Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Мишел Обама Жо Байденди сүрөдү


Мишел Обама.
Мишел Обама.

АКШда 17-августта Демократиялык партиянын президенттикке талапкер көрсөтүү боюнча жыйыны башталды.

Анда мурдагы президент Барак Обаманын жубайы Мишел Обама менен сенатор Берни Сандерс шайлоочуларды Жо Байденге добуш берүүгө чакырышты.

Дагы бир кызматтык мөөнөткө калууну көздөп жаткан президент Дональд Трамп демократтар бийликке келсе «Кошмо Штаттарды экинчи Венесуэлага айлантат» деп эскертти.

Мишел Обама: Жо абийирдүү адам

Коронавирус пандемиясынан улам демократтардын жыйыны онлайн өттү. Чогулуштун алгачкы күнүндө экс-президент Барак Обаманын аялы Мишел Обама менен президенттикке талапкер болуш үчүн аттанып, бирок жарыштан четтеген сенатор Берни Сандерс жалындуу сөз сүйлөдү. Алар шайлоочуларды президент Дональд Трампты жана анын «бөлүп-жарган» саясатын токтотууга чакырышты.

Мишел Обама Дональд Трамп Кошмо Штаттарга «ылайыктуу президент эмес экенин улам-улам далилдеп жатат» деп айтты. Мурдагы биринчи айым алдын-ала жазылган билдирүүсүндө Трампты азыркы кызматы үчүн кесипкөйлүктөн, кулк-мүнөз менен жүрүм-турумдан аксаган адам катары мүнөздөдү.

«Биз Ак үйдү карап, ал жактан баш-көз болууну, көңүл жубатууну же болбосо дагы башка ушуга окшош нерселерди күткөнүбүздө анын ордуна башаламандыкты, бөлүп-жарууну жана толук кайдыгерликти көрөбүз, - деди Мишел Обама. - Мен Жону билем, ал өтө абийирдүү адам. Ал өтө мыкты вице-президент болгон. Ал экономиканы сактап калыш үчүн эмне кылыш керек экенин билет, пандемияны жеңип, биздин өлкөнү жетектей алат. Ал укканды билет. Ал чындыкты айтып, илимпоздорго ишенет. Ал акылдуу пландарды түзүп, биздин команданы жетектей алат».

Вермонт штатынан шайланган демократ сенатор Берни Сандерс болсо Трампты «өлкөнү авторитаризм жолунда алып бара жатат» деп айыптады. Ал Кошмо Штаттарда демократиянын келечеги опурталдуу абалда турганын эскертип, бул кырдаалдан Жо Байден гана чыгарарына ишенерин билдирди:

«Биздин өнөктүк бир канча ай мурда аяктаган, бирок биздин кыймыл уланып жатат жана барган сайын кубаттуу боло баштады. Биз күрөшүп келген көп идеялар мындан бир канча жыл мурун радикалдуу деп эсептелчү, азыр болсо ал негизги агымга айланды. Бирок Дональд Трамп кайра шайланса, биз ушул кезге чейин жеткен прогресс кооптуу абалга кабылат. Негизи ушул шайлоо биздин демократияны сактоого багытталган».

Жо Байден өзү жыйындын биринчи күнүндө сөз сүйлөгөн жок. Ал «Твиттердеги» баракчасына: «Биз бүгүн кечинде америкалыктар биригүүгө даяр экенин, биз бул каатчылыктан чыгып, буга чейинкиден дагы күчтүү боло аларыбызды көрдүк», деп жазды.

Жыйында Миннесота штатында полиция кармап жатканда каза болгон ынды кара жаран Жордж Флойдун бир туугандары Филониза менен Родни да сөз сүйлөдү.

Трамп: Демократтар АКШны экинчи Венесуэла кылат

Дональд Трамп 17-августта шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Висконсин штатына барды. Анын алдында демократтардын жыйынын «үргүлөгөн, уйкусураган иш-чара» деп атаган.

Ал Ошкош шаарында шайлоочулар менен жолугушуп жатып башкы саясий атаандашы Жо Байден менен ал вице-президенттикке тандаган Камала Харристи «акылга сыйгыс социалисттик саясат жүргүзгөнү жатат» деп сындады. Трамп бул шайлоо опурталдуу болорун эскертти:

«Бул бизде буга чейин болбогондой опурталдуу шайлоо болот. Ошондуктан алар (демократтар) бийликке келсе, биз качандыр бир кезде ага кайра келе алабыз деп ойлобойм. Бул экинчи Венесуэла болот. Мен муну буга чейин да айтып келгем, азыр болсо буга ишенем. Менин буга көзүм жетет. Анткени алардын идеологиясы бир. Биз бул шайлоодо жеңип чыгабыз».

Демократтар Жо Байден вице-президенттикке тандаган 55 жаштагы Камала Харристин талапкерлигин 19-августта расмий көрсөтүшөт, ал эми Жо Байденге андан бир күндөн кийин, 20-августта бата беришет.

Харрис өлкө тарыхында бул кызматка көрсөтүлгөн теги афроамерикалык жана азиялык алгачкы жаран болуп калмакчы.

Республикачылар Дональд Трампты бул партиянын атынан шайлоого талапкер катары аттандырыш үчүн 24-27-август күндөрү курултайга чогулушмакчы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG