Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Трамп импичменттен «кургак чыгабы»?


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси Сенатта 31-январда добушка коюлушу ыктымал. Демократтар президенттин мурдагы кеңешчиси Жон Болтон баштаган жаңы күбөлөрдү «суроо-жоопко» чакыруу аракетинде. Республикачылар буга жол бербей жатат.

Сенаттагы кезектеги «суроо-жооп» шаршембиде өттү. Анда сенаторлор Трамптын коргоочулары менен импичмент процессин жүзөгө ашыруу ишине катышып жаткан демократтарга суроо беришти.

Трамптын юристтер командасы айыптоо фактыга эмес, кимдир-бирөөдөн уккан кепке таянууда деп эсептейт. Эгер айыптоодо айтылып жаткандар ырасталса да президенттин кылганы импичментке жарачу кылмыш эмес дешет алат. Президенттин адвокаты Алан Дершовицтин сөзү атаандаш тарап – демократтарды бери дегенде таң калтырды:

- Мен тааныган аткаминердин кимиси болбосун өзүнүн шайланышын коомдук кызыкчылыкка жооп берет деп эсептейт. Көбүнчө бул ой туура, шайланып калышың коомдук кызыкчылыкка төп келет. Ошондой эле президент да коомдун кызыкчылыгы үчүн шайланып калышыма жардам берет деген ынанымда бир нерселерди жасаса, анда бул импичментке алып барчу маселе же «кызматыңа кызматым» дегендей нерсе эмес.

Дершовиц Дональд Трамптын Украинага байланыштуу саясатын актап жатат. Ал эми демократ сенатор Адам Шифф мындай аракеттерди актоого болбой турганын, президент чексиз ыйгарым укукка ээ болбошу керек экенин баса белгиледи:

- «Кызматыңа кызматым» дегендин баары жакшыбы? Бул чексиз укукпу? Ушул же кийинки президенттин жүрүм-турумуна байланыштуу айтаарыбыз чын эле ушулбу? Анткени, эгер сиз болсоңуз, Кошмо Штаттардын кийинки президенти сиз тууралуу иликтегиле дей алса, кийинки шайлоодо бул үчүн алар каалаган чет өлкөдөн жардам сурай алса... «Кызматыңа кызматымдын» баары эле бирдей эмес. Айрымдары мыйзамдуу болушу ыктымал, айрымдары коррупция болуп саналат.

«Кызматыңа кызматым» дегендин мааниси мында. Демократтар «президент Трамп 2020-жылкы шайлоодогу ыктымал атаандашы Жо Байденге каршы иликтөө жасагыла, бул аткарылса АКШ Украинага 391 млн. доллар жардам берет, болбосо жок деп талап койгон» деп айыптап чыгышты. Муну өз кызыкчылыгы үчүн «кызматынан кыянат пайдалануу» катары баалап, импичмент жарыялоо жараяны башталган. Атүгүл оппозиция басымдуулук кылган парламенттин бир канаты Өкүлдөр Палатасы импичмент жарыялоону колдогон. Маселе азыр Трамптын партиялаштары – республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенатта каралууда.

Демократтар улам жаңы күбөлөрдү суракка тартуу аракетинде. Алардын бири - президенттин коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтонду импичментке зор көмөк көрсөтө алчу фигура катары көрүшөт. Анткени Болтондун жакында жарык көрчү китебинен үзүндүлөр «Нью-Йорк Таймска» жарыяланып кетти. Анда Болтон Байденге байланыштуу иликтөө башталмайынча Украинага берилчү жардам токтоп тура берерин ырастаган деп айтылат.

Жон Болтон президент менен тил табыша албай өткөн жылдын сентябрында кызматтан кеткен
Жон Болтон президент менен тил табыша албай өткөн жылдын сентябрында кызматтан кеткен

Трамп болсо Болтондун өзүн күнөөлөп, «Твиттерге» "эгер анын кеңештерин укканда ушул күндө Алтынчы дүйнөлүк согушка күбө болуп отурмакпыз» деп жазды.

Канткен күндө да республикачылар Болтон же башка бир дагы жаңы күбөнү чакырууга көнө элек. Республикачы сенатор Жон Барроссо териштирүү 31-январда аягына чыгышы ыктымал экенин билдирди:

«Жагдай жума күнү акыркы чечимди чыгаруу жагын көздөй өнүгүүдө. Жума күнү добуш берилет».

Импичмент ишке ашышы үчүн Сенаттагылардын үчтөн экисинин добушу керек. Бирок республикачылар көптүк кылган бул канатта Трампка каршы чыкчулар басымдуу болбой турганы күтүлүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG