Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Бишкек көп багыттуу дипломатияга ыктайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кийинки жылдары Кыргызстан бир багыттуу саясатты карманып, жалаң Москвага ыктап келгенин сындагандар бар.

Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүгө умтуларын айтты.

Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүндө – Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда расмий иш сапарлары өткөнүн, андан тышкары Орусияга, Кытайга, Түркияга жана Евробиримдик болгон мамлекеттик жана расмий иш сапарлар жакшы натыйжа бергенин кошумчалады.

- Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргызстан көп багыттуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жыл ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүүдө, - деди Жээнбеков.

Президенттин маалыматына караганда, Кыргызстан учурда дүйнөнүн 163 өлкөсү менен дипломатиялык мамиле түзгөн.​

Иш-чарага келген экс-президент Роза Отунбаева океандан алыс, чоң өлкөлөрдүн курчоосунда турган Кыргызстан үчүн көп багыттуу саясат аба-суудай зарыл экенин белгиледи.

- Кыргызстан - океандан алыс, чоң өлкөлөр курчап турган өлкө. Тышкы саясат биздеги кырдаалга жараша болот. Кагазда жаза берсе болот. Чынын айтыш керек, экономикалык жактан мыкты эмеспиз. Чоң өлкөлөр үчүн да оор заман болуп атат. «Тышкы саясат - бул ички саясат» деген сөздүн бизге түздөн-түз тиешеси бар. Көп тараптуу саясатты алып барууга мажбурбуз.

Жыйынга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу да катышты. Ал кыргыз-америка кызматташтыгы мындан ары да улана берет деген ишенимин билдирди.

- Акыркы 28 жылда биз Кыргызстанга 2 миллиард доллардай жардам бердик. Бул карыз эмес. Мындан тышкары биз саламаттык сактоо, билим берүү тармагында иштеп жатабыз. Биздин кызматтыштык кеңейгенден кеңейип эле жатат.

Тышкы саясат: президенттин иши менен сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Анткен менен Бишкектин көп багыттуу саясат жүргүзө аларына ишенбегендер да бар. Саясатчы Равшан Жээнбеков кыргыз бийлигин тышкы саясатта авторитардык өлкөлөргө гана ыктап жатат деп сынга алды.

- Президенттин «көп багыттуу саясат жүргүзөбүз» дегени - дипломатиялык гана сөз. Убагында мындай саясатты Аскар Акаев жүргүзгөн, Курманбек Бакиев бир аз аракет кылган. Андан кийинки президенттер бир багыттуу гана саясат жүргүзүп, авторитардык өлкөлөргө гана ыктап келди. Айрыкча Орусияга, анан каражат жагынан Кытайга жакындап жатат. Ошол эле маалда демократиялуу багытты карманган өлкөлөр менен чындап иштеше алган жокпуз.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

Мына, ушу күнгө чейин Европа Кеңеши менен келишимге кол коюла элек. АКШ менен да эки тараптуу келишимге кол коюлбай турат. Авторитардык мамлекеттерге ыктап жатканыбыздын көрсөткүчү ушул. Эгер чындап көп багыттуу саясат жүргүзсөк, бул келишимдерге кол коюлмак. Бирок биздин жетекчиликтин саясий эрки жоктугунан, экинчиден, Орусиядан корккону үчүн келишимдерге кол коюлбай турат.

Эске сала кетсек, 2015-жылы кыргыз өкмөтү АКШ менен келишимди бир тараптуу денонсация кылган. Андан бери жаңы келишим түзүлө элек. Буга чейин Кыргызстан менен АКШнын өкмөт аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишим өкмөттө каралып жатканы маалым болгон.

Өткөн жумада президент Жээнбеков журналисттер менен жолугуп жатып, жаңы келишимде мамлекеттин кызыкчылыгын эске алууга көңүл бурула турганын белгилеген.

Коомдук ишмер, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Европа өлкөлөрү жана АКШ менен алака солгундап калды деген пикирге кошулбайт. Ал көп багыттуу саясаттын өз нугу болорун белгиледи:

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

- «Европа жана АКШ менен мамиле солгундап кетти» деген туура эмес. Башка келишимдер иштеп атат. Биз бардык мамлекеттер менен ар тараптуу мамиле түзүшүбүз керек. Азыр биздин жарандар дүйнөнүн чар тарабында жүрөт. Ошол эле маалда мыйзамдын негизинде иштешибиз шарт. Ар кандай бирикмелерге кирдик. Кол коюлган келишимдерге ылайык иштешибиз керек. Мисалы, ЖККУга киргенден кийин анын кызыкчылыгын жакшыбы-жаманбы колдошубуз керек.

Дипломаттардын мааракесинде Сооронбай Жээнбеков коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртып, чек араларды тактоо ишин жана аны юридикалык жактан жол-жоболоштуруу процессин уланта турганын белгиледи.

Кыргызстан соңку жылдары Өзбекстан менен алакасын жакшыртып, чек ара маселесин чечип жатканы айтылууда. Ошол эле маалда Тажикстан менен чек ара тактоодо бир пикирге келе албай, анын айынан чыр-чатактар көп катталып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG