Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Трамп шайлоого катышат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп 18-июнда экинчи мөөнөткө, 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша турганын расмий жарыялады.

Ал миңдеген тарапташтарынын алдында "Американы кайрадан дөөлөттүү кылабыз" деген ураанын кайталады. Демократ атаандаштарын жана журналисттерди сындады. Акыркы сурамжылоолор Трамп 2020-жылдагы шайлоодо утушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Кийинки жылы боло турган президенттик шайлоого катыша турганын Дональд Трамп Флорида Штатындагы Орландо шаарында миңдеген тарапташтары катышкан митингде жарыялады.

Ага Трамп менен бирге биринчи айым Мелания, вице-президент Майк Пенс жана администрация өкүлдөрү катышты. Алгач сөздү трибунага жубайы Карен Пенс менен чогуу чыккан вице-президент Майк Пенс баштап Дональд Трамптын ишмердигин мактады.

"Дональд Трамптын жетекчилиги менен жумушчу орундар, ишеним жана Америка кайтып келди. Биз эми гана баштап жатабыз".

Дональд Трамп адаттагыдай эле "жалган кабарларды жазат" деп, либералдык маанайдагы жалпыга маалымдоо каражаттарын сындады.

Сөзүнүн 30-мүнөтүндө Республикалык партиянын атынан 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого экинчи мөөнөткө талапкерлигин коё турганын расмий жарыялады.

"Биз Американы кайрадан дөөлөттүү кылууну улантабыз, албетте Американын улуулугун колдойбуз. Ошон үчүн мен бүгүн, сиздердин алдыңыздарда Кошмо Штаттардын президенттигине кайра шайлануу үчүн шайлоо өнөктүгүн расмий жарыялайм. Сиздерди эч убакта уят кылбоого убада берем".

Трамп 1,5 сааттык сөзүндө 2016-жылдагы шайлоо учурунда ага орусиялыктар кийлигишип жатканы тууралуу маалымат берилгенине карабай, эч нерсе жасаган эмес деп мурдагы президент Барак Обаманы сындады. Элге кайрылып, «силерди, силердин өлкөнү жок кылгысы келип жатат» деп, демократ атаандаштарын айыптады. "Бардык ооруларды, анын ичинде ракты дарылайбыз, СПИДди Америкада биротоло жок кылабыз", - деди.

Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоого бараткан талапкерлердин бири - сенатор Берни Сандерс Трамптын 1,5 сааттык сөзүн “жалган, бурамалаган жана былжырак кеп” деп баалады. “Ишибиз көп, бирок кандай гана болбосун өлкөнүн жаңы тарыхындагы коркунучтуу президентти утуу биздин милдетибиз” деди.

"Биздин расист, сексист, гомофоб, ксенофоб жана диний фанат президентибиз бар. Анын кайра шайлоодо утуп чыгуу стратегиясы адамдарды түсүнө, туулган жерине, сексуалдык абалына бөлүүгө негизделген. Биздин ишибиз ага буларды жасоого жол бербөө", - деди Берни Сандерс.

CNN телеканалы жарыялаган сурамжылоого ылайык, көпчүлүк америкалыктар 2020-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланат деп ишенет. Сурамжылоого катышкандардын 54 пайызы кайра эле Трамп президент болот десе, 41 пайызы мамлекет башына башка адам келет деп эсептешет.

Трамптан тышкары Республикалык партиядан 73 жаштагы Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Уильям Уэлд катыша турганын жарыялаган. Ал эми демократтардан шайлоого катышуу ниетин 20дай саясатчы билдирген. Алардын арасында Вермонт штатынан шайланган сенатор Берни Сандерс, мурдагы вице-президент Жо Байден жана Нью-Йорктун азыркы мэри Билл де Блазио бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG