Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Шайлоодо Трамптын башкы атаандашы ким болот?


Берни Сандерс менен Жо Байден, 25-февраль, 2020-жыл.
Берни Сандерс менен Жо Байден, 25-февраль, 2020-жыл.

АКШда ноябрдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын башкы атаандашы ким болору аныкталаарына аз калды. 3-март күнү 14 штатта уюшулган демократиялык партиянын талапкерди тандоо жарышында "аутсайдер", же оюндан чыкты деп эсептелип калган мурдагы вице-президент Жо Байден алдыга чыкты.

4-март күнү демократтардын жарышынан Нью-Йорк шаарынын экс-мэри, миллиардер Майкл Блумберг чыкканын жарыялап, дароо Жо Байденге колдоо билдиргени мурдагы вице-президентке кошумча упай, ишенич алып келээри шексиз.

Эксперттер Байдендин башкы колдоочуларынын көбү афроамерикалыктар менен байистүү демократтар болсо, Сандерстин жактоочуларынын башкы бөлүгү либералдар, испан тилдүүлөр жана 40ка чыга элек курактагы жаштар деп эсептешет.

"Супершейшембиге" бир күн калганда эле Жо Байден “мени көмбөй коё тургула, али тирүүмүн”, деп тамашалаган. Анысы чын чыгып, 77 жаштагы ардагер саясатчы Байден тогуз штатта - Алабама, Арканзас, Массачуссетс, Миннесота, Теннеси,Түндүк Каролина, Оклахома, Виржиния жана Техас штаттарында алдыга чыкты. Андан бир жаш улуу, же 78 жаштагы өзүн социалист атаган сенатор, демократтардын өкүлү Берни Сандерс төрт штатта жеңди. Алардын арасында АКШдагы калкынын саны эң чоң Калифорния штаты бар. Экөөнө ноябрдагы президенттик шайлоодо башкы атаандаш боло турган азыркы президент Дональд Трамп 73 жашта.

50 жылдан бери салтка айлангандай, АКШдагы президенттик шайлоодо дал ушул "супершейшемби" күнкү добуш берүү чечүүчү этап саналат. Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болуу укугун жеңиш үчүн 1991 делегаттын добушун чогултуу керек. 3-март күнү 1357 делегаттын тандоосу чечилет.

"Супершейшембиге" чейин төрт чакан штатта добуш берүү уюшулуп, аларда Берни Сандерс жеңген, анда бирок болгону 155 делегаттын гана кимге добуш берээри аныкталган. Азыркыга дейре демократиялык партиянын Блумбергди кошкондо үч талапкери шайлоо марафонунан чыгып, жарышта төртөө калды.

Соңку маалыматтар боюнча, Байден "супершейшемби" күнкү добуш берүүдөн 382 делегат, анын атаандашы Сандерс 321 делегат топтой алышты. Азырынча экөөнүн ортосундагы атаандаштык курч бойдон кала берип, Трамптын саясатына каршы демократиялык партия бирдиктүү, күчтүү билдирүү менен чыга албаганын байкоочулар өкүнүчтүү көрүнүш катары белгилешет.

Байкоочулар Жо Байденди демократтар арасынан ондогон жылдардан берки саясий тажрыйбасына таянган этият, прагматик саясатчы деп мүнөздөшсө, либералдык көз караштарын ачык айткан Берни Сандерс бардык америкалыктарга бекер медициналык камсыздандыруу, бекер жогорку билим убада кылганы менен популярдуулугун бекемдеп келатат.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 3-ноябрда өтөт. Республикалык партиянын атынан азыркы президент Дональд Трамп башкы талапкер болору жарыяланган.

XS
SM
MD
LG