Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:11

Кыргыз өкмөтү "Коопсуз шаар" долбоору боюнча Москва шаарынын тажрыйбасын колдонууну караштырып жатат.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 13-июнда Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун камсыз кылуу, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөттүк саатта билдирди. Ал бир ай ичинде сынак жарыяланарын, быйыл күздөн тартып Бишкек шаарында видео көзөмөл камералары орнотула баштарын маалымдады.

Кыргызстан бул долбоорду бир топ жылдан бери эле ишке ашыра албай келет. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун дарегине буга байланыштуу дооматтар көп айтылган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматына караганда, өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун эки этап менен ишке ашырат. Алгач быйыл күздөн тартып Бишкек шаарында 30 көчөнүн кесилишине, Бишкек - Чалдыбар, Бишкек - Кемин, Бишкек - "Манас" аэропорту, Бишкек - "Ак-Жол" автоунаа жолдоруна видео көзөмөл камералары орнотулат. Экинчи этабында, тактап айтканда, эмдиги жылы болсо видео камералар Ош, Жалал-Абад өңдүү ири шаарларда, Ош-Кара-Балта, Балкычы-Каракол автоунаа жолдоруна коюлат.

Кубатбек Боронов өкмөт бул долбоорду тендер менен ишке ашыруудан, мамлекеттин каражатын салуу ыкмасынан биротоло баш тартканын айтты. Ал Орусиянын борбор шаары Москванын тажрыйбасын колдонуу каралып жатканын билдирди:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Алгач Бишкек шаарына эксперимент кылып төрт камера коюп, жыйынтыгын талдап чыктык. 18-июнга чейин документациясы толугу менен бүтөт. Техникалык-экономикалык негиздемеси, техникалык тапшырмасы, концепциясы - баары бүтөт. Себеби буга чейин мунун баары жасалбаптыр. Балдарга бир аз убакыт керек болду, мунун баарын башынан түзүш керек болду. Биз ушуну бүтүргөндөн кийин сынак жарыялайбыз. Биз сервистик жол (адистештирилген техникалык каражаттардын жардамы менен топтолгон жол кыймылынын эрежелеринин бузуу фактыларын сатып алуу) деп, ошол жол менен баралы деп жатабыз. Мында сырттагы инфраструктураны акча салууга макул болгон өнөктөшүбүзгө беребиз. Биз андан кайсы бир суммага катталган маалыматтарды сатып алабыз. Бул Москванын тажрыйбасы, биз ушул жол менен баралы деп жатабыз. Экинчи жол - бул мамлекеттик-жеке менчик компания түзүү. Ушул эки жолдун бирөөсүн аныктап туруп, сынак жарыялайбыз.

Өкмөттүн эсебинде, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда видео көзөмөл жабдууларын орнотуп, ишке киргизүүгө болжол менен 12 миллион доллар жумшалат.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда буга чейинки каталарды эске алуу зарыл экенин эскертти:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Алты жылдан бери "Акылдуу шаарбы", "Коопсуз шаарбы", алты кадам алдыга жылган жок, алты көчөгө камера коюлган жок. Кубатбек Айылчиевич, ар кандай варианттарды айтып кеттиңиз. Бирок мамлекеттик-жеке менчик компания тууралуу мыйзам ушул тушта Жогорку Кеңеште талкууда жүрөт. Ал кол коюлуп, иштемейинче мындай компаниялар да иштебейт. Өкмөт жеке тараптардын сунуштарын карап чыгып, мүмкүн токтом кабыл алып ишти башташы керек. Мүмкүн долбоордун макамын бир аз төмөндөтүп, "Акылдуу көчө", "Коопсуз көчө" деп эле баштап турбайлыбы?

Мындан эки жыл мурун ИИМ пилоттук долбоор катары Бишкек-Кара-Балта жолундагы "Азамат" базарынын жанында видео көзөмөл камерасын орноткон. Ошондон бери 130 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган, айыппулдан мамлекетке 11,5 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.

Парламентте "өкмөттүк саатта" КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдагы паракорчулукка көңүл бурууну өтүндү.

Азамат Арапбаев
Азамат Арапбаев

- Бул маселени коомчулук, элдин баары эле билет, министр деле билсе керек. Катардагы МАИ кызматкери болуш үчүн бир топ каражат талап кылынат. Аттестациялык комиссия формалдуу түрдө эле иштейт. Мунун айынан сабатсыз жарандарыбыз МАИ кызматкери болуп калып жатышат. Өздөрү сабатсыз болсо, жол коопсуздугун кантип карайт? Күнүмдүк акча чогултуу деген бар, миң сомдон 1,5 миң сомго чейин. "Майлуу трасса", "майсыз трасса" деген бар. Взводдун командири талабын аткарып ошол акчаны алып келип бергендерди "майлуу трассага", ал эми акча бербегендерди "майсыз трассага" бөлүштүрөт. Эгер колуна радар тийсе ага өзүнө ставка экен. Ошону көзөмөлгө алып берсеңиздер. МАИ кызматкерлери элден канчалык акча албаса, ошончолук тартип бекемдейт.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров Жогорку Кеңеште атайын жумушчу топ түзүп, долбоорду баштан-аяк көзөмөлгө алууну сунуш кылды. Ошондой эле ал өкмөттүн жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү:

Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

- "Коопсуз шаар" долбоорун 2011-жылы баштадык эле. Ошондон бери айтып эле келатабыз. Ошондон бери беш миң киши каза болду. Бир да киши жоопкерчилик тарткан жок. Муну токтотуш керек, долбоорду ишке ашырыш керек. Башка мамлекеттерге шылдың болуп бүттүк. Жогорку Кеңеш да муну көзөмөлдөйлү. Акча бөлүнүп жатабы же жокпу, баарын карайлы. Финансы министри өзүнчө, ИИМ өзүнчө, өкмөт өзүнчө мамлекет болуп калды. Бири-бирине эле шылтап коюп отурат. Жоопкерчиликти өкмөт алышы керек. Ошол каза болгон беш миң кишинин өмүрү өкмөттүн мойнунда.

Ушул жылдын башында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишим түзгөн. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки башкы шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камераларын орнотуу каралган. Бирок март айында кыргыз тарап кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Аны өкмөт “келишимде жазылган мөөнөт сакталган жок, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалды" деп негиздеген.

“Коопсуз шаар” боюнча алгачкы тендер 2012-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда өткөн. Анда кытайлык компания утуп алган. Бирок "баасы өтө эле кымбат, сынактын жол-жобосун сактаган эмес, мыйзам бузуу болгон" деген негизде соттун чечими менен тендердин жыйынтыгы жокко чыккан. Мындай тендер өткөргөн жооптуу аткаминерлерге чара көрүлгөн эмес.

Экинчи тендер 2014-жылы август айында жарыяланган жана сегиз компания катышып, жыйынтыгында “Стилсофт-Бишкек” жеңүүчү деп табылган.

Бирок 2015-жылы март айында ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде уткан компания менен келишимге кол коюудан баш тарткан. Турганбаев сынакта жеңип чыккан “Стилсофт Бишкек” кыргыз-орус ишканасынан күмөн санап, "тендердин жыйынтыгын өкмөттүк комиссия текшериши керек жана жаңы сынак жарыяланышы зарыл" деп билдирген. Сынак өткөргөн комиссиянын айрым мүчөлөрү тендердин үзгүлтүккө учурашы үчүн ИИМдин өзүн айыптап чыкты. Ушул тушта кыргыз өкмөтү “Стилсофт Бишкек” менен соттошуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG