Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

"Google" компаниясы "Huawei" смартфондоруна чектөө киргизди


"Huawei" компаниясынын Кытайдын Дунгуан шаарындагы кеңсеси.
"Huawei" компаниясынын Кытайдын Дунгуан шаарындагы кеңсеси.

"Google" корпорациясы Кытайдын "Huawei" компаниясы чыгарган смартфондордогу Андроид операциондук системасынын айрым функцияларын чектей турганын билдирди. Ошондой эле бул телефондордун жаңы версияларында "YouTube" жана "Maps" сыяктуу тиркемелер жана "Google" компаниясынын тиркемелер дүкөнү иштебей турган болду.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы "Huawei" компаниясын “АКШнын улуттук коопсуздугуна каршы келген ишмердүүлүгү үчүн” америкалык фирмалар менен соода алакасын жүргүзө албаган ишканалардын тизмесине киргизген.

"Google" дал ушул буйруктун негизинде чечим кабыл алганын билдирди. "Huawei" бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Айрым эксперттердин айтымында, учурда "Huawei" компаниясы өзүнүн операциондук системасынын үстүнөн иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG