Кыргызстанда күйүүчү май литрине 1-1,5 сомго арзандады. Баалар Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдор жыл аягында жасаган арзандатуудан улам төмөндөдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, мындай арзандатуу Орусияда жыл сайын жүргүзүлүп келген.
"Быйыл дагы декабрдын аягында күйүүчү-майлоочу майлардын дүң баасы бир аз төмөндөдү. Буга байланыштуу айрым компаниялар алар менен келишим түзүп, тиешелүү көлөмдө күйүүчү май сатып алышты. Учурда Кыргызстандагы бир катар май куюучу бекеттер ошол сатып алган майларын сатууга киришти, баалар 1 сомго, айрымдарында 1,5 сомго төмөндөдү", - деди Эшатов.
Ассоциация президенти орусиялык мунай заводдор жакында жаңы бааларды бекитишерин, Кыргызстандагы баалар да ошого жараша болорун кошумчалады.
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы былтыр жай-күз мезгилдеринде кескин кымбаттап, чекене баасы литрине 3,5-4 сомго чейин көтөрүлгөн. Мунай ташуучулар ассоциациясы буга Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып кеткени себеп болуп жатканын билдирген.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93% Орусиядан импорттолот.(ZKo)
Шерине