Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

«Huawei» компаниясы АКШда айыпталууда


Бээжиндеги «Huawei» компаниясынын дүкөнү. 22-декабрь, 2018-жыл.
Бээжиндеги «Huawei» компаниясынын дүкөнү. 22-декабрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар 28-январда Кытайдын «Huawei» компаниясына, анын Америкадагы бир нече бөлүмүнө жана каржы боюнча директору Мэн Ваньчжоуга бир катар айыптарды койду.

АКШнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Мэтью Уитакер телекоммуникация жабдуусун жана эл керектөөчү электрониканы өндүргөн Кытайдын эң ири ишканаларынын бири «Huawei» компаниясына каршы бир нече айып тагылып жатканын билдирди. Алардын арасында банктык алдамчылык, санкцияларды бузуу, сот адилеттигине каршылык кылуу жана өндүрүштүк тыңчылык деген кинелер бар.

Уитакер «Huawei» америкалык тарап смартфондорду тестирлөө үчүн колдонгон «T Mobile» компаниясынын технологияларын уурдаган болушу ыктымал экенин билдирди:

- Өз роботторун түзүү аракетинде «Huawei» компаниясынын инженерлери купуялуулук жана сыр сактоо боюнча макулдашууну бузуп, «T Mobile» компаниясына таандык роботту сүрөткө тартып, чен-өлчөмдөрүн алып, анын айрым бөлүктөрүн да уурдап кетишкен болушу мүмкүн.

Андан тышкары Уитакер «Huawei» компаниясы Иран менен ишкерлик байланыштарын үзбөш үчүн өзүнө караштуу «Device USA» жана «Skycom Tech» компаниялары тууралуу АКШнын бийлигине жалган маалыматтарды берип турган деп айыпталып жатканын кошумчалады:​

АКШнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Мэтью Уитакер. 28-январь, 2019-жыл. Вашингтон.
АКШнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Мэтью Уитакер. 28-январь, 2019-жыл. Вашингтон.

- 2007-жылы эле «Huawei» компаниясынын кызматкерлери Ирандагы «Skycom» аттуу компаниянын бөлүмүнө караштуу маалыматтарды бурмалап башташкан өңдүү. «Huawei» компаниясынын кызматкерлери өз банк өнөктөштөрүнө «Huawei» «Skycom» ишканасындагы өз үлүшүн сатканын билдирген болушу мүмкүн. Бирок бул маалыматтар жалган болгон. Чындыгында «Huawei» компаниясы «Skycom» ишканасын өзүнө саткан.

Ошондой эле айыптар 1-декабрда Канадада АКШнын өтүнүчү менен кармалган компаниянын каржы боюнча директору, «Huawei» ишканасынын негиздөөчүсү Рен Чжэнфэйдин улуу кызы Мэн Ваньчжоуга да коюлду. Ал былтыр жыл соңунда күрөөгө бошотулган. Учурда Мэн Ваньчжоу Ванкувердеги үйүндө, бирок ага шаардан чыгууга тыюу салынган жана 24 сааттык көзөмөл алдында калууда. Дүйшөмбү күнү кечинде CBC телекомпаниясы Канаданын Юстиция министрлигине таянуу менен Вашингтон Оттавага расмий Мэн Ваньчжоуду АКШга экстрадициялоо боюнча расмий кат жибергенин билдирди. Андай болгон күндө Канада тарап кат алгандан кийин 30 күн ичинде жооп кайтарыш керек.

«Huawei» компаниясынын каржы боюнча директору Мэн Ваньчжоу. 11-ноябрь, 2018-жыл. Ванкувер.
«Huawei» компаниясынын каржы боюнча директору Мэн Ваньчжоу. 11-ноябрь, 2018-жыл. Ванкувер.

«Huawei» компаниясы дүйшөмбү күнү кечинде АКШ тараптын мындай дооматтарынан кийин тынчсыздануусун билдирди. Компания өкүлдөрү буга чейин АКШнын бийлиги менен бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү аракеттеринен майнап чыкпаганын, Вашингтон андан себебин түшүндүрбөстөн баш тартканын айтышты.​

«Компания өзүнө жана ага караштуу башка компанияларга тагылган айыптарды четке кагат. Компания Мэн Ваньчжоу айым тараптан да эч кандай мыйзам бузулган эмес деп эсептейт жана америкалык соттор да акыр-аягында ушундай жыйынтыкка келет деп үмүттөнөт» деп билдирүү таратты «Huawei».

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттарды «кытайлык компанияларды жүйөсүз басмырлоого чекит коюуга» чакырды. Кытайдын маалымат технологиялар жана өнөр жай министри Вен Ку да ушундай эле маанидеги билдирүү жасады:

- Буга чейин Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эч кандай далилсиз эле алар мамлекеттик бийликти дискредитациялап, кайсы бир компанияларга каршы чабуул коюш үчүн колдонуп жатышат. Мындай аракеттер адилетсиз жана адепсиз. Бул тармакка жоопкер департамент катары биз кытайлык компанияларды эл аралык эрежелердин жана рынок шарттарынын алкагында иш алып барып, жергиликтүү мыйзамдарды сактоо менен тышкы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырабыз.

Байкоочулар окуялардын мындай өнүгүшү Бээжин менен Вашингтондун ортосундагы соода чыңалуусун басаңдатууга багытталган, ушул аптада өтчү сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылышы мүмкүн деп чочулап турушат. Кошмо Штаттардын соода министри Уилбур Росс «Huawei» компаниясынын дарегине айтылган дооматтардын АКШ менен Кытайдын ортосунда жүрүп жаткан соода сүйлөшүүлөрүнө тиешеси болбой тургандыгын билдирди.

Мэн Ваньчжоунун кармалышы Канада менен Кытайдын алакасын кыйла татаалдаштырды. Ваньчжоу Канадада кармалгандан бери Кытай өз аймагындагы кеминде үч канадалыкты камакка алганы белгилүү болгон. Андан тышкары Кытайда баңгизат аткезчилиги боюнча айыпталган канадалык жаран өлүм жазасына кесилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG