Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Дональд Трамп Лондонго келди


АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Лондондун Станстед аба майданында. 3-июнь, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Лондондун Станстед аба майданында. 3-июнь, 2019-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп үч күндүк мамлекеттик сапары менен Лондонго келди. Анын бул келишин утурлай Британиянын бир катар шаарларында Трамптын саясатын сындаган акциялар өткөнү турат.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен биринчи айым Мелания отурган учак дүйшөмбү күнү эртең менен Лондонго конду. Трамп үч күндүк мамлекеттик сапарынын биринчи күнүндө британ ханышасы Елизавета II баш болгон падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, андан соң премьер-министр Тереза Мэй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

АКШ президентинин бул иш сапары Британиянын өзүндө Брекзит боюнча талаш-тартыш уланып, премьер-министр Тереза Мэй кызматтан кетүүгө камынып жаткан учурга туш келди.

Трамп жекшемби күнү Лондонго жөнөгөнү жатканда АКШ менен Британиянын кызматташтыгынын келечегин мындайча мүнөздөгөн эле:

«Менимче, бул сапар абдан маанилүү жана кызыктуу болот. Британияда көп нерсе болуп жатат. Бардыгы жөнгө салынарына ишенем. Сиздер билгендей, алар АКШ менен соода кылгысы келет. Жакынкы келечекте абдан чоң соода келишимине мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм».

АКШнын президенти Дональд Трамп, биринчи айым Мелания Трамп британ ханышасы Елизавета II менен. 13-июль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп, биринчи айым Мелания Трамп британ ханышасы Елизавета II менен. 13-июль, 2018-жыл.

Бул сапардын алдында Трамптын британ басылмаларында чыккан маегинде айткан сөздөрү Британиянын өзүндө талкуу жаратты. Трамп бул маектеринде британ премьери Мэйдин ордуна мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон «мыкты» тандоо болоорун айткан. Ошондой эле Мэйдин ордун баса турган премьер-министр Брюссел менен сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетиши керек экенин, Британия Евробиримдиктеги мүчөлүгүн эч келишими жок эле токтоткону туура болорун белгилеген.

Трамп Британияга конгондон көп өтпөй «Твиттер» аркылуу Лондондун мэри Садик Ханды кайрадан сындап, аны АКШнын президентине көңүл бургуча шаардагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чакырды. Ага чейин Хан Трамптын саясатындагы кемчиликтерди бетине айта албаганы үчүн британ өкмөтүн сынга алган эле.

Айтор, Трамптын мындай билдирүүлөрүнө жана анын жалпы саясатына каршылык иретинде Британиянын Лондон баштаган бир катар шаарларында нааразылык акциялары уюштурулганы турат.

Андай акциялардын бири британ ханышасы Елизавета II Трамп менен биринчи айым Меланиянын урматына уюштурган сый тамак маалында Букингем сарайынын алдында да өтмөкчү.

Британиянын шаарларында мындай акцияларга каршы чыккандар менен бирге аларды колдогондорду да кездештирүүгө болот.

«Алар Трамптын иш сапарына, анын саясатына эмне үчүн нааразылык билдирип жатканын түшүнүп турам. Ал Британиянын ички ишине кийлигишип, «кийинки премьер-министр ким болушу керек» деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатат. Анда мындай ыйгарым укук жок. Ал өкмөткө ким келерине же келбей турганына таасир этпеши керек», - деди Бирмингем шаарынын азыр Лондондо жүргөн тургуну Алис Жексон.

Трамптын Британиядагы былтыркы сапарында уюштурулган акциялардын бири. Лондон, 13-июль, 2018-жыл.
Трамптын Британиядагы былтыркы сапарында уюштурулган акциялардын бири. Лондон, 13-июль, 2018-жыл.

Дональд Трамптын 2018-жылы Британияда өткөн сапары да нааразылык акциялары менен коштолгон. Анын бул жолку келишинде британ премьер-министри Тереза Мэй климаттын өзгөрүүсү тууралуу маселе көтөрүшү күтүлүүдө. Вашингтон дүйнөдө температуранын жогорулашынын жана климаттын өзгөрүшүнүн алдын алууну көздөгөн Париж келишиминен чыгууну чечкен.

Мындан тышкары эки лидер кытайлык «Huawei» компаниясы тууралуу да сүйлөшкөнү турушат. АКШ бул компанияны коопсуздук маселелеринен улам «кара тизмеге» киргизген. Британия болсо кытайлык ишкананы өлкөдөгү 5G түйүнү боюнча долбоорго катыштыруу маселесин карап жатат.

Трамп мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин 5-июнда Портсмут шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн «Нептун» операциясынын 75 жылдыгына арналган иш-чарага да катышат. 1944-жылдын 6-июнунда АКШ, Британия, Канада баштаган бир катар өлкөлөр нацисттер көзөмөлгө алган Франциянын Нормандия аймагына өз күчтөрүн жайгаштырган эле.

Трамп Британиядагы сапарынан кийин Ирландияга жана Францияга бармакчы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG