Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Өспүрүм кыз дүйнө лидерлерин уяткарды


Грета Тунберг.
Грета Тунберг.

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынында 16 жаштагы швециялык активист Грета Тунберг дүйнө лидерлерин сынга алды. Анын айтымында, дүйнөдө жаратылышты коргоого жетиштүү чара көрүлбөй жатат.

23-сентябрдагы Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча саммитине дүйнөдөгү 60тай өлкөнүн президенттери, премьер-министрлери катышты.

Бул жыйынга 16 жаштагы швециялык активист Грета Тунберг да барды. Ал дүйнө лидерлерин жаратылышты коргоого жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн сынга алды.

"Мен сиздерди көзөмөлдөй турганыбызды айткым келет. Баары туура эмес кетүүдө. Мен азыр бул жерде эмес, океандын ары жагындагы мектепте болушум керек. Сиздер бизге, жаштарга үмүт менен карап турасыздар. Ушуга кантип дитиңер барат? Сиздер куру сөзүңөр менен менин кыялымды, балалыгымды уурдадыңыздар. Менин жалгыз өзүм үчүн болсо, анда бул эч нерсе эмес. Бирок адамдар өлүп, бүтүндөй экосистема кыйрап жатат. Биз жапырт жок болуу алдында турабыз. Сиздер болгону акча, дүйнөлүк экономикалык өсүшү тууралуу гана айтасыңар. Ушуга кантип дитиңер барды?".

Грета Германиянын канцлери Ангела Меркел менен.
Грета Германиянын канцлери Ангела Меркел менен.

Грета Тунберг «Жума күндөрүн келечекке арнайлы!» «Fridays for Future» аттуу кыймылды жетектейт жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы тели-теңтуштарын экологияны сактоого чакырып келет.

Ал саммитте дүйнө лидерлерине кайрылып, “Ушуга кантип дитиңер барды?" деген сөздү төрт жолу айтты.

Бирок анын БУУдагы саммитте айткан чакырыгын АКШ президенти Дональд Трамп укмаксан болду.

Маалымат каражаттары экологияны сактоо боюнча Париж макулдашуусунан чыгып кеткен Дональд Трамптын саммит өтүп жаткан жерге келгенине көңүл бурушту.

Бирок Трамп сөз сүйлөгөн жок, андан кийин бир залда жакын турган швециялык активист кызды көрмөксөн да болду.

АКШ президенти активист кызга жолуккан жок.
АКШ президенти активист кызга жолуккан жок.

АКШ президенти журналисттердин "саммитке эмне үчүн келдиңиз?" деген суроосуна кыска гана жооп берди.

“Мен таза абанын жана таза суунун жактоочусумун. Муну бардык өлкөлөр биригип жасашы керек. Бул абдан маанилүү”, - деди Дональд Трамп.

2015-жылы Парижде кол коюлган макулдашууга ылайык, 2025-жылга чейин абага чыккан уулуу газдардын көлөмү 26-28% азайышы керек. Атмосфераны булгаган газдардын 10% Евробиримдиктеги өлкөлөргө тиешелүү болсо, 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы саналган АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет.

Бирок АКШ президенти Дональд климатты сактоо боюнча Париж келишиминен чыгып кеткен.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш чакырыктарга кулак салууга үндөдү.

Антонио Гутерриш.
Антонио Гутерриш.

"Эгер биз жаратылышты алдайбыз деп ойлосок, анда өзүбүздү алдаган болобуз. Анткени жаратылыш дайыма өз жообун берет. Ал эми бүт дүйнөдөгү жаратылыштын жообу оор болот. Убакыт өтүп жатат. Азыр да кеч эмес. Келгиле, даанышман лидерлердин, диний жана бизнес ишмерлерин, өзгөчө көчөгө чыгып, табиятка карата мамилебизди өзгөртүүнү талап кылып жаткан жаштарга кулак салалы".

Европада климаттын өзгөрүшүнө каршы жүрүштөр былтыр жайдан тарта күчөгөн. Анын башында 16 жаштагы швециялык активист кыз Грета Тунберг турат.

Ал Европа жана британ парламентине кайрылуу жасап, Рим папасы Франциск, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама менен жолугушту, бир топ сыйлыктарды алды.

"Тайм" журналы активист кызды дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдардын тизмесине киргизди.

Дүйнөлүк басма сөз Тунбергге 2018-жылы көңүл бура баштаган. Анда өспүрүм кыз жума күндөрү сабакка барбай, Швециянын бийлигинен экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылууга өткөн. «Мектептеги иш таштоо» деген атка конгон мындай акциялар Швецияда гана эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынан да колдоо таап кеткен.

«Fridays for Future» кыймылына кошулган өспүрүмдөр климаттын өзгөрүшү мектептеги сабактан да маанилүү деп эсептешет.

Мындан он күндөй мурда ага «Amnesty International» укук коргоо уюму өспүрүм кызга «Абийир элчиси» наамын ыйгарган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG