Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:27

АКШ Париж келишиминен чыкмай болду


Бээжинде түтүндөн улам мурунтук тагынууга аргасыз болгон адамдар. 21-декабрь, 2016-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнү климат боюнча Париж келишиминен чыгаруу жараяны башталганын кабарлады. Бул жараян бир жылга созулат.

Климат боюнча Париж келишиминен чыгуу Трамптын шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларынын бири болчу. Трампты сындагандар болсо, Вашингтон Париж макулдашуусунан баш тартуу менен дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык жылуулукка каршы аракеттерине сокку урат деп санашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Париж келишимин 2015-жылы 195 мамлекет Францияда кабыл алган. Ага ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 2 Цельсий градустан ашырбоо боюнча аракеттерди көрүшү керек болгон.

2016-жылдын 4-ноябрында күчүнө кирген макулдашуунун шартына ылайык, үч жылдын аралыгында андан чыгып кетүүгө тыюу салынган. Трамп ушул мөөнөт өтөр замат Мамлекеттик департаментке келишимден чыгууну тапшырды.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

- Кошмо Штаттары климат боюнча Париж келишиминен чыгат. Бирок Париж келишимине кайрадан кирүү же дегеле Кошмо Штаттар, анын ишканалары, жумушчулары, адамдары жана салык төлөөчүлөрү үчүн ыңгайлуу болгон жаңы макулдашуу тууралуу сүйлөшүүнү баштайт. Демек, биз кетебиз, бирок сүйлөшүү жүргүзөбүз. Көрөбүз, биз адилеттүү жаңы макулдашууга жетише алсак, анда абдан жакшы. Эгер андай болбосо, бул да жакшы, - деп билдирген АКШ президенти буга чейинки билдирүүсүндө.

Трамп буга чейин да Париж макулдашуусу экономикалык жактан Кошмо Штаттарына пайдасыз экенин, айлык акыны азайтып, фабрикалардын жабылышына жана америкалыктардын каржылык бакубаттуулугуна терс таасир эте турганын айтып келген.

Анын көз карашында, Париж макулдашуусун аткаруу 2025-жылга барып үч миллион жумушчу ордун жоготууга алып барышы мүмкүн. Ал эми жакында болсо Трамп бул бир жактуу гана жол экенин, Америкадан башка өлкөлөргө ири байлыкты которуп кетүүгө жол ачарын билдирген.

Трампты сындагандар болсо, Вашингтон Париж макулдашуусунан баш тартуу менен дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык жылуулукка каршы аракеттерине сокку урат деп санашат.

Вашингтон Париж макулдашуусунан чыгып жаткан чакта Париж менен Бээжин жаңы документке кол койгону жатат. Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин климат боюнча Париж келишимин акырына чыгаруу тууралуу макулдашууга кол коёт. Франция президенти ушул күндөрү Шанхайда жүрөт.

Эммануэл Макрон
Эммануэл Макрон

- Эгер биз Париж макулдашуусун аткарабыз десек, анда кийинки жылы биздин милдеттенмелерибизди дагы көбөйтүүгө туура келет. Биз 2030-жылга жана 2050-жылга жаңы милдеттерди коюшубуз керек. Бул багытта Европа Биримдиги менен Кытайдын кызматташтыгы чечүүчү мааниге ээ болот, - деди француз президенти Эммануэл Макрон.

Кытайдан кийин эле абага зыяндуу газдарды көп чыгарган мамлекет - АКШ. Мурдагы президент Барак Обама келишимге кол коюп жатканда Вашингтон 2015-жылга карата парник газын бөлүп чыгаруунун көлөмүн 2005-жылдагы көрсөткүчтөн 25-28 пайызга азайтуу милдетин алган.

АКШ менен Кытай абанын эң ири булгоочулары деп саналат. Глобалдык жылуулукка себепкер делген булганыч газдардын 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы саналган жогорудагы өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келет.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясындагы жыйында Европа Париж макулдашуусун толук ишке ашырууга умтула турганын айткан. Анын айтымында, Европа мамлекеттери 2030-жылга чейин зыяндуу газдардын абага тарашын 1990-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 40% эмес, 45% азайтууну максат кылууда.

АКШнын климат боюнча Париж келишиминен чыгуу жараяны бир жылга созулат жана Америкадагы президенттик шайлоо өткөн күндүн эртеси аяктайт. Эгер Трамп шайлоодо утулуп кала турган болсо, кийинки президент аны 30 күндүн ичинде жокко чыгарып коё алат.

Париж келишимине Кыргызстан да кол койгон. Ушул тушта Жогорку Кеңеште келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Сентябрь айында парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бул документти жактырган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG