Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:29

Кыргыз өкмөтү Бишкек жана Ош шаарларына камера орнотууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган "Акылдуу шаар" долбоорун өз күчү менен ишке ашырууга белсенүүдө.

Премьер-министр Сапар Исаков бул долбоорду ишке ашырууга үч мамлекеттик орган жооптуу болорун жана керектүү каражат казынада бар экенин билдирди.

Сапар Исаков өткөн аптанын соңунда "Акылдуу шаар" долбоорун өкмөт өзү колго алганын жарыялады. Долбоорду жүзөгө ашырууга Мамлекеттик каттоо кызматы, "Кыргызтелеком" ишканасы жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриясы жооптуу болот:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Мамлекеттик каттоо кызматы программалык камсыздандыруу боюнча жооптуу. Башкача айтканда, бул биздин долбоордун жүрөгү. Каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы "Акылдуу шаар" долбоорун башкарат. Экинчи орган катары "Кыргызтелеком" ишканасы оптикалык була линиясын тартуу менен алектенет. Үчүнчүдөн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына камера, жолчырак жана мамычаларды орнотуу жоопкерчилиги жүктөлөт. Башкача айтканда, жергиликтүү бийлик курулуш иштерин өзү жүргүзөт. Тиешелүү иш башталган соң өлкөнүн бюджетинен мыйзамга ылайык камераларды, жолчырактарды жана башка жабдыктарды сатып алууга каражат бөлүнөт. Ал эми оптика-волокондук линияны тартуу же башка орнотууга кеткен чыгымды жогорудагы үч түзүм көтөрөт.

Бишкек.
Бишкек.

Премьер Исаков талкууга түшкөн долбоор үчүн өлкө бюджетинде керектүү каражат бар деп ишендирип жатат. Өз сөзүн бекемдеш үчүн өкмөт башчы акыркы эки айда бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн мисал келтирди.

"Акылдуу шаар" долбоору чуулгандуу "Коопсуз шаар" долбоорунун кеңейтилген формасы катары иштелип чыккан.

Өкмөт долбоорду ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен быйыл 11-январда келишим түзгөн. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки башкы шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулмак.

Бирок ушул айдын башында кыргыз өкмөтү кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу үзгөн. Өкмөт “келишимде жазылган мөөнөт сакталбай, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалганы үчүн” ушул чечимди кабыл алганын түшүндүргөн.

Мирсулжан Намазалиев.
Мирсулжан Намазалиев.

Эми өкмөт долбоорду өзү аткарууга ниет кылып жатат. Бирок ал деле “Коопсуз шаардай" куру сөз бойдон калабы деп күмөн санагандар да бар. Алардын бири - жол коопсуздугун жогорулатууну талап кылып келген жарандык кыймылдын мүчөсү Мирсулжан Намазалиев:

- "Акылдуу шаарды" мамлекеттик компания менен мамлекеттик органдар аткара алаарына мен ишенбейм. Алар керек болсо расмий сайтын жетиштүү деңгээлде даярдай албай жатышат. Анан кайсы арына дымактуу планды ишке ашырат? Европа, Америка өлкөлөрү, Дубай сыяктуу чоң шаарлар мындай ири долбоорду өздөрү аткарбай, аутсорингге берип келген. Кыргызстан өз күчү менен ишке ашырат дегенге мен ишенбейм.

Мындай күмөн ойлор парламент депутаттарынын арасында да бар. Маселен, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев маселенин саясий тарабына көңүл бурууда:

- Учурдагы премьер жаңы кызматка шайланып, Жогорку Кеңешке келгенде "Бишкек жана Ош шаарында бул долбоорду алты ай ичинде ишке ашырууну моюнума алам" деп айткан. Эми "болбой калды, жылдырабыз" дегени - булардын өтө чоң катачылыгы. Эгер ишке ашса, канча адамдын өмүрү сакталмак. Буга кошумча мамлекеттик органдар долбоорду ишке ашыраарынан күмөнүм бар.

Ошол эле маалда коопсуздукка байланышкан долбоордун чет элдик ишканаларга берилбей, өлкөдө калганын кубаттагандар да арбын.

Даяр инфраструктура менен долбоорду эрте бүтүрүүгө мүмкүн болот. Ошондой эле мурда пландалгандан арзан түшөт. Жергиликтүү компаниялардын потенциалы жогору.
Айбек Күрөңкеев

Байланыш операторлор ассоциациясынын төрагасы Айбек Күрөңкеев жергиликтүү адистер "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыра аларын билдирди. Ал өкмөт уюштуруу иштерин жакшылап колго алышы керектигин белгиледи:

- Биз бул жанылыкты кубануу менен кабыл алдык. Эмне үчүн дегенде биздин буга чейин даярдаган инфраструктура колдонулат. Биз буга чейин деле Бишкек жана Ош шаарларында бир нече чакырым оптика-була линиясын тартканбыз. Демек, даяр инфраструктура менен долбоорду эрте бүтүрүүгө мүмкүн болот. Ошондой эле мурда пландалгандан арзан түшөт. Жергиликтүү компаниялардын дарамети чоң. Биздин адистер керектүү программаларды иштеп чыгышат.

Кыргызстанда ири шаарларга жана кан жолдорго видеобайкоо орнотуу долбоору тууралуу маселе жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам утур-утур көтөрүлүп келет. Былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 900дөн ашык киши каза болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG