Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Орусиядан кармалып келген Турду Акматалиев абакта жазасын өтөп чыкты


Турду Акматалиев.
Турду Акматалиев.

Орусиянын Красноярск шаарында кармалып, Кыргызстанда соттолгон Фейсбук колдонуучусу Турду Акматалиев абакта жазасын өтөп бүтүп, 2026-жылдын 3-январында эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы октябрь айында Красноярск шаарынан кармалып келгенден кийин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. 2025-жылдын 12-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 3 жыл 2 айга абакка кесилген. 2025-жылдын август айында №27 жатак абакка которулуп, жазасын өтөп чыккан. Ал жабык жайларда баш-аягы 1 жыл 10 ай отурганын айтты. Турду Акматалиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып коюлган.

Кыргыз жарандары Орусиядан кармалып, Кыргызстанда сот жообуна тартылган окуялар буга чейин да болгон.

2022-жылы 7-сентябрда активист Эмил Бекиев Орусиядан депортацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, ал Фейсбук баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген. Аны 2023-жылы июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 2024-жылы 1-февралда Москвадан кармалып, өлкөгө алынып келген. Биринчи май райондук соту аны 3 жыл 5 айга абакка кескен. (BTo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG