Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкекти машинелер менен конуштар ыштайт


Бишкек жылуулук борбору. 10-январь, 2018-жыл.
Бишкек жылуулук борбору. 10-январь, 2018-жыл.

Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында абанын булганышы кызуу талууланып жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2010-жылга салыштырмалуу акыркы жылы абага зыяндуу заттардын тарашы эки эсе көбөйгөн.

Абанын булганышына эмне себеп болуп жатат? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө ушул маселе талкууланды.

Талкууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин Айлана-чөйрөнүн булганышын байкоо башкармалыгынын адиси Мээрим Асанбай кызы, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Чүй, Бишкек башкармалыгынын жетекчиси Аязбек Кыдыргычев, Экотехинспекциянын өкүлдөрү Жолдош Нурмамбетов жана Асел Мурзабаева катышты.

“Азаттык”: Кийинки айларда абанын булганышы, жалпы эле экология маселеси тууралуу көп сөз айтылып жатат. Абанын булганышына эмне себеп болууда?

Жолдош Нурмамбетов: Бишкек шаарынын абасынын булганышына соңку жылдары автомашиналардын көбөйүшү эң негизги себеп болуп жатат. Экинчиси - жаңы конуштар. 47 жаңы конуш бар, алардын бардыгы отун, көмүр менен жылыйт.

Үчүнчүдөн, стационардык булак деп коет, Бишкек жылуулук борборуна келген көмүрдүн сапаты, чыпканын иштеши. Төртүнчүсү - эмдигиче шаардын планы бекий элек. Ошого байланыштуу Аламүдүн жана Ала-Арча капчыгайынын баш жагына бийик, көп кабатуу үйлөрдүн туруп калышы. Архитектуралык чечимдердин да экологияга таасири тийип жатат. Шаардын өпкөсү - бак-дарак, эки капчыгай. Азыр бүт баары 16 кабаттуу тамдар менен тирелип турат, шаарда жел жүрбөйт.

Негизгиси - көзөмөлгө, айып салууга эмес, үгүткө басым кылыш керек. Экологиялык маданиятты үйрөтүш керек. Жаңы бактарды тигиш керек, аны караш керек. Менчик мончолорго дөңгөлөк жактырбаш керек.

“Азаттык”: Мээрим айым, акыркы жылы абага зыяндуу заттар эки эсе көп тараганын Улуттук статистика комитети билдирген эле. Абанын булганышы кандай текшерилет, башка аймактарда абал кандай?

Бишкектин сыртынан көрүнүшү.
Бишкектин сыртынан көрүнүшү.

Мээрим Асанбай кызы: Азыркы учурда Бишкек шаарында жети стационардык пост бар. Анда беш кирдетүүчү зат аныкталат. Тилекке каршы, жабдыктардын иштен чыкканына жана жаңыларын сатып алууга каражаттын жоктугуна байланыштуу негизги кирдетүүчү заттардын бири болгон бензопирен жана чаң аларда азырынча өлчөнбөйт. Байкоо жүргүзүлбөйт. Учурда классикалык кирдетүүчү заттарга байкоо жүргүзүлөт. Алар: азоттун оксиди, диоксиди, күкүрттүн диоксиди, аммиак жана формольдегид. Бул көрсөткүчтөр нормадан ашкан учурлар бар. Мисалы, азоттун оксиди, диоксиди 1,5-2 эсе, ал эми формальдегид 3 эсеге чейин нормадан көп. Азыркы убакта атайын долбоордун алкагында автоматтык станция орнотулуп, бир жылдан бери иштеп жатат. Мына ушул станцияда чаңдын нормасын аныкталат. Ноябрь айындагы текшерүүлөрдүн натыйжасын карасак көмүртек нормадан 1-1,5 эсе көп болсо, чаң боюнча деле абал ушундай.

Негизи эле кирдетүүчү зат чектен ашкан учурда адамдын организмине терс таасирин тийгизет. Дем алуучу органдар жабыр тартып, аллергия, керек болсо рак ооруларын козгошу ыктымал.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

“Азаттык”: Асел айым, экология эмнелердин эсебинен булганып жатканы айтылды. Аны көзөмөлдөөдө, чара көрүү жагынан мыйзамдык нормалар жетиштүүбү?

Асел Мурзабаева: Биз административдик чара көрөбүз, айып салынат. Мисалы, 2012-жылдан 2017-жылга чейин атмосфералык абанын булганышы боюнча 896 ишканага 2 млн 575 миң сом административдик айып салынган. Андан сырткары, 31 ишканага айлана-чөйрөгө келтирген зыяны үчүн 760 миң сомдон ашуун доо коюлган. Жакшы эле мыйзамдар бар. Бирок мыйзам алдындагы актылар толук иштелип чыга элек. 2012-жылы автотранспорттордон чыккан зыяндуу заттарды ченеш үчүн атайын нускама бар эле, азыр ал күчүн жоготуп койгон.

Талкууну толугу менен төмөнкү аудиодон угуңуз:
Элди ойлондурган экология
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:59 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG