Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Лондон мэри Трамптын Британияга сапарын болтурбоого чакырды


Лондондун мэри Садик Хан
Лондондун мэри Садик Хан

Лондондун мэри АКШ президенти Доналд Трамптын британиялык ашынган оңчулардын билдирүүлөрүн "Твиттердеги" баракчасына бөлүшкөнүн сынга алып, анын Британияга күтүлүп жаткан сапарын болтурбоого премьер-министр Тереза Мейди чакырды.

Садик Хан 30-ноябрда жасаган билдирүүсүндө Трамп "экстремисттик, жийиркеничтүү топту" жайылтканын айтып, мындан улам анын Британияга келишин кубаттабай турганын айтты.

Хан ошондой эле Трампты Британия менен Кошмо Штаттар ортосундагы "өзгөчө мамилени" сатканы үчүн айыптады.

Трамптын Британияга келбешин жактаган британиялыктардын саны өсүүдө. Оппозициядагы Либерал-демократиялык партиянын лидери Винс Кейбл анын кыймылы премьер-министр Тереза Мейдин дарегине жазылган онлайн-петицияны колдоорун айтты. Анда Трамптын Британияга сапарын болтурбоо талабы камтылган.

29-ноябрда Доналд Трамп мусулмандарга каршы маанайдагы үч билдирүүнү өз баракчасына бөлүшкөн. Ак үйдүн маалымат бөлүмү президент маселе канчалык көйгөйлүү экенин жеткирүүнү көздөгөн десе, британ премьер-министри Тереза Мей пресс катчысы аркылуу Трамптын бул кадамы туура эмес экенин билдирген.

Ага Трамп ошол эле "Твиттер" аркылуу "Тереза Мей мага эмес, Падышачылыктагы ислам террорчулугуна көңүл буруңуз. Бизде баары жакшы" деп жооп берген.

Трамптын Британияга сапары 2018-жылдын башында болот деп күтүлүп жаткан.

XS
SM
MD
LG