

Жылдызбек Турганов.
Жылдызбек Турганов.

- Бизде кесипкөйлүктү алдыңкы орунга койбой, тааныш-билиштерди эле коюп келе жатышпайбы. Азыркы окуя мына ошонун далили. Чын-чынын айтканда Жамгырчиев Абылгазиевдин тууганы болуп кетет. Муну моюнга алыш керек. Эгер андай эмес дешсе, ушул окуя ачыкка чыгары менен Эмил Жамгырчиевди дароо кызматтан четтетиш керек болчу. Четтеткен жок да. Демек, берки бизнесмен деле бекер айткан жок да, булардын артында кандайдыр бир күч турганы үчүн анан коркуп жатат. Бул мисалдардын өзү өкмөт мыйзамсыздык менен күрөшүүгө ниети жоктугун, тескерисинче андай иштерди жасаган “өз кишилерди” калкалап турарын көрсөтүп жатат. Жөн эле элементардуу логика менен алалычы, окуяны төгүндөшсө анда даттанган ишкер эмнелерди айтып жатат? Жок эле окуяны айтып чыгып, бүтүндөй бийлик системасына каршы чыгуунун ага эмне зарылдыгы бар? Ал болгон нерсени айтып жатат, демек кеп болуп жаткан факт болгон.

Ал эми өкмөт аппараты болсо “өрдөк эти” чырынын өзөгүнө байланыштуу түшүндүрмө берүүдөн карманып, бирок ишке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышы жоктугун кабарлап келет.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов “Азаттык” радиосуна бул жолу да ушуну айтып чектелди.​

-Буга чейин да биз төгүндөп айтканбыз. Айтылып жаткан адамдар менен эч кандай тууганчылык, же башка мамилелери жок. Алар менен мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп таанышып калып, ошондон кийин эле иштешип жүрөт. Менин оюмча окуянын өзүнө укук коргоо органдары баа бергени туура, комментарий берсе да алардыкы туура болот.

Бакыт Калмуратов.
Бакыт Калмуратов.

Маалым болгондой, Бакыт Калмуратов 2008-2017-жылдары Социалдык фонддо ар кандай кызматтарда иштеген. Бул учурда азыркы премьер аталган фонддо жетекчилик кызматты ээлеп турган. 2017-жылы январь-ноябрь айларында Калмуратов өкмөттүн аппаратында иштеп, Абылгазиев биринчи вице-премьер кезде анын кеңешчиси болгон. Кийин премьер-министр болгон соң алгач кеңешчи, ал эми быйыл майдан тартып өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп келе жаткан.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары Эмил Жамгырчиев мурдараак өзүнүн премьер-министрге жакындыгы жөнүндө маалыматтарды четке каккан болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG