Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Демократтар Байденди президенттикке сүрөдү


Жо Байден жубайы Жилл, бала-чакасы, неберелери менен.
Жо Байден жубайы Жилл, бала-чакасы, неберелери менен.

АКШда Демократиялык партия Жо Байдендин талапкерлигин президенттикке расмий көрсөттү.

Мурдагы вице-президентти демократтар эле эмес, дагы башка көз караштагы саясатчылар, алардын ичинде айрым бир таасирдүү республикачылар да колдоп чыкты жана бул экинчи мөөнөткө калууга аракет кылып жаткан Дональд Трамп үчүн сокку болуп калды.

Демократтар: Байден Трамптан калган башаламандыкты иреттейт

Жо Байден мындан бир канча ай мурда эле демократтардын ички жарыштарында озуп чыккандан бери анын президенттикке расмий көрсөтүлүшү негизинен формалдуу гана иш-чара болчу.

Демократтардын жыйынынын экинчи күнүндө АКШнын ар бир штатынан келген делегаттар өз аймагындагы белгилүү жайлардан, жерлерден видео аркылуу кайрылып, Байденди колдой турганын айтып жатышты. Отурум адаттагыдай өткөндө добуш берүү бир сааттан ашык убакытты алмак жана зал күрү-күү түшкөн делегаттар менен партиянын колдоочуларына толуп турмак. Бирок бул жолу коронавирус пандемиясынан улам жыйын башынан аягына чейин онлайн режимде өттү.

Делавэр штатынан чыккан мурдагы сенатор Жо Байден анын талапкерлиги расмий жактырылгандан кийин өз үйүндө, үй-бүлөсүнүн курчоосунда туруп алып ыраазычылык билдирди:

«Чоң рахмат. Чын жүрөктөн рахмат. Баарыңарга рахмат. Бул мен жана үй-бүлөм үчүн өтө маанилүү. Бейшембиде көрүшөбүз».

Демократтардын талапкер көрсөтүү боюнча жыйынында мурдагы президенттер Билл Клинтон менен 95 жаштагы Жимми Картер, мурдагы демократ мамлекеттик катчы Жон Керри жана мурдагы республикачы мамлекеттик катчы Колин Пауэлл да Байденди колдоп сөз сүйлөштү.

Клинтон Дональд Трамптын коронавирус пандемиясы убагындагы иш-аракеттерин кескин сынга алды:

«Дональд Трамп дүйнөнү биз башкарарыбызды айтып келет. Эми биз жумушсуздук үч эсе көбөйүп кеткен жападан-жалгыз ири экономикалуу өлкөбүз. Мындай учурда Ак үйдүн сүйрү бөлмөсү башкаруу борборуна айланышы керек эле. Анын ордуна ал бурганактын борбору болуп калды. Жалаң башаламандык».

Колин Пауэлл Жо Байденди колдоп чыккан таасирдүү республикачылардын катарын толуктады. Ал өз билдирүүсүндө мурдагы вице-президентти мактап жатып, анын тышкы саясаттагы тажрыйбасына токтолду.

Жон Керри болсо Трампка караганда Байденге ишеним чоң экенин айтты:

«Трамп биздин мамлекетти коргобойт. Ал биздин аскерлерди кантип коргош керек экенин билбейт. Ал жалгыз гана өзүнүн кара башын ойлойт. Байден биздин дипломаттарга жана чалгын коомчулугубузга ишеним артат, ал диктаторлорго жана деспотторго кошомат кылбайт. Ал биздин душмандарга тажрыйбасы жана күчү менен туруштук берет. Ал бизнес эмнени каалап жатканын аңдап түшүнөт».

Маркум республикачы сенатор Жон Маккейндин жесири Синди Маккейн да учкай сөз сүйлөп, анын маркум күйөөсү Байденди сыйлаганын белгиледи.

Трамптын аял шайлоочуларды «жибитүү» аракети

Ал арада Дональд Трамп Аризонада АКШ менен Мексиканын чек арасынан анча алыс эмес жерде кесиптик кошуундардын өкүлдөрү менен жолугушту жана анда өзүнүн «миграциялык саясатын» бекемдөөгө аракет кылды. Кошмо Штаттардын президенти эгер Байден президент болуп калса «дүйнөдө буга чейин болуп көрбөгөндөй мыйзамсыз миграциянын агымы көбөйөт» деп эскертти.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, Байденден артта калып жаткан Трамп саясий атаандашынын миграциялык планын сынга алып, аны «эң ашынган, акылга сыйгыс, кооптуу, опурталдуу» деп сыпаттады:

«Билесиңерби, латын америкалыктардан башка эч ким чек ара маселесин жакшы түшүнө албайт. Алар эмне жакшы, эмне жаман экенин билишет. Алар биздин өлкөгө ниети бузуктардын келишин, алардын жумушун, үйүн тартып алышын, кылмыш кылышын каалабайт. Теги латын америкалык АКШ жарандары - биздин чек арада жасап жаткан иштерибизди эң көп колдогон адамдар. Анткени алар бул маселени абдан жакшы түшүнүшөт».

Трамп ошондой эле эч ким күтпөгөн кадамга барды. Ал аялдардын шайлоого болгон укугун коргогон кыймылдын маркум лидери Сьюзан Б. Энтониге ырайым берди. Энтони 1872-жылы эркектерге гана шайлоого катыша алган мыйзамды бузганы үчүн камакка алынган.

Трамп ошондой эле аялдардын добуш берүү укугуна ээ болушунун 100 жылдыгына карата аял шайлоочуларга кайрылды. АКШда 1920-жылы 18-августта Конституцияга киргизилген 19-өзгөртүү ратификацияланган. Ага ылайык, добуш берүү боюнча аялдарга салынган чектөө алынган.

Соңку сурамжылоолордо шайлоочу кыз-келиндердин арасында Трампка караганда Байденди колдогондор көп.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG