Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Активисттер экология көйгөйүн эске салышты


Кумтөр кени, 11-ноябрь, 2017-жыл
Кумтөр кени, 11-ноябрь, 2017-жыл

Швециялык активист Грета Тунбергдин экология боюнча акциясына кыргызстандык активисттер колдоо көрсөттү.

Биринчи май райондук сотунун митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимине карабай 25-сентябрда жети активист дүйнөдө өтүп жаткан экологиялык иш-чараны колдоо иретинде акцияга чыгышты.

Алар негизинен Кумтөр кенинин иши, мөңгүлөрдүн эриши жана уран маселесин козгошуп, өкмөттүн бул жаатта жүргүзгөн ишине сын айтышты.

Элери Битикчи.
Элери Битикчи.

- Дүйнөдө өтүп жаткан климат боюнча акцияны колдоо иретинде, экинчиден, бир топ көйгөйдү айтуу үчүн чыктык. Мына, өкмөт жакында эле Сары-Чат - Ээр-Таш жаратылыш коругун кесип, "Кумтөргө" берип жатат. Компания менен өкмөттүн ортосундагы келишимди эл көрө элек. Уранга каршы акцияга чыгып, талап койгондо, биздин депутаттар жайкы каникулга чейин мыйзамды кабыл алууга убада берген. Каникул бүттү. Күзгү сессия башталганына бир айдан ашып баратат. Алар мыйзамды кабыл ала элек, - деди акцияга чыккан активисттердин бири Элери Битикчи.

Ал дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга да таасир этерин белгилеп, жаратылыш маселесине ар бир мекендеш олуттуу кароого мезгил жеткенин айтты. ​

Кыргызстанда соңку жылдары экология маселеси тууралуу кеп болгондо Кумтөр кени жана анын жаратылышка тийгизген таасири айтылып келет.

“Центерра Голд” компаниясына караштуу "Кумтөр Голд компани" кен казууга уруксат алган тилкелер Петров (68,5 чарчы чакырым), Давыдов (11,6 чарчы чакырым), Борду (5,9 чарчы чакырым), Лысый (5,5 чарчы чакырым) жана Сары-Төр (3,3 чарчы чакырым) мөңгүлөрүнүн аймагында жайгашкан.

Бул беш мөңгү Ак-Шыйрак массивинин аянтынын 23,3% пайызын түзөт. 2017-жылы парламент Суу кодексине киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, "Кумтөр Голд компани" Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүн казууга уруксат алган.

Бул жарандык коомдун нааразычылыгын жараткан.

Ага карабай кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясынын эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишими ушул жылдын август айында күчүнө кирди.

Учурдагы өкмөт келишим шарттары мурдагыга караганда бир топ жакшырып, төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйгөнү айтууда.

Бирок көптөгөн экологдор бул макулдашуунун арты менен аймактын экосистемасы жабыркашы мүмкүн деп чочулашат.

Коомдук ишмер, медицина илимдеринин кандидаты Калия Молдогазиева өкмөт жаратылышты сактоого маани бербей жатат деп сынга алды.

- Тоолуу аймактардын табияты климаттын өзгөрүшүнө сезимтал келет. Сырткы таасирлер болгон учурда бузулуп, такыр жок болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан тоонун табиятына аяр мамиле кылыш керек. Абага бөлүнүп чыккан химиялык заттар, зыяндуу газдар мөңгүлөрдүн бат эришине таасир этет. Биздин эң башкы байлыгыбыз- жаратылыш. Бирок өкмөт батыраак пайда көрүү үчүн кен казууга лицензияларды ойлонбой эле берип жатат.

«Кумтөргө» коруктун жери кеткенби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:59 0:00


Экологияны сактоо майдадан башталат

Активисттер Кыргызстанда жер-сууга таштанды ыргытуу, бак-даракты кыюу өңдүү жаратылышка олуттуу зыян келтирген адаттар тыйылбай жатканын да сынга алышты.

Экология маселесин байма-бай көтөрүп келген Молдогазиева мамлекет тез арада бул жаатта иш жүргүзүп, элдин аң-сезимин ойготууга мезгил жетти деп эсептейт.

Калия Молдогазиева.
Калия Молдогазиева.

- Азыр эл аралык донорлордун колдоосу менен ар кандай акциялар өтүп жатат. Бирок анын жыйынтыгын көрө элекпиз. Жыйынтык чыгыш үчүн ар бир жарандын экологияга карата аң-сезимин өстүрүү керек. Маалыматтык акцияларды өткөрүү, элге жеткирүү боюнча эч кандай иш жасала элек. Өкмөт азыртадан ойлонбосо болбойт. Ар бир чиновник, жергиликтүү бийликте иштеген ар бир кызматкер бак-даракты кыйбай, сууну кирдетпей, таштанды ыргытптай жашаганга үндөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү шарт. Алар ошол жөнөкөй эле ишти жасабай жатышат. Азыр көчөдө бара жатып эле таштанды ыргытып кеткендер бар. Анын баары арыктарга толуп, дарактарга суу жетпей куурап жатат. Экология ушундай кайдыгерликтен улам да бузулуп жатат.

Ушу тапта Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйыны өтүп жатат.

Ага дүйнөдөгү алтымыштай өлкөнүн президенттери премьер-министрлери катышууда.​

Дал ушул жыйынында швециялык активист кыз Грета Тунберг дүйнө лидерлерин планетаны сактап калууга жетиштүү чара көрбөй жатканын сынга алды.

Тунбергдин бул сөзүнөн кийин социалдык тармактарда "кыргыз коомунда Гретадай жаштар чыгабы?" деп суроо салгандар болду.

Нарын облусунун тургуну, учурда Бишкекте иштеп жаткан Урмат Бектурсунов жаштар экология маселеси боюнча кабардар болсо активисттер чыгат деген ойдо:

Урмат Бектурсунов.
Урмат Бектурсунов.

“​Жаратылышты сактоо боюнча акцияларды көбүрөөк өткөрсө, ошолорду көрүп үйрөнмөкпүз. Акцияларды шаарларда эле өткөрбөстөн айылдарда уюштурса жакшы болмок”.

Улуттар Уюмунун Нью-Йоркто өткөрүп жаткан жыйынында Париж келишиминин шарттарын ишке ашыруу маселеси каралары айтылууда.

Абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу иш-чараларын камтыган Париж келишимине Кыргызстан 2015-жылы кол койгону менен, аны ратификациялай элек.

БУУнун жыйынына улай дүйнөнүн бир катар шаарларында экологияны коргоого, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акциялар өтүп жатат.

Кыргызстанда мындай акцияны өткөрүү 21-сентябрга белгиленип, бирок ага мэрия уруксат берген эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG