Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

«Хуавейдин» АКШга каршы күрөшү


«Huawei» компаниясынын дүкөнү.
«Huawei» компаниясынын дүкөнү.

Кытайлык «Huawei» компаниясы АКШнын өкмөтүнө каршы март айында берген доосун тез арада кароону Кошмо Штаттардын сотунан өтүндү.

Алар мамлекеттик органдарга кытай өндүрүмүн сатып алууну тыюу салган мыйзамды «конституциялык эмес» деп табууну өтүнүшкөн.

АКШнын «Мамлекеттик коргонуу жөнүндө» мыйзамынын 2018-жылы кабыл алынган 889-бөлүгү федералдык агенттиктерге коопсуздуктан улам «Huawei» ишканасынын жабдыктарын колдонууга тыюу салган.

АКШнын бийлиги муну компания кытай өкмөтү менен кызматташуусу ыктымал деп түшүндүргөн. Вашингтондогу коопсуздук жана чалгын мекемелери бир канча убактан бери эле «Huawei» компаниясын «ишенимсиз өнөктөш, Бээжиндин репрессиялык бийлигине кызмат кылат» деп айыптап келет. Ошондой эле «колдонуучуларынын маалыматтарын мыйзамсыз чогултуп, тыңчылык иштерин жүргүзөт» деп шек санайт.

«Huawei» компаниясынын жогорудагы мыйзамга каршы доо арызын кароону Техастын соту 19-сентябрга белгилеген. Бирок компания ишти тезинен кароону өтүнүп жатат.

«Биз азыр гана жөнөкөйлөтүлгөн шартта кароо боюнча өтүнүч келтирдик. Биз муну менен сот тез жана натыйжалуу чечим чыгарат, «Huawei» компаниясына карата чектөөнү «конституциялык эмес» деп жарыялайт жана тиешелүү санкцияларды колдонууну токтотот деп үмүттөнөбүз. АКШнын саясатчылары бүтүндөй өлкөнүн күчүн жеке компанияга каршы коюп жатат. Алар колдо бар куралдарды, анын ичинде мыйзамдык, административдик жана дипломатиялык жолдорду колдонууда», - деди «Huawei» компаниясынын башкы юристи Сон Люпин.

АКШнын Соода министрлиги 16-майда «Huawei» компаниясын кара тизмеге киргизип, америкалык компанияларга аны менен кызматташууга тыюу салган.

Биринчилерден, болуп «Google» корпорациясы «Huawei» компаниясы чыгарган смартфондордогу андроид операциондук системасынын айрым функцияларын чектей турганын билдирген. Ошондой эле бул телефондордун жаңы версияларында «YouTube» порталы жана «Maps» тиркемеси жана «Google» компаниясынын тиркемелер дүкөнү иштебей турган болду.

АКШ өкмөтүнүн чектөөсүнөн улам башка да компаниялар «Huawei» компаниясы менен кызматташтыкты токтото турганын жарыялады. Алардын катарында жапониялык «Panasonic» компаниясы жана микрочип жасаган британиялык ARM ишканасы да бар.

Бирок 20-майда АКШ администрациясы «Huawei» компаниясына телекоммуникациялык жабдуулар менен смартфондордун иштешин камсыз кылган технологиялык шаймандар менен тетиктерди сатып алууга үч айлык мөөнөткө макул болгон. Ал эми Соода министрлиги убактылуу лицензия берген. Бул утурумдук чечим 90 күндөн кийин узарышы же биротоло токтошу да мүмкүн.

Кытайлык компания «кара тизмеге» киргизген чечимдин АКШ үчүн кесепети чоң болорун эскертүүдө. Компаниянын башкы юристи Сон Люпиндин айтымында, алардын өндүрүмүн жана кызматтарын 170тей өлкөдө 3 миллиард киши колдонот.

Айрым эксперттердин айтымында, «Huawei» учурда башкалардан көз каранды болбогон операциондук система жасап жатат.

«Huawei» - смартфон жана IT технологиялык жабдуу чыгаруу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы ири компаниялардын бири. Башка кытай компанияларынан айырмаланып, бизнесинин көбүн чет мамлекеттерде жүргүзөт. Компаниянын былтыркы таза кирешеси 92 миллиард доллар болгон.

«Huawei» компаниясынын смартфондору дүйнөдө «Самсунгдан» кийинки эле орунду ээлейт. Айрым өлкөлөрдө ал биринчи орунда турат.

АКШнын «Huawei» боюнча чечими Кытай менен Кошмо Штаттардын «соода согушу» дээрлик он айдан бери уланып жаткан учурга туш келди. АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына бажы тарифин 25 пайызга чейин көтөргөн.

Ал эми «Nike», «Adidas» жана «Puma» өңдүү 170тей ири компания өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трампты Кытай менен «соода согушун» токтотууга чакырып, жаңы тарифтер экономикага сокку ура турганын билдиришти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG