Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:17

Өкмөт "Коопсуз шаарды" жаңыча ишке ашырат


Бишкек.

Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо алдында турат. Он күн мурда жарыяланган сынак онлайн тартипте жүрүп жатат. Азырынча ага канча компания катталганы белгисиз.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети жети жылдан бери жүзөгө ашпай келаткан "Коопсуз шаар" долбоору бул ирет сервистик модел ыкмасы аркылуу ишке киргизилерин билдирүүдө. Тагыраагы, долбоорго мамлекеттик казынадан каражат берилбейт, ал сынактан утуп чыккан инвестордун жардамы менен ишке ашат.

Өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев "Азаттыкка" билдиргендей, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынак 20-июлда жарыяланды. Ага катышууну каалаган компаниялар онлайн түрдө каттоодон өтүп жатат. План боюнча сынакка кайсы компаниялар катышканы 10-августта белгилүү болот:

- Бул онлайн сынак. Каалоочулар 10-августка чейин каттоодон өтөт, бирок биз аны көрө албайбыз. Ошол күнү гана ачабыз. Долбоорго байланыштуу 20-июлга чейин биз талкууларды өткөрдүк. Ага 30га жакын компания катышты. Алардын баары эле сынак тууралуу сунуштарын беришкен. Азыр ага катышууга кызыккан үч-төрт компания бар.

Бишкек
Бишкек

Бакыт Шаршембиевдин айтымында, өкмөт бул ирет "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырыш үчүн сервистик модел ыкмасын тандап алды. Ага ылайык, долбоорго мамлекет каражат салбайт. Керектүү жабдууларды сынактан жеңип чыккан компания орнотот. Кийин өкмөт ал компаниядан видеокаттоо системасына жазылган маалыматтарды сатып алат. Ошентип, сынактан уткан компания жол эрежеси бузулган учурларды чогултуп, аны өкмөткө сатат. Өкмөт айдоочулардан алынган айыппулдан компанияга да бөлүшүп, натыйжада ал долбоорго берген инвестициясын кайтарып алат.

Буга чейин сыноо иретинде Бишкекте төрт көчөнүн кесилишине орнотулган видеокамералардын иши талданып, анын алкагында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Өкмөттүн эсебинде, Бишкек шаарында видео көзөмөл жабдууларын орнотуп, ишке киргизүүгө 12,5 миллион доллар керектелет.

Өткөн айда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан "Коопсуз шаарды" ишке киргизүүдө эки жолдун бирин тандай турганын билдирген. Алардын бири - Москванын тажрыйбасын колдонуу, экинчиси - мамлекеттик-жеке менчик компания түзүү болчу. Өкмөт азыр Москва тажрыйбасын тандап алды. Боронов "Азаттыкка" долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси башынан баштап иштелип чыкканын айтты:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Жаңы өкмөт ишке киргенден бери ушул маселе менен иштеп жатат. Үч ай ичинде нөлдөн баштадык десек болот. Техникалык-экономикалык негиздеме, техникалык тапшырмалардын эч нерсеси даярдалган эмес экен. Ошолордун баарын кайрадан жазып, даярдоого туура келди. Сынактык документтерди, анын ичинде 20дан ашык мамлекеттерде ушул иштерди алып барган компанияларды чакырып, алар менен сүйлөшүү, статистикалык талдоо жүргүзүү иштеринин баарын тез арада, үч айда даярдаганга мүмкүнчүлүк болду.

"Коопсуз шаар" долбоорун киргизүү аракети 2011-жылы башталып, ошондон бери ишке ашпай келет. Ушул жылдын башында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү "Коопсуз шаардын" ордуна "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишим түзгөн. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки башкы шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камераларын орнотуу каралган. Бирок март айында кыргыз тарап кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Аны өкмөт “келишимде жазылган мөөнөт сакталган жок, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалды" деп түшүндүргөн. Долбоор мамлекеттин күчү менен ишке киргизилери жарыяланган. Эми аны жүзөгө ашырууга кайрадан инвестор тартылмай болду.

"Акылдуу шаар" долбоору кирген "Таза коом" программасынын мурдагы координатору Талант Султанов азыркы өкмөттүн "Коопсуз шаар" долбоорунун масштабы чакан болуп жатат деген ойдо:

Талант Султанов.
Талант Султанов.

- Биз сунуш кылган долбоор "Акылдуу шаар" болчу. Бишкек, Ош шаарлары, чоң трассалар - Бишкек-Ош, Бишкек-Ысык-Көл, аэропортко кеткен жол кошулмак. Долбоорго чоң инвестор келип, баарын баштан аягына чейин бүтүрүп берет деп ойлогонбуз. Бирок "Huawei" компаниясы алган милдетин аткара албай, келишим жоюлган. Андан кийин биз аны өз күчүбүз менен жасайбыз дегенбиз. Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда төрт кесилишке видеокамера илинип, программалар иштей баштаган. Ошол тажрыйбаны башка кесилиштерде да колдонсо оңой болмок. Бул жерде бир маселе чечилбей жаткан, мыйзамдарды толуктоо багытында. "Камерага жазылган айыппулдарды жарандарга кантип маалымдайбыз, кантип чогултабыз?" деген маселе чечилиши керек болчу. Азыркы менчик сектор катыша турган долбоор мурункусунан чакан. Бишкектеги жол кесилиштерин гана камтып, жол эрежелерин бузгандарды гана текшерип турат. Ошентсе да, акырындап иштин башталганы жакшы жышаан. "Акылдуу шаарда" көп компонент камтылган эле. Эң негизгиси - жарандарга, айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү, жол тыгындарын иретке салуу, "Акылдуу жол чырак", "Акылдуу автоунаа токтотуу жайы" деген компоненттер бар болчу. Шаардагы зымдардын баары жер алдына көмүлмөк. Эми мамлекеттик органдар сынакты ачык өткөрүүгө аракет кылышы керек. 2011-жылдан баштап ар бир премьер ушул долбоорду ишке ашырам деп жетишпей калууда. Анткени премьер-министрлер бир жылдан аз иштеп атышат. Мындай чоң долбоорлорду ишке ашырыш үчүн көп убакыт керек. Пландаштыруу этабы эле көп убакытты алып коет.

Ошол эле учурда коомчулукта "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашаарынан күмөн санагандар да бар. Жарандык активист Чоробек Сааданбек өкмөт тандап алган ыкманы колдоп, бирок аны ишке ашырууда мурдагыдай мүчүлүштүктөргө жол берилбеши керек деп эсептейт:

Чоробек Сааданбек
Чоробек Сааданбек

- Сырттан карыз албай эле аны компанияларга берип, андан түшкөн кирешеден бөлүшүп ишке ашыруу - жакшы идея. Туура аткарса жакшы болот. Анын ишке ашуусуна абдан тилектешпиз. Бирок долбоор канчалык деңгээлде ишке ашаарын азырынча айтыш кыйын.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу демилгеси жол кырсыктарын жана кылмыштуулукту азайтуу максатында көтөрүлгөн. Алгач видеокамералар трассалар менен кошо чоң шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына да коюла турган болгон. Бирок долбоор ишке ашпай, ызы-чуу менен коштолуп келе жатат. 2012-жылы алгачкы тендерде кытайлык компания утуп чыгып, "баасы өтө эле кымбат, мыйзам бузуу болгон" деген негизде сот анын жыйынтыгын жокко чыгарган. Бирок тендер өткөргөн жооптуу аткаминерлерге чара көрүлгөн эмес.

Кийинки тендер 2014-жылы болуп, жеңүүчү деп табылган “Стилсофт-Бишкек” компаниясынын айланасында да талаш тартыш чыккан. Аталган компания менен соттук териштирүүлөргө азыр да чекит коюла элек.

Ал арада өлкөдө жол кырсыктары күн санап көбөйүп жатат. Расмий маалыматка караганда, соңку он беш жыл ичинде Кыргызстанда жол кырсыктары 15 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Авариялардан жылына орто эсеп менен миңден ашык киши каза табат. Ар кандай жараат алып, майып болуп калгандар мындан көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG