Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Украина Орусиянын аткылоосуна туш болбогон бир да электр станциясы калбаганын билдирди


Киевдин айрым жерлерине жылуулук жана электр жарыгы бериле элек.
Киевдин айрым жерлерине жылуулук жана электр жарыгы бериле элек.

Украинанын энергетика министри Денис Шмыгал өлкөдө Орусиянын аба соккуларына же аткылоосуна кабылбаган бир да электр станция калбаганын билдирди.

«Өткөн жылы алар 612 жолу энергетика системасынын жайларын атайылап түрдүү курал менен бутага алган. Ушу тапта соккулар күчөп, күн сайын урулуп келатат. Украинадагы согуш маалында душмандын чабуулуна туш болбогон бир да электр станция калган жок. Миңдеген мегаватт электр энергиясын иштеп чыгуу үзгүлтүккө учурады», - деп айтты министр парламент депутаттары алдында сүйлөп жатып.

Шмыгал электр энергиясы менен камсыздоо чектелгени менен энергосистема бирдиктүү бойдон кала берүүдө деп кошумчалады.

Анын айтымында, эң оор абал Киев, Одесса, Днепропетровск, Харьков жана майданга жакын облустарда сакталууда.

Андан мурун Киев «Энергетикалык Рамштайн» чогултуп жатканын билдирген. Жыйында өнөктөштөрдөн орус армиясынын актылоолорунан жабыркаган энергетика тармагына кошумча жардам алуу маселеси талкууланарын украин тышкы иштер министри Андрей Сибига Фейсбуктагы постунда жазды.

Анын маалыматына ылайык, өлкө Норвегиядан газ жана жабдууларды сатып алуу үчүн 200 миллион доллар алды, алдыда энергетикалык колдоо жана абадан коргонуу тармагына жардам берүү тууралуу макулдашуулар күтүлүп жатат.

Алдыңкы күнү Украинанын Коопсуздук кызматы жылуулук сезону башталгандан бери Орусия энергетикалык жайларга 256 сокку урганын билдирген. Мекеме бул Кремлдин украин элин кырууга багытталган туруктуу саясаты экенин далилдейт жана андай аракеттерде адамзатка каршы кылмыштардын белгилери бар деп эсептейт.

Москва далилдерге карабай кошуна өлкөсүнүн аскердик жайларын гана бутага алганын айтып келет.

9-январда башкалаа Киев жапырт соккуга туш болгондо энергетикалык инфраструктура катуу жабыркаган. Шаардын жарымынын көбү караңгыга баткан. Азыркыга чейин жүздөгөн имаратка электр энергиясы бериле элек.

Мэр Виталий Кличко энергетикадагы мындай оор абал согуш башталгандан бери түзүлө электигин бейшембиде айтты.

Орусиянын украин энергетикасына чабуулдарын күчөткөнүн БУУ да сындаган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG