Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Көмүскө акча ташыгандар тыйыла элек


Таңгакталган акчанын сүрөтү.
Таңгакталган акчанын сүрөтү.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен адамды кармады.

Финансы полициясы көмүскө акча ташыган схемадан бюджетке бир миллиард 100 миллион сом салык түшпөй калганын аныктады. «Азаттык» буга чейин медиа өнөктөштөр менен чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар, андан бюджетке келтирилген зыян тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

Финансы полициясы тараткан маалыматка караганда, А.У. аттуу адам товарларга төлөм деген негиз менен Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен. Жыйынтыгында кылмыштуу топтун бул иштеринен мамлекеттин казынасына бир миллиард 100 миллион сом салык түшпөй калган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси менен иш козголуп, шектүү адам камакка алынды.

Анастасия Пискур.
Анастасия Пискур.

«30-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кармалган адамдын бөгөт чарасын аныктап, Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алды. Азыркы убакта иш тергелип жатат. Жогорудагы схемага тиешеси бар кызмат адамдары жана каражаттын булагы аныкталууда», - деди Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур.

Мекеме 180 миллион доллар кайсы убакта ташылып кеткени, кармалган адамдын тек-жайы тууралуу маалымат берген жок. Айрым медиа каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып, колго түшкөн адамдын кылмыштуу схемасына банктардын адистери, мамлекеттик кызматкерлер көмөктөшкөнүн жазышты.

Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдагы чечимине ылайык, Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн ичинде бир адам 100 миң долларды чек арадан эч тоскоолдуксуз алып өтө алат. Каражат андан ашып кетсе акчанын булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана «Kloop» порталы былтыр жыл аягында «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөнү жарыялаган. Анда дал ушундай жол менен Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар, акча ташып иштеген курьерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин ага катышы ашкере болгон.

Көмүскө акча ташыгандар коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик бюджетке зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болгону баяндалган. Иликтөөнүн авторлорунун бири, журналист Али Токтакунов эсеби жок каражаттын тышка чыгышына аралашкан тараптар тууралуу буларды айтып берди:

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

«Иликтөөдө акча чет өлкөгө чыгарылып жатканда Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, УКМК, Финансылык чалгын кызматы ага көз жуумп койгону кенен камтылган. Бул акчанын булагын жакшы текшериш керек. Себеби, анда соодагерлердин да, мамлекеттен уурдаган акчасын сырттан адалдаган аткаминерлердин да каражаты бар. Акчаны сыртка ташып кетүүдө салык төлөнбөгөнү эле эмес, каражат кайдан табылганы, ал уурдалганбы же маңдай тер менен табылганбы - бул өтө маанилүү».

«Азаттык» жана медиа өнөктөштөрдүн кыргыз бажысындагы коррупциялык схема тууралуу бир нече иликтөөсүндө Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен 700 миллион доллар чыгарылып кеткени айтылган.

Финансы полициясы 2011-2017-жылдар аралыгында Кытайдын жарандары Айеркен Саймаити, анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу Кыргызстандан Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарылганын ырастаган. Акчаны тышка чыгарып кетүүдө салык төлөнбөй, бюджет алты миллиард сомдон куржалак калган.

Которулган акчанын кеминде 50 миллион долларына Дубайдан жер тилкеси алынган. Андан тышкары АКШга, Түркияга, Британияга үй алуу максатында акча которулуп турган.

Акча ташууга адистешкендердин бири былтыр Стамбулда атып өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити болгон. Ал көзү тирүүсүндө акчаны адалдоонун ыкмалары, ага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси тууралуу документтерди журналисттерге берген.

«Кыргызстандан уурдалган акчаны буга чейин чет өлкөгө чыгарып кетип турушкан. Азыр да чыгарып жатышат. Коррупционерлер байлыгын ушундай жол менен сыртка алып чыгып кетүү коркунучу бар. Андан тышкары ишкерлердин көбү көмүскөдө иштегендиктен товар алыш үчүн каражатын банк аркылуу салбайт. Ошондой эле банктар да кызматы үчүн көбүрөөк акча алат», - деди журналист Али Токтакунов.

Финансы полициясы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан чыгарылган акча соодагерлердики болгон деп ишендирүүгө аракет кылышкан. Бирок андан миллиарддаган сом казынага түшпөй калганын моюнга алышкан эле. Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Аалы Карашев көмүскө ташылган акча тууралуу буларды айтты:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

«Кыргызстан көптөгөн эл аралык келишимдерге кол коюп, уюмдарга мүчө болгон. Ошонун негизинде иш алып барышыбыз керек. Акча банк аркылуу же накталай чыгарылып кетеби, бирок салыгын сөзсүз төлөш керек. Ал эми бирөөнүн чөнтөгүнө салып, учак, машине менен ташууга каршымын».

Жогоруда сөз болгон иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар журналисттик иликтөөдөгү маалыматтын баарын четке кагып келатышат.

УКМК 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармап, ага «Коррупция» беренеси боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.

Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Атайын кызмат Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнү, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы жөнүндө маалымат тараткан.

Кийинчерээк УКМК Матраимов мамлекетке эки миллиард сом зыян келтирди деп шек саналып жатканын, аны төлөөгө макул болуп 80 миллион сомун дароо которгонун кабарлаган.

Мындан соң Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Матраимовдун бөгөт чарасы кабыл алынып, эч жакка кетпөө шарты менен коё берилген.

XS
SM
MD
LG