Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Ак үй Конгресс менен кызматташпайт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы импичмент жарыялоо жараяны боюнча Конгресс менен кызматташуудан расмий түрдө баш тартты.

Өкүлдөр палатасына Ак үйдөн келген көлөмдүү катта бул жараян «негизсиз» экени жана «Конституцияга каршы келери» жазылган. Демократтар муну Трамптын ыйгарым укуктарынан аша чапканын иликтөөгө тоскоолдук катары сыпатташты.

Президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал АКШ менен Украинанын президенттеринин телефон сүйлөшүүсүнө байланыштуу тутанган.

Ак үйдүн юристи Пэт Чиполлоне 8-октябрда Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосиге 18 барактан турган көлөмдүү кат жиберди. Анда демократтардын президентке импичмент жарыялоо жараяны «чектен ашкан аракет» катары бааланган.

«Президент Дональд Трамп менен анын администрациясы Америка элинин, Конституциянын, аткаруучу бийликтин жана келечектеги бардык президенттердин алдындагы милдеттерин аткарышы үчүн ушундай жагдайлардагы силердин Конституцияга каршы келген иликтөөңөргө катыша албайт», - деп жазылган билдирүүдө.

Каттын алдында Мамлекеттик департамент Кошмо Штаттардын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондландга Конгресстин үч комитетинин жабык жыйынында көрсөтмө беришине тыюу салган. Сондланд конгрессмендердин суроолоруна жооп берүү үчүн Брюсселден Вашингтонго атайын учуп келген.

Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына «республикачылардын укугу тебеленген, чындык ачыкка чыкпаган жерге элчи Сондландды жибербей турганын» жазган.

Элчи Сондланддын аты өткөн аптада Конгрессте АКШнын Украинадагы мурдагы өкүлү Курт Волкер көрсөтмө берип жатканда аталган.

Нэнси Пелоси менен Адам Шифф.
Нэнси Пелоси менен Адам Шифф.

Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин төрагасы Адам Шифф Сондланддын Конгрессте көрсөтмө беришине тыюу салынганын «иликтөөгө тоскоолдук кылуунун айныксыз жана ишенимдүү далили» деп баалады:

- Биз ошондой эле элчинин жеке компьютеринде текст түрүндөгү анын билдирүүсү же электрондук каты да болгонун, аны Мамлекеттик департаментке бергенин билебиз. Аны элчиден сураганбыз. Мамлекеттик департамент аны берүүгө тыюу салды. Ал билдирүү иликтөө үчүн өтө маанилүү болчу.

Конгрессмендер Сондландды 16-октябрга көрсөтмө берүүгө дагы бир сыйра чакырды жана эми бул ирет келер-келбеси белгисиз.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ак үйдүн «заардуу катына» жооп кайтарды. Ал Трамптын администрациясы кызматташуудан баш тартканы үчүн «жоопкерчиликке тартылат» деп эскертти.

«Ак үй президенттин ыйгарым укуктарынан аша чапканын Америка элинен жашыруу аракети иликтөөгө тоскоол кылуунун дагы бир далили катары бааланарын эсинен чыгарбашы керек. Президент мырза, сиз мыйзамдан жогору турбайсыз. Сиз жоопкерчиликке тартыласыз», - деп жазылган Пелоси тараткан билдирүүдө.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы өткөн айда Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Буга Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнү тууралуу чалгын кызматындагы булактын маалыматы негиз болгон. Анда Трамп өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Украинада эмне кылып жүргөнүн иликтөөнү талап кылганы айтылган.

Ошондой эле бул сүйлөшүүнүн алдында Трамп Украинага 400 миллион долларлык аскердик жардамды берүүнү токтотуп койгону да ачыкка чыккан.

Дональд Трамп дооматтардын баарын четке кагып, аны «президентке ыдык көрсөтүү» катары мүнөздөп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG