Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

АКШда атаандаштар расмий анык болду


Дональд Трамп жана Жо Байден.
Дональд Трамп жана Жо Байден.

АКШда Республикалык партиянын төрт күндүк жыйыны уланууда. 24-августта учурдагы өлкө башчы Дональд Трамптын талапкерлиги расмий көрсөтүлдү. Анын шайлоодогу башкы атаандашы - демократтардын өкүлү, мурдагы вице-президент Жо Байден. 

74 жаштагы Дональд Трамптын талапкерлиги жыйындын алгачкы күнүндө экинчи мөөнөткө ат салышуу үчүн расмий көрсөтүлдү. Коронавируска байланыштуу ал республикачыларга видео аркылуу кайрылды. Жанында ал президент болуп турган кезинде чет өлкөлөрдөн бошотулган алты киши турду. Алардын арасында түрк бийлиги тарабынан кармалып, Вашингтон Анкарага басым кылып жатып бошотулган диниятчы Эндрю Брансон да бар.

«Биз силерди кайтарып келдик. Биз баарыңарды кайтардык. Дагы бир нече киши бар, аларды алып келүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз», - деди Трамп.

Трамптын тарапташтары.
Трамптын тарапташтары.

Бул ирет да атаандаштары - демократтардын «короосуна таш ыргытылды». Трамп Байдендин дарегине ачуу сөздөрдү айтып, ал түгүл каймана ат коюп да жиберген:

«Уйкучу Жо дүйнөнү сактайм деп чуркап атат. Биздикинен башка ар бир өлкөнү сактагысы келет».

Трамп Байденди «40 жылдан бери саясатта жүрсө да эч нерсе кылган эмес, чабал саясатчы» деп баа берип келет. Буга чейинки сөздөрү менен Трамп алдыдагы шайлоодо да алгачкы үгүт өнөктүгүндөгүдөй эле протекционизмге басым жасай турганын көрсөтүүдө:

«Алар бардык америкалыктардын баалуулуктарын талкалап, түп-тамырынан бери жоготкусу келет. Алар элибиздин турмушунан динибиздин бардык изин жууп салгысы келет. Алар балдарыбыздын башын айлантып, полицияны мукуратып, шаарлардын чеке-белин жакырлантып, башаламандыкка от жагып, ар бир шаарды радикалдардын колуна салып бергиси келет. Бирок буга жол берилбейт. Жол берилбейт!»

Кошмо Штаттардагы антирасисттик жүрүштөрдүн бири.
Кошмо Штаттардагы антирасисттик жүрүштөрдүн бири.

Бул сөзү менен Трамп Кошмо Штаттарда акыркы айларда ынды кара америкалыктардын полициянын колунан өлгөнүнө байланыштуу башталган расалык ажырымга каршы жүрүштөрдү жана кагылыштарды эске салууда. Президент демонстранттарды «Америкага каршы чыккан кишилер» деп атап келет. Ал эми Байден президент болуп шайланса, «жек көрүүнүн жалынына май тамызбай», өлкө «көптөн бери жапа чегип келаткан расалык жарааттарды айыктырууга» аракет кылууга убада берген.

Ошондой эле Трамп жана аны жактагандар демократтардын талапкери Жо Байден шайланса, өлкө экономикалык жана саясий башаламандыкка кабыларын айтышты. Огайолук конгрессмен Жим Жордан президент оппозициянын эбегейсиз каршылыгына карабай өткөн төрт жылда убадасын аткарганын баса белгиледи:

«Салыктардын төмөндөшү, нормативдик талаптардын азайышы, экономиканын өсүшү, 50 жыл ичиндеги эң төмөнкү жумушсуздук деңгээли, Иран менен келишимден баш тартуу, Иерусалимдеги элчилик, Түндүк Кореядагы туткундардын кайтарылышы, АКШ-Мексика-Канада жаңы макулдашуусу, анан албетте, ал дубал курууда. Биз саймедиреп атканда ал экономиканы көтөрүүдө».

Ал эми өлкө түштүгүндөгү, келгиндер көп жашаган Флорида штатынан шайланган конгрессмен Мэтт Гейтс демократтардын өкүлүнүн өлкө башына келишин коркунуч катары мүнөздөдү:

«Бул чынында коркунучтуу фильм сыяктуу. Алар силерди куралсыздандырат, түрмөлөрдү бошотот, үй-үйүңөргө камайт да, MS-13 менен коңшу жашагыла дейт».

Гейтс муну менен бир сүйлөмгө эки ири партиянын көптөн берки талаш маселелерин батырды. Демократтар куралды эркин колдонууга каршы, республикачылар жактайт. Трамп миграция эрежелерин катаалдаштыруунун үстүндө, буга демократтар каршы. Ал эми сөз болгон MS-13 – Борбордук Америкадан чыккандардын бандасы.

АКШда Демократиялык партия Жо Байдендин талапкерлигин президенттикке расмий көрсөткөн.

Байден жана анын тарапташтары.
Байден жана анын тарапташтары.

Байден жана анын тарапташтары Трампты адегенде коронавирустун өлкөдө жайылып кетиши, пандемия маалында жумушсуздар үч эсе көбөйүшү, башаламандыкка жол бергени үчүн айыпташат. Алар Трампты АКШны «демократиялык баалуулуктардан чегинтип», «авторитаризм жолунда алып бара жатат» деп да айтышкан.

Ал эми жекшембидеги жыйындан кийин демократтар республикачыларды шылдыңга алган билдирүү таратышты. Анда Трамптын COVID-19 илдетине каршы кадамдары компетентсиз болгону белгиленген. Демократтар мунун айынан «окуучулар жана мугалимдер өзү менен өзү, жумушсуздар куткаруучу жардамдан куржалак, чоң ата, чоң энелер жалгыздыкта о дүйнөгө кетип, экономика өлүп атат» деп билдиришти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​


XS
SM
MD
LG