Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

АКШ Париж келишиминен чыгуу жараянын баштады


АКШ климаттык өзгөрүү боюнча Париж келишиминен чыгуу жараянын баштады. Мамлекеттик департамент 4-августта билдиргендей, БУУдагы делегация баш катчы Антониу Гутеррешке бул тууралуу маалымдады. Келишимден чыгуу жараяны эки жылга созулат.

1-июнда президент Дональд Трамп 2015-жылы дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери кол койгон Париж келишиминен АКШ чыгарын жарыялаган. "Америкалыктар бул келишимден чыгышы керектиги" Трамптын шайлоодогу убадаларынын бири болчу. Буга чейин эле Париж келишимине кирүү АКШ үчүн пайдасыз экенин, завод-фабрикалардын жабылышынан жумуш орундары азайып, анын зыяны америкалыктардын бакубат жашоосуна тийерин айткан.

Париж келишими зыяндуу газдарды чектөөнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG