Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

АКШ: Ак үйдү импичмент «карааны» аралады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында бул аптада Конгресске Ак үйдөгү жогорку даражалуу азыркы жана мурдагы айрым аткаминерлер чакыртылды.

Буга чейин Дональд Трамптын администрациясы демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы менен импичментке байланыштуу кызматташуудан расмий баш тарткан.

Мындан улам Ак үйдөгү аткаминерлер Конгрессте көрсөтмө берери же бербеси азырынча белгисиз.

АКШда импичмент маселесин козгогон саясий жаңжал АКШ менен Украина президенттеринин телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган.

Конгресске 28-октябрга президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин мурдагы орун басары Чарльз Купперман чакыртылды. Ал Ак үйдө Жон Болтондун тушунда иштеген. Болтонду улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматынан Дональд Трамп өткөн айда алган.

Чарльз Куппермандан кийин 29-октябрда Конгресске Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин Украина боюнча башкы эксперти Александр Видман келиши керек.

Конгресс ушул аптада чакыргандардын арасында президенттин атайын кеңешчиси, Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Европа боюнча департаментинин башчысы Тимоти Моррисон да бар.

Ал Өкүлдөр палатасынын үч комитетинин жабык жыйынында 31-октябрда конгрессмендердин суроолоруна жооп бериши керек. Моррисон импичмент жарыялоо жараянынын алкагында көрсөтмө берген Ак үйдөгү алгачкы жогорку даражалуу аткаминер болуп калмакчы.

Моррисон Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин саясий жаңжалга негиз берген телефон сүйлөшүүсүнө түздөн түз күбө болгону айтылган Ак үйдөгү кызматкерлердин бири. Анын аты өткөн аптада АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор импичментке байланыштуу Өкүлдөр палатасынын үч комитетинин жабык жыйынында көрсөтмө берип жатканда аталган.

Айрым маалымат каражаттары элчи Дональд Трамп Украинага басым кылуу максатында Киевге бөлүнгөн 400 миллион долларлык аскердик жардамды атайлап кечиктирип жатканына Моррисон күбө болгон деп көрсөтмө бергенин жазышкан.

Конгрессте Тейлор жалпысынан Моррисондун атын кеминде 15 жолу оозанган. Ошондой эле бул аптада Конгрессе Мамлекеттик департаменттин жана Коргоо министрлигинин үч кызматкери да чакыртылды.

Буга чейин Дональд Трамптын администрациясы Өкүлдөр палатасы менен импичмент маселесинде кызматташуудан расмий баш тарткан. Мындан улам Конгресске чакыртылган Ак үйдөгү аткаминерлер көрсөтмө бере турганы же бербеси азырынча белгисиз.

Конгресс менен импичмент боюнча кызматташуудан баш тарткандардын бири - вице-президент Майк Пенс. Ал 27-октябрда CBS телеканалына курган маегинде Трамп менен Зеленскийдин телефон сүйлөшүүсүнө байланыштуу өзү жөнүндө айтылган дооматтар тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты:

Майк Пенс.
Майк Пенс.

- Менин президент менен болгон байланышым, президент Зеленский менен бардык сүйлөшүүлөрүм Америка эли үчүн маанилүү маселелерге жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, анын эгемендигин коргоо үчүн аны колдоого багытталган.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты "ыйгарым укугунан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. «Бурисмага» иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жоктугунан жабылып калганы айтылган.

Жо Байден аптанын аягында CBS телеканалына курган маегинде уулунун Украинадагы иштери тууралуу суроолорго жооп берип жатып, анын ишине кийлигишпегенин кайталады.

Жо Байден.
Жо Байден.

- Мен өзүмдүн ишим, же уул-кыздарымдын бизнестери тууралуу алар менен эч качан талкуулаган эмесмин. Мен өз милдетимди аткарышым керектигин алар билгендиктен жана балдарымдын өз көз карашы, пикири болгондуктан мен алар менен муну эч качан талкуулаган эмесмин.

Ал ортодо 26-октябрда мамлекеттик катчынын Европа боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Филипп Рикер дээрлик сегиз саат көрсөтмө берди. Ал негизинен Кошмо Штаттардын Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йовановичтин кызматтан алынышына байланыштуу суроолого жооп бергени белгилүү болду.

Айрым маалымат каражаттары Рикер "Дональд Трамптын Йовановичти кызматтан алууга кызыкдар болгону" аны камтама кылганын жазышты.

Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны өткөн айда башталган. Кошмо Штаттарынын президенти буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG