Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Трамп менен Байден Флоридада таймашты


Трамп менен Байден Флоридада коронавирус пандемиясы тууралуу карама-каршы билдирүү таратышты.
Трамп менен Байден Флоридада коронавирус пандемиясы тууралуу карама-каршы билдирүү таратышты.

АКШда дагы бир кызматтык мөөнөткө калууну көздөгөн президент Дональд Трамп менен анын саясий атаандашы, Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байден Флорида штатында бир күндө өз-өзүнчө удаа жолугушуу өткөрдү.

Эки талапкер анда коронавирус пандемиясы тууралуу карама-каршы билдирүү таратышты. Флорида - Ак үй үчүн күрөштө чечүүчү штаттардын бири. Кошмо Штаттарда президенттик шайлоого саналуу эле күн калды.

Флоридада Дональд Трамп тарапташтарын ачык жерге жыйнады жана ага миңдеген адам чогулуп, көбү беткабы жок жүрдү. Жо Байден болсо ушул эле күнү жолугуушусун ири токтотмого уюштурду. Анын катышуучулары машинелеринин жанында, социалдык аралык сактап, беткапчан турушту.

Эки талапкердин Флоридадагы мындай таймашы добуш берүүгө беш күн эле калганда өттү жана шайлоо өнөктүгүндөгү айырмачылыктарды гана эмес, бул штат Ак үй үчүн күрөштө өтө маанилүү, чечүүчү экенин көрсөттү.

Эки талапкердин жолугушуусу оору күчөп жаткан маалга туш келди жана соңку бир күндө 91 миңден ашык учур катталып, эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен илдеттен 228 миңден көп бейтап жан берип, оору жугузгандар тогуз миллион адамга чамалап калды. Пандемиянын айынан миллиондогон адам ишсиз отурат.

Дональд Трамп болсо соңку жолугушууда өлкөнү кадимки жашоого кайтаргысы келерин айтты:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Уксаңар, бизди Европа менен салыштырышты. «Германияда, Францияда ушундай жакшы» деп айтышты. Аларда баары жакшы эмес. Силер ал жакта эмне болуп жатканын көрүп жатасыңар. Аларда оору күчөп, баарын жаап жатышат. Мен мындайга макул эмесмин жана биз мындан ары эч качан жаппайбыз. Биз азыр бизнеске ачыкпыз».

Трамп өз сөзүндө экономикалык көрсөткүчтөргө басым жасады жана Байден бийликке келсе «өлкөнү карантинге жабат, экономикалык өсүп-өнүгүүнү кыйратат» деп эскертти.

Байдендин тарапкерлери менен жолугушуусу Трамптыкынан кийин бир нече сааттан соң болду. Ал президент тарапкерлерин чогултканда коопсуздук эрежелерин эске албаганын сынга алып, бул иш-чара «оорунун очогуна» айланышы мүмкүн экенин билдирди. Байден Трамптын «өлкө пандемиянын эң оор учурларынан өтүп кетти» деп бир канча жолу билдиргенин сынга алды:

Жо Байден.
Жо Байден.

«Дональд Трамп ак желегин көтөрүп чыгып, биздин үй-бүлөлөрдү талаага таштап, бул вируска багынып берди. Бирок Америка эли эч качан багынбайт. Биз эч качан багынбайбыз жана албетте, жашынбайбыз. Мен дагы. Дональд Трамп эми эле оорунун очогу боло турган дагы бир жыйын өткөрдү. Алар вирусту эле таратып тим болушпайт. Алар ажырымды таратат. Бизди бөлүп-жарган эмес, бириктирген, башыбызды кошкон президент керек».

Байден Трамптын «өлкөнү карантинге жабат» деген дооматынм четке кагып, анын максаты вирусту ооздуктоо болорун билдирди.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, Байден Трамптан жалпы элдик масштабда бир канча көрсөткүч алдыда келатат. Бирок 2016-жылы Трамптын жеңишин камсыз кылган Флорида жана Пенсилвания өңдүү чечүүчү штаттарда эки талапкердин ортосундагы айырма анча чоң эмес.

Ак үй үчүн күрөштө жеңген талапкер шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун алышы керек. Бул добуштардын 29ун Флорида, ал эми 20сын Пенсилвания камсыз кылат.

Трамп кийинки күндөрү шайлоо өнөктүгүн күчөттү жана ушундан улам бир күндө үч башка штатка барган учурлары болду. Байден болсо салмактуу позицияны тандап, ушул жуманын эки күнүн өзүнүн Делавэр штатында өткөрдү.

Трамп 30-октябрда Мичиган, Висконсин жана Миннесота штаттарына барганы жатат. Президент шайлоо өнөктүгүнүн соңку күндөрүндө баш-аягы 10 штатта жолугушуу өткөрмөкчү. Байден болсо 30-октябрда Висконсин, Миннесота жана Айова штаттарында болот.

Флорида университетинин шайлоо долбоорунун эсебине ылайык, ушул күнгө карата 80 миллиондон ашык шайлоочу добуш берип койду. Мындай көрсөткүч менен бул шайлоо өлкөнүн соңку 100 жылдык тарыхында эң көп шайлоочу катышкан саясий иш-чара болуп калмакчы.

Шайлоочулардын көбү коронавирус пандемиясынан улам добуштарын почта аркылуу жөнөттү. Штаттардын бийлик өкүлдөрү добуш саноо бир канча күнгө, ал тургай жумалап созулушу ыктымал экенин айтышкан. Айрым штаттардын эрежелерине ылайык, добуштардын баары шайлоо өткөндөн кийин гана санала баштайт.

XS
SM
MD
LG