Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Кыргызстанда жол кырсыгы беш жылда 582 баланын өмүрүн кыйды


Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири.
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири.

Кыргызстанда акыркы беш жылда балдар кабылган 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, натыйжада 582 бала каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланган жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорунда айталат.

Каза болгондордон сырткары дагы 8 миң 294 бала ар кандай жараат алган.

Буга байланыштуу жол коопсуздугун тескөө үчүн бир катар эрежелерди киргизүү сунушталууда. Өзгөртүүлөр өкмөттүн 1999-жылдагы «Жолдо жүрүү эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG