Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Трамп импичменттен кутулду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп акталды. Сенат ага импичмент жарыялоону туура көргөн жок. Демократтар эми Трамптын бийлиги ашкере күчөйт деп кооптонуп жатышат.

“Күнөөлүү” же “күнөөсүз” деген сөздү улам бири ордунан туруп айтуу менен 5-февралда сенаторлор ачык добуш беришти.

Натыйжада “күнөөлүү эмес” дегендер басымдуу болуп чыкты.

АКШ президенти Дональд Трампты кызматтан кетирүү үчүн эки айып коюлган.

1. Бийлигинен кыянат пайдалануу. Трамп өткөн жайда Украина президенти Владимир Зеленскийге басым жасаган деп айыпталган. Президенттик шайлоодогу ыктымал атаандашы Жо Байдендин жана анын уулунун Украинадагы ишмердигин иликтесе гана Киевге мурда убада кылынган 390 млн. доллар жардам берилери эскертилген деп күнөөлөшкөн.

Сенаторлор отурган зал.
Сенаторлор отурган зал.

Бул беренеде сенаторлордун 48и “күнөөлүү”, 52си “күнөөсүз” деп бүтүм чыгарышты. Республикачылардын бири, сенатор Мит Ромни бул маселеде демократтарды колдоду.

2. Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу. Трамп иликтөө маалында күбөлөрдү жана документтерди Конгресстин алуусуна тоскоол болгон деп күнөөлөнгөн. 48:53 эсебинде добуш Трамптын пайдасына ооду. Бул ирет Ромни республикачылар тарапта болду.

Импичмент толук колдоо табышы үчүн Сенаттагы жүз адамдын кеминде 67синин добушу керек эле.

Эми Трамптын бийлиги күчөйбү?

Буга чейин Конгресстин Өкүлдөр Палатасы Дональд Трампты мөөнөтүнөн мурда президенттиктен алууну колдогон. Айтылуу оппозициячы Нэнси Пелоси спикерлик кылган Өкүлдөр Палатасында демократтар басымдуу.

Сенаттагылардын көбү Трампты колдогон Республикачылар партиясы болгондуктан мындай натыйжа күтүлүп эле жаткан. Импичменттен кутулуп кетсе, Трамп бийлигин дагы күчөтөт деп демократтар мурдатан эле тынчсызданып келишкен. Сенатор Мейзи Хироно ал пикирди дагы кайталады:

"Бул президентти жоопко тартууга макул болбой коюу менен менин республикачыл кесиптештерим 2-берененин негизинде “каалаганымды жасай алам” деген президенттин жаңылыш пикирин күчөтүп атышат".

Кошмо Штаттардын Конституциясынын 2-беренеси президенттин жана ал дайындаган аткаминерлердин ишмердигин аныктайт.

Президент өзү чечимди “Твиттер” барагында тамашалуу видео менен белгиледи. Ал ошондой эле 6-февралда атайын билдирүү жасай турган болду.

Жыйынтыкты Трамптын адвокаттарынын бири Жей Секулоу мындайча кабыл алды:

"Менин реакциям мындай, президент жеңди. Президенттин кеңсеси жеңди. Конституция жеңди. Мына ушул маанилүү болчу. Процесс аяктады, жыйынтыкталды. Эми ал артта калды".

Ак үй да Дональд Трамп толук акталды деген билдирүү таратты. Ошол эле билдирүүдө президентке каршы жалган жалаа жапканы үчүн Өкүлдөр Палатасындагы "демократтар жоопко тартылышы керек" деп айтылат.

Пелоси Трамптын кайрылуусу жазылган барактарды айрып жаткан учур. 5-февраль, 2020-жыл
Пелоси Трамптын кайрылуусу жазылган барактарды айрып жаткан учур. 5-февраль, 2020-жыл

Мурдагы күнү эле президенттин кайрылуусун айрып салып, ага карата келишкис оппозицияда экенин дагы бир ирет көрсөткөн Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси Сенатты кескин сындады.

Ал жыйынтыкты “Мыйзамсыздыкты нормалдаштыруу” деп баалады. Ошол эле учурда Пелоси Трамп баары бир импичментке илинген президент катары тарыхка кирерин, мындан ал кутула албасын белгилеп келет.

Кошмо Штаттардын тарыхында ушуну менен үч президентке импичмент жарыялоо жараяны жүрдү. Үчөөндө тең алар акталышкан. Мунусу төртүнчүсү болуп калмак. Бирок Уотергейт чырына айыпталып, импичмент жарыялоо жараяны башталарда Ричард Никсон өз каалоосу менен президенттиктен кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG