Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 04:46

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШнын глобалдык Париж келишиминен чыгуу тууралуу чечимин "ашкере агрессивдүү" деп баалады. Ошол эле учурда бул кадам мунасанын иштешине түрткү бергенин белгиледи.

- Президент Трамптын Париж келишиминен жөн гана чыгып кетүү чечими жаңы тарыхтын башталышы болду. Анын чечиминен кийин биз ратификацияны тездетип, клубга көбүрөөк өлкөлөр кошулду жана Париж келишимин ратификациялашты, деди Макрон. ​

Бирок Макрон Трамп кайра кайтса кубанычта болорун кошумчалады.

Ушу тапта Франция Париж макулдашуусунун эки жылдыгына карата “Бир планета” саммитин өткөрүүдө. Анын максаты - экономикасы өнүккөн өлкөлөрдү, бай компанияларды глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө жана жарды өлкөлөргө көмөктөшүүгө каражат бөлүүгө үндөө. Дүйнө коомчулугу 2020-жылга чейин буга 100 млрд. доллар кошууга тийиш.

2015-жылы 200дөй мамлекет Париж макулдашуусуна кирген. Ал эми быйыл жайында Дональд Трамп шайлоо алдындагы убадаларынын бирин аткарып, АКШ Париж келишиминен чыгаарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG