Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Саясий кризистеги соттордун кайдыгерлиги


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку сот парламенттик кайра шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын кароодон баш тартты.

Соттун акыркы чечими кыргыз фемидасы дале болсо бийликтин айтканынан чыкпай иш алпарып жатабы деген суроолорду жаратууда.

Сот 30-октябрда “даттануу мөөнөтү өтүп кетти” деген жүйө менен Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын караган жок. Муну менен Жогорку Сот парламенттик кайра шайлоону быйыл жыл аягына чейин өткөрүү боюнча маселеге чекит койду. БШКнын арызы сотто экинчи жолу каралбай калды. Бир күн мурда Жогорку сот мамлекеттик алым төлөгөндүгү тууралуу далили жок деген негиз менен кассациялык арызды артка кайтарган эле.

“БШК кечигип калды”

Жогорку соттун өкүлү Чынара Мамытканова БШКнын кайрылуусу эмне себептен каралбай калганын “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук уюму жана “Актив” саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун жарыялоо боюнча чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкектин административдик сотунун 24-октябрдагы бүтүмүнө каршы БШКнын кассациялык арызы кайрадан кайтарылды. Буга соттук актка каршы даттануунун мөөнөтү өтүп кеткени себеп болду”, - деди Мамытканова.

Ошентип, Жогорку Сот парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү боюнча БШКнын чечимин териштирбей эле четке какты. Буга чейин сот Боршайком менен жаңы бийликтин шайлоо боюнча эки ача позициясынын кайсынысын мыйзамдуу деп табат деген коомчулуктун кызыгуусу бар болчу.

Себеби, Кыргызстанда 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыгып, бийлик алмашкан соң БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындан кийин Боршайком мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген болчу.

Бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеш шашылыш түрдө алгач конституциялык реформаны өткөрүп, андан соң парламенттик шайлоо өткөрүүгө жол ачкан мыйзамды кабыл алган.

Бул аракетти 6-октябрда элдик толкундоонун эпкини менен бийликке келген Садыр Жапаровдун мүдөөсү катары караган айрым саясий күчтөр, жарандык коомдун өкүлдөрү БШКнын позициясы туура деп жактап чыгышкан. А түгүл “Реформа” партиясы парламенттин соңку чечими боюнча Конституциялык палатага арыз жолдогон.

Эми Жогорку Сот парламенттик шайлоону мурда көрсөтүлгөн мөөнөттө өткөрүү боюнча мыйзамдык талаада териштирүүгө чекит койду.

“Жогорку Сот саясий оюнду ойноду”

Жогорку соттун акыркы чечими боюнча БШКнын жетекчилиги расмий түрдө комментарий берген жок. Бирок комиссиянын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев соттун акыркы чечимин “саясий оюн” деп сыпаттады:

“Эми Жогорку Соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. Бирок укук коргоочу Бурул Макенбаева “Жогорку соттун болбогон шылтоого негиздеп, суу кечпеген чечими” деп так аныктама бергениндей эле болду. БШКнын юристи сотко кайрылган учурда мамлекеттик алымды убагында эле төлөгөн. Ал эми Жогорку сот болбогон нерсеге асылып, суу кечпеген чечимди кабыл алды. Бул жөн гана ишти карабай, баш тартуу аракети болду. Ошондуктан, бул жерде Жогорку сот саясий оюнду ойноп койду деп ойлойм”.

Осмоналиев бул жагдай өлкөдө сот бийлиги “Ак үйдүн айтканы менен болуп жатканын” ачык көрсөттү деген пикирде турат.

Юрист белгилегендей, ыңкылаптан кийин келген бийлик оболу сот адилеттигин калыбына келтирүүгө аракет кылышы керек эле:

“Азыр люстрация деген сөздү көп колдонуп, айтып жатышпайбы. Менин көз карашымда, Жогорку соттун бардык курамын люстрация кылууга мезгил жетти. Аны менен кошо Бишкектин административдик сотун да тазалоо керек. Себеби, ал жактан абдан көп мыйзамга, логикага каршы келген чечимдер кабыл алынып жатат. Ал жерде бир гана экономикалык кызыкчылык роль ойноп жаткандай сезим калтырат. Биз азыр бийликти тазалайбыз десек, эмне себептен сот бийлиги жөнүндө унутуп жатабыз. Анткени, дал ушул сотто акыркы үмүт өчүп, мыйзамсыз иштер орун алган. 2005-2010-жылдагы окуяларга да соттун адилетсиз чечимдери себеп болгону эсибизде болсо керек”, - деди Кайрат Осмоналиев.

Ошентип, парламенттик кайра шайлоого байланыштуу БШК менен Жогорку соттун ортосундагы териштирүү сот реформасына кайрадан коомчулуктун көңүлүн бурду.

Кыргызстанда сот бийлигине нааразылык абдан көп айтылып келет. 6-октябрдагы окуялардан соң бийликтен кетүүгө аргасыз болгон президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы жүрүп жатканын кайталап жүрсө да иш жүзүндө анын жыйынтыгы сезилбейт.

А түгүл президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров өзү да “сот адилетсиздигин курмандыгы” болгонун, аны өз жон териси менен сезгенин айтты. Ал акыркы 10 жыл аралыгында эки жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, “ак жерден абакка түшкөнүн” эл алдында да айтканы бар.

Премьер-министрликке киришкенден кийинки кайрылуусунда Жапаров бул жаатта реформаларды убада кылган:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат. Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт. Албетте, эгерде кимдир бирөө, кандай гана саясий фигура болбосун, коррупцияга аралашса мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бирок бизге баарыңыздар бул күрөштө жардам беришиңиздер керек. Соттук реформалар мындан ары президенттик пппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлөт».

Садыр Жапаров азырынча сот реформасын кандайча ишке ашырары тууралуу конкреттүү сунуш айта элек. Албетте, президенттик шайлоого чейин кескин өзгөрүү деле болушу мүмкүн эмес.

“Сот адилеттиги” Жапаровго гана иштеп жатат. Башкаларгачы?”

Бирок саясий чөйрөдө азырынча сот адилеттигин “бийликке келген Садыр Жапаров жана анын айланасындагылар гана сезип жатат” деген сын басымдуу.

Саясатчы Бектур Асанов буга мисал катары "Жапаровго жакын саясатчылардын ишин сот бир заматта карап, алдын үч күндө актаганын" келтирди:

Бектур Асанов
Бектур Асанов

“Сөзсүз түрдө, сот мурдагыдай эле бийликке келгендердин буйругун аткарып жатат. Албетте, бийликке келгендер бир-эки күндө реформа жасай албайт. Бирок бийлик сотко “мыйзамдын чегинде гана чечим чыгар” деп айтышы керек. Ошондо гана бийликтин баркы болмок. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат. Мисалы, өзүбүздүн “саясий туткун” дегендердин ишин айталы. Садыр Жапаров баштаган бийликке келгендер өздөрүнүн ишин үч күндө бүтүрүп алды. Ал эми мурдагы бийлик учурунда саясий туткун болгон 30га жакын адамдын иши чечилбей турат. Мисалы, Курсан Асановду деле алалы, аны менен кошо 6-октябрда аянтка чыккандардын бири вице-премьер болду. Асановду камап отурушат. Ошондуктан, бүгүн “Садыр Жапаровдун тикеден-тике көрсөтмөсү менен сот чечим чыгарып жатат” дегенге бөркүмдөй ишенем”,- дейт Бектур Асанов.

Буга чейин Жогорку Сот президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовдун ишин карап, аларды толук актаган. Мындан сырткары Жогорку сот дагы бир саясатчы - Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду актаган өкүмүн шашылыш чыгарды.

Буга кошумча Садыр Жапаровдун сот бийлигине таасири тууралуу сын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын караган сот чечиминен соң күчөдү. Биринчи май райондук соту бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган Матраимовду эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикте калтырды. Анын эртеси Садыр Жапаров мындай чечимди өзү кабыл алганын элге жарыялады:

«Райым Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым. УКМКнын жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени, Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, «камакка алабыз» деп айтышты. «Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели» деп айттым. Анткени, буга чейин эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Кубанычбек Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок. Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Албек Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов ж.б. бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Мен башкача жол менен кетип жатам".

Бирок Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан жакында кеткен Кеңешбек Дүйшөбаев өкмөт башчынын тергөөнүн ишине кийлигишип, чечим кабыл алууга укугу жок экенин маалымат жыйынында айтып чыкты:

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

«Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук жагынан алганда бул чечим кандай мыйзамга туура келет?»

Сот адилетсиз болсо, реформа ишке ашпайт

Ошол эле кезде коомчулукта сот адилеттиги орнобосо, Садыр Жапаров убада берген өзгөрүүлөр ишке ашпайт деген пикир да басымдуу. Маселен, пандемия маалында бош казынаны толтуруунун бир айласы болгон экономикалык мунапыс же коррупцияга каршы күрөш сот бийлигине болгон ишенимге барып такалат.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов белгилегендей, өлкөдө легитимдүү бийлик, адилеттүү сот системасына ишеним жок болсо Садыр Жапаровдун элге берген убадаларынан майнап чыкпайт:

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Бул идея абдан жакшы. Бюджетти толтуруу, каражатты көбөйтүү деген ак ниет максатты көздөйт. Бирок мунапыс боюнча атайын мыйзам, өлкөдөгү легитимдүү бийлик жана сотко ишеним болбосо андан майнап чыгарына күмөнүм чоң”,- дейт Феликс Кулов.

Саясий-экономикалык кризиске батып турган өлкөнүн мындан аркы легитимдүү жолго түшүп, демократиялык жараянды улантышы да ушул сот бийлиги менен байланышта.

Анткени эксперттер белгилегендей, жаңы бийлик убада кылган мамлекеттин келечегин аныктай турган конституциялык реформаны өткөрүү сот бийлигинин принципиалдуулугунан көз каранды.

22-октябрда Жогорку Кеңеш бир күндө дароо үч окуудан тең өткөрүп кабыл алган мыйзам долбоору Баш мыйзамга дал келеби деген маселе менен “Реформа” партиясы Конституциялык палатага кайрылган.

Бул партиянын лидери, таанымал юрист Клара Сооронкулова мамлекеттин тагдыры үчүн маанилүү маселе эми Конституциялык палатанын колунда экенин айтып жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG