Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Бишкек Париж келишимин аткара элек


Өмүрдөн көмүр кымбатпы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:23 0:00

Өмүрдөн көмүр кымбатпы?

Ушул күндөрү Польшада ири экологиялык конференция өтүүдө. Ага Кыргызстандан да расмий делегация кеткен.

Кыргызстандык эко-активист Мария Колесникова Польшанын Катовице шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүн талкуулаган ири экологиялык конференциясына катыша албай кайтып келди.

Аны Варшаванын аэропортунан “коомдук тартипке коопсуздук туудурушу ыктымал” деген жүйө менен польшалык чек арачылар Кыргызстанга депортациялады. Ал аталган жыйында Кыргызстандын Париж келишими боюнча турумун билгиси келип, бул тууралуу өзү дагы баяндама жасамак.

Активист Мария Колесникова “Азаттыкка” буларды айтты:

Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

- Мен Польшанын Катовице шаарында өтө турган эки апталык эл аралык климаттык сүйлөшүүлөргө катышмакмын. Бул дүйнөлүк масштабдагы абдан маанилүү сүйлөшүү. Ал иш-чарага 197 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жатат. Бул конференцияга 32 миң киши катталган. Кыргызстандан да расмий делегация түзүлгөн. Ага негизинен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин өкүлдөрү жана эки консультант кирген. Тилекке каршы, мен расмий делегациянын курамына кирбей калгам. Ошондуктан жергиликтүү экология жаатында иш алып барган уюмдардын атынан кеткем.

Кыргызстандан кеткен делегациянын курамына Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери гана кирген.

Бирок аталган мекеменин басма сөз өкүлү Бакыт Рысалиев кыргыз делегациясына эмне себептен башка активисттер кирбей калганын жана конференцияда эмне маселени көтөрөрүн так айткан жок:

- Климаттын өзгөрүшү эми бул чоң маселе да. Ошол боюнча да ал жактан биздин өкүлдөр кезеги келсе сөз сүйлөшү мүмкүн. Кандай маселенин тегерегинде сөз болорун азырынча айта албайм. Бул тууралуу алар келгенден кийин эле тагыраак жооп алсак туура болот го.

Улуттар Уюмунун алдында уюштурулуп жаткан конференциянын негизги максаты - Париж келишиминин шарттарын ишке ашыруунун жолдорун талкуулоо. Кыргызстан Париж келишимине 2015-жылы кол койгону менен, аны ратификациялабаган 13 өлкөнүн катарында турат.

Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан башка бардык мамлекеттер бул келишимди ратификациялаган.

Экология жаатында иш алып барган активисттер Кыргызстан Париж келишимин ратификациялоо менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болорун байма-бай айтып келишет.

Рада Туманбаева.
Рада Туманбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева Кыргызстан көпчүлүк учурда ашыкча бюрократиянын айынан көптөгөн эл аралык келишимдерди ратификациялабай келерин белгиледи.

Анын айтымында, парламент жана башка бийлик өкүлдөрү экология проблемаларына жетиштүү көңүл бурбай келишет:

- Конвенция боюнча биздин мамлекет бир-эки маселе боюнча даяр эмес болуп жатат. Бардык эле конвенцияларга катышабыз, бирок айрым пункттар менен жетишпей калабыз. Бир эле ведомство өзгөртүү киргизсе, бардык кагаздар кайрадан өкмөткө жөнөтүлүп, кайрадан бюрократиялык процедуралардан өтүп чыгышы керек экен. Биз азыр күнүмдүк гана маселелерге көңүл буруп жатабыз. Бирок түпкүрүндө турган экологияга жетиштүү көңүл бурбай келебиз. Эки жылдын ичинде эле Бишкектеги абанын булганганын сездик. Азыр борбордо жайгашкан үйлөр терезелерин ача албай калды.

Депутат 2019-жылды Экология жылы деп жарыялоону Жогорку Кеңеште сунуштаган.

Учурда Кыргызстанда экологияны коргоо жаатында иш алып барган 19 уюм биригип, Париж келишимин ратификациялоо жараянын тездетүүнү көздөп, тиешелүү петицияга онлайн түрүндө кол топтоодо.

Абанын кирдегенин сездиңизби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG