Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

АКШда Болтондун жарык көрө элек китеби талкууга түштү


Жон Болтон.
Жон Болтон.

АКШ президенти Дональд Трамптын Украинага аскердик жардамды токтото туруу ниети болгонун «The New York Times» (NYT) басылмасы Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун жарык көрө элек китебине таянып жазды. Маалыматка караганда, Трамп эгер Киев анын шайлоодогу болжолдуу атаандашы Жо Байден менен уулу Хантерге байланыштуу иликтөө ишин баштабаса, жардамды кармап турарын Болтонго айтып берген. Мунун баары мурдагы кеңешчинин жарык көрө элек китебинде жазылган.

Бул маалымат чыгары менен демократтар Болтондон Сенатка барып көрсөтмө беришин талап кылышты. Трамп бул сөздөрдү четке кагып, 27-январдын таңында: «Мен эч качан Жон Болтонго Украинага көрсөтүлө турган жардам демократтардын, анын ичинде Байдендин айланасындагы иликтөөгө байланыштуу экенин айткан эмесмин», - деп «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Учурда бул маселе боюнча АКШ Сенатында президентке импичмент жарыялоо боюнча териштирүү жүрүп жатат. Өткөн айда демократтар басымдуулук кылгын Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Анда Кошмо Штаттардын 45-президентине «кызмат абалынан кыянат пайдаланган», «Конгресстин иликтөө иштерине тоскооолдук кылган» деген айып коюлган.

Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген. АКШнын президенти мындай дооматтардын баарын четке каккан.

XS
SM
MD
LG