Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

АКШ Борбор Азияда таасирин арттырууну көздөйт


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ташкент шаарынын аэропортунда. 2-февраль, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ташкент шаарынын аэропортунда. 2-февраль, 2020-жыл.

5-февралда Вашингтон 2025-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун жаңы стратегиясын жарыялады. Айрым эксперттер Ак үйдүн тышкы саясатында Борбор Азияга тиешелүү көңүл бурулбай жатканын белгилешет. 

Вашинтон Борбор Азия мамлекеттеринде саясий бийлик алмашып, коңшу өлкөлөрдүн өз ара алакасы бекемдеген сайын Кошмо Штаттарга табигый байлыкка мол аймак менен кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгилейт.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллс Ак үй аймактык стратегияны соңку беш жылдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жаңылаганын билдирди. «Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дооруна кирдик» деди мамлекеттик катчы Майк Помпео менен Борбор Азияга барып келген Уэллс.

Трамптын администрациясы Европа менен Азиянын ортосундагы чөлкөмдө АКШнын таасирин арттырууга аракеттенет. Вашингтон кара май менен газга бай аймакта глобалдык атаандаштары Орусия менен Кытайга тең ата болууну көздөйт.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 5-февралда «Азаттыктын» Бишкектеги бюросундагы маегинде мындай «дүйнөдө чоң мамлекеттер ортосунда болуп көрбөгөндөй атаандаштык жүрүп жатканын» айткан. «Бул атаандаштык Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да жүрүп жатат. Кытайдын, Американын, Түркиянын жана Европа Биримдигинин ортосундагы атаандаштыкты күндө көрүп, сезип турам» - деген элчи Вашингтон аймактагы беш өлкөнүн эгемендигин жана бакубатчылыгын колдой турганына токтолгон.

АКШнын өкүлдөрү белгилегендей, жаңы стратегиянын максаты - аймакта туруктуулукту камсыз кылуу жана чөлкөмдүн кайсы бир державадан көз каранды болуп калышына жол бербөө. Вашингтон ушул тапта 20 жылдык ооган согушун басуунун аракетин да көрүп жатат. Бул жараянда Борбор Азиядагы беш мамлекеттин географиялык мааниси чоң.

2018-жылы Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын лидерлери жолугушуп, кызматташуунун жолдорун талкуулашкан. 2019-жылдагы саммитте «чөлкөмдүн алкагындагы олуттуу өзгөрүүлөргө күбө болдук», деди Уэллс.

Вашингтон аймакты бириктире турган долбоорлорду колдойт. Мисалы, бирдиктүү электр түйүнүн түзүү, визалык жана бажы операцияларын стандартташтыруу, чек ара соодасын күчөтүү максатында ар кандай бөгөттөрдү жоюуга көмөктөшөт.

Кыргызстан менен Тажикстан CASA-1000 долбоорун жигердүү ишке ашырып, келечекте электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоого жетишет деген ишенимин билдирет. Ооганстандагы туруктуулук жана согуштан кийинки өлкөнү кайра куруу - АКШнын стратегиясынын негизги элементтеринин бири.

Кийинки убакта чөлкөмдө Кытайдын таасири күчөдү. Бээжин аймакта инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылап жатат. Эксперттердин баамында, Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөр кытай насыясын кайтарууда бир топ каржалышы мүмкүн.

Вашингтон аймакка сырттан келген инвестиция беш өлкө укуктук реформаны канчалык жигердүү жүргүзөрүнөн көз каранды деп эсептейт.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинде Түштүк жана Борбор Азия маселелерин тейлеген Лиза Кертис коңшу өлкөлөрдүн лидерлерин «адам укуктарынын абалын жакшыртууга, саясий системада, анын ичинде шайлоодо бардык топтордун катышуусун камсыз кылууга» үндөйт.

Ошол эле учурда президент Дональд Трамптын администрациясынын Борбор Азия боюнча саясатына ар кыл баа берилип келет. Бостондогу Түндүк-Чыгыш университетинин профессору, мурдагы дипломат жана мурдагы депутат Бакыт Бешимов Вашингтон ушул тапта аймактагы эки өлкө менен гана кызматташууга кызыкчылыгы бар деген пикирде. «Азыркы администрация Казакстан жана Өзбекстан менен гана алака түзүп жатат. Кыргызстанды болсо «кара тизмеге» киргизди» - деген Бешимов ушул тапта Бишкек-Вашингтон алакасын «өтө солгун» деп баалады.

3-февралда Ташкентте АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү менен С5+1 форматында кездешти. Андан соң Помпео Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен өзүнчө жолугушту. Эки тараптуу сүйлөшүүдө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде Вашингтондун визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

АКШнын 2019-2025-жылдарга карата «Эгемендикти бекемдөө жана экономикалык өнүгүү» стратегиясынын негизги багыттары:

Борбор Азияда террор коркунучун азайтуу. Аймактын өлкөлөрү экстремисттик идеологияга каршы туруп, террористтик уюмдарга түнөк бербейт. Буга чейин Кошмо Штаттар Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугуна 90 миллион доллар бөлүп, бул багытта 200дөй түрдүү окутуу өткөрүп, 2600 чек ара кызматкерлерин машыктырды.

Ооганстанда туруктуулукту камсыз кылуу аракеттерин кеңейтүү. Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттерин Ооганстан менен экономикалык жана соода-сатык байланыштарын өркүндөтүүгө үндөйт.

Борбор Азия менен Ооганстандын байланышын күчөтүү. Беш мамлекет Ооганстан менен энергетика, экономика, маданият, соода жана коопсуздук багыттарында алака-катышын күчөтсө аймактык коопсуздукту бекемдейт. CASA-1000 долбоору Борбор Азия өлкөлөрүндө өндүрүлгөн электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга сатууга өбөлгө түзмөкчү.

Укуктук реформаларды ишке ашыруу жана адам укуктарын урматтоо. Кошмо Штаттар укук коргоо тармагын реформалоодо техникалык экспертиза жагынан көмөктөшөт. Бул адам укуктарын коргоого, инвестициялык климатты жакшыртууга жана кесипкөй адистерди кармап калууга өбөлгө түзөт.

Кошмо Штаттардын инвестициясын Борбор Азияны өнүктүрүүгө тартуу. АКШ аймактын мамлекеттери менен сырттан бараандуу инвестиция алуу, анын ичинде америкалык бизнести тартуу үчүн реформаларды жүргүзүүнүн үстүндө иштешет. Кошмо Штаттар өсүп келаткан муунду XXI кылымдын экономикалык талаптарына ылайык зарыл болгон техникалык жана менежерлик билим алууга, англис тилинде сүйлөп, сынчыл ойлонууга тарбиялоого көмөктөшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG