Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:58

Трампизм жана АКШдагы тарыxый бурулуш


АКШнын президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын 45-президенти Дональд Трамп тууралуу америкалыктардын ой-пикирлери өтө эле кескин айырмаланат.

Солчулдар (Демократиялык партиядагы либералдар жана прогрессивдер) аны «карандай калпычы, сексист, өлкөнү бөлүп-жарган расист, уятсыз, макоо, Путиндин оюнчугу, чыккынчы, мамлекет үчүн эң эле коркунучтуу адам» деген сыяктуу өтө катуу сөздөр менен дээрлик басымдуу медиа каражаттарында тынбай сындап келишет. Мындай сын пикирлер Трамп президенттикке аттанган 2015-жылы башталып, бүгүн да уланууда.

Ал эми оңчулдардын көбү (Республикалык партия, консерваторлор) аны өлкөнү кыйроодон сактап калган куткаруучу, Вашингтондун саясий сазын тазалап аткан баатыр, тоскоолдуктарга карабай эки жыл ичинде экономиканы өстүрүп, жумушсуздукту кескин азайтууга жетишкен гений мамлекеттик ишмер катары көрүшөт.

2015-жылы ал президенттикке аттанганын жарыялаганда CNN, MSNBC, «Washington Post», «New York Times» баштаган солчул медиа-гиганттар, бүтүндөй саясий истеблишмент бир ооздон шылдың кылып, «бул маскарапозго эмне жок» деп боору эзилгенче күлүшкөн.

Республикачыл саясий элита да ага катуу каршы чыгып, партия ичиндеги тандоо учурунда Д.Трамптын шайлоо өнөктүгүн жактыра берген жок. Ага карабай миллиондогон америкалыктар аны колдоп чыгып, финалдык жарышта Хиллари Клинтонду жеңип алды.

Чынында Трамп - АКШнын саясатындагы өтө сейрек кездешчү феномен. Анын шайланышы кыйладан бери калыптанып калган элитардык саясий түзүмгө будуң-чаң салды. Бул көрүнүштү заманбап консерваторлордун лөктөрүнүн бири, мурдагы спикер Нүт Гиңрич трампизм доорунун башталышы катары сыпаттап, бул окуяларды урпактар кылымдарга окуп-иликтей турганын айтат.

Маселен, ал президент Д.Трампты Айн Рэндтин «Атлас күйшөлгөндө» («Atlas Shrugged») аттуу саясий-философиялык чыгармасындагы Жон Галтка салыштырып, бирок ал Галттын антиподу экенин айтат. Жон Галт баштаган миллиардерлер социалисттердин мамлекеттештирүү саясатына каршы чыгып, «жоктон бар кылып, нөлдөн баштаган бизнесибизди гүлдөгөн кезинде тартып алышууда. Анда аларга да жок, бизге да жок» деген жүйө менен тыптыйпыл өрттөп салышат.

Алардан айырмаланып миллиардер Трамп бардык күчтөр менен ачык кармашып, эки партиянын тең элитасын медиа каражаттарына кошуп жеңип алды. Ушунун өзү эле Н.Гиңричтин сыпатташынча барган сайын социалисттик күчтөр тамыр жайып бараткан Америкада кайталангыс тарыxый окуя болду.

Трампизм - бийликтеги эки ири партиянын акыркы 50-60 жыл ичинде жүргүзүп келаткан саясатына тап-такыр каршы кыймыл.

Мисалы, көрүнүктүү демократтар акыркы жылдары салыктарды көтөрүү, саламаттык сактоо тармагын мамлекеттештирүү, ымыркайды бойдон алдыруу учурунда аман төрөлсө да өлтүрүүгө уруксат берүү сыяктуу саясатты сүрөп келишет. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш сыяктуу жүйөлөр менен мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү аракети катуу.

Трамп бийликке келгени айтылгандардын бардыгын тетиринче бурду. Ал салыктарды азайтып, климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишиминен чыкты. Жеке ишканаларды көзөмөлдөөчү жоболордун көбүн жойду. Салыктын деңгээлин кыйла төмөндөттү. Ымыркайды жөнү жок бойдон алдырууга тыюу салган чараларды колдоп жатат.

Ушул тапта Конгрессти көзөмөлдөп турган демократтардын эле эмес, өз партиясындагы айрым таасирлүү саясатчылардын да тоскоолдугуна карабай, Трамптын башкаруусунда АКШда биринчи жолу жумуш орундарынын саны жумуш издегендердин санынан ашты.

Трампизм жана эл аралык соода

Тышкы саясатта Трамп «Оболу Америка» (America First) деген ураанды алга коюп, ар бир мамлекет өз элин, өлкөсүн биринчи орунга коюшу керек экенин, АКШнын саясий элитасы көптөгөн жылдар бою дүйнөдөгү башка элдерди багып, башка мамлекеттерди коргоп келгенин, эми мындан ары унутта калган элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого мезгил жеткенин айтат.

Белгилүү тарыxчы жана консерватор ойчул Виктор Дэвис Хэнсондун айтымында, Экинчи дүйнөлүк согуштан АКШ гана чириген бай, күчтүү держава бойдон чыккан. Калган ири державалардын бардыгы согуштун айынан мүңкүрөп турушту.

Ошондо Америка өнөктөшү Европаны жана өзөктүк бомбасын иш жүзүндө сынаган Жапонияны көтөрүүнү өз милдети катары сезип, соода келишимдерин түзүүдө алардын пайдасына кол койгон. Ушундай келишимдер Европа өлкөлөрү, Жапония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр өнүккөнүнө карабай ушул күндөргө чейин сакталып келген. Эми ошол соода алакаларынын бардыгы кайра каралып, Трамптын администрациясынын башкы бутасы коммунисттик Кытай болуп калды.

Трамптын тобундагылар айткандай, Кытайда жасалган товарлардан Кошмо Штаттар 5 пайыздай тариф же салык алып келди. Ал эми Кытай АКШдан келген товарларга 25 пайыздан өйдө тариф койгон же такыр эле киргизбейт. Шарт боюнча чет элдик ишкана товарын Кытайда жасамайынча 1,5 миллиарддык бул ири базарга кире албайт. Европа өлкөлөрү же Жапония сыяктуу мамлекеттер менен да ушундай. Мындай абал Американын экономикасын көп жылдан бери алсыратып, мамлекеттик карыз 22 триллион долларга жетти.

Трампизмдин негизги идеяларынын бири - АКШ мындан ары башкаларды өз эсебинен байыта албайт. Андыктан соода алакаларында калыстык болуп, тарифтер теңделиши керек. Тараптар табигый түрдө атаандашуусу зарыл.

Трамптын иммиграция саясаты

Трамп шайлоо алдында Мексика менен чек арасына бийик дубал курууга убада берген. Анын ишениминде дубалдын курулушу мыйзамсыз иммигранттарды азайтып, Мексиканын картел же мафия топторунун баңгизат соодасына, адам жана курал аткезчилигине сокку урат. Баңгизаттарды колдонуу учурунда АКШда жылына 70-80 миңдей адам өлөт. Дубалдын курулушу ушундай маселелерди чечүүгө жардам бермекчи.

Ушул тапта ар кыл эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз иммигранттардын саны 15-20 миллиондун тегерегинде. Алардын басымдуу бөлүгү Мексика баштаган Латын Америкасынан келген. «Чек арадан мыйзамсыз өткөндөрдүн кыйласы кылмышкерлер, зордукчулар, баңгизаттарды, курал, адам аткезчилигин кылгандар» деп айтып, медиа каражаттары жана демократтар арасында президент Трамп «Ырайымсыз расист» атка конду.

Трамптын иммиграция боюнча пландарына караганда, америкалык болууну каалагандарды тандоодо алардын шык - жөндөмүнө, өлкөгө канча салым кошо аларына басым жасаш керек. Иммигранттар ассимиляция болушу же тил үйрөнүп, америкалык маданиятка, жашоо образына жуурулушу абзел. Ал эми азыркы иммиграция системасы боюнча Мексика аркылуу мыйзамсыз келип аткандардын көптүгүнөн улам АКШ менен чек арасы жок башка өлкөлөрдөн келүүнү каалагандар жабыркап жатышат.

Трамп жана медиа

Дональд Трамп - АКШдагы жана дүйнөдөгү миллиарддаган долларлык өтө таасирлүү медиа каражаттары менен ачык согушуп аткан алгачкы президент. CNN, MSNBC, «New York Times», «Washington Post» баштаган гиганттарды ал «Эл душманы», «Ушакчы же жалган кабар» (fake news) деп ачык айыптап, алар коммунисттик үгүттөн айырмаланбай калышканын айтат.

Албетте, бул медиа каражаттарын коммунисттик үгүткө салыштырууга али эрте. Ошентсе да кабарчылардын жеке саясий көз карашы журналисттик кесибинде ачык чагылып, Трампты же консерваторлорду каралоого ынтызарлыгы табигый эле нерседей.

Саны жагынан аздык кылса да наркы жээкте консерваторлорду колдогон медиа каражаттарынын күчү таң калтырат. Негизинен оңчуларды колдогон «Fox News» телеканалы дүйнөдө CNN сыяктуу атагы болбосо да бир топ жылдан бери Америкада топ башында.

Маселен, прайм-тайм маалындагы эң эле көп көрүлгөн жыйырма саясий телеберүүлөрдүн жарымынан көбү «Fox News» телеканалына таандык. Алардын 6-7 берүүсү MSNBCники. Ошол «Fox Newsтун» прайм-таймдагы атактуу алып баруучулары Трампты жактагандар.

Андан тышкары жалгыз адам болсо да миллиарддык медиа корпорациялардан кем калбаган легендарлуу эки консерватор бар. Алар - күн сайын 3 сааттан саясий-аналитикалык радио берүү алып барган Раш Лимбо жана Марк Левин. Булар да «трампчылар».

Ага улай Трамптын «Twitter», «Facebook», «Instagram» сыяктуу социалдык медиа түйүндөрүндө өтө популярдуулугун эске алсак, эки тарап медиа согушунда тең тайлашып турат.

Эми 2020-жылкы президенттик шайлоо жакындаган сайын Трамптын өз партиясындагы каршы күчтөр, Демократиялык партия жана медиа чабуулун күчөтүүдө.

Өз кезегинде сөз элебей, кээде ойлонбой сүйлөгөн президент атаандаштарын, журналисттерди келекелеп, шылдыңдап, аларга такмаза ат (кличка) койгонун токтоткон жок.

Жеке адамдык сапаттары суроолорду жаратса да жетишкендиктерине карап, Трамп кайра эле шайланчудай түрү бар. Кандай болгон күндө да АКШнын саясий түзүмүнө бүлүк салган трампизм феномени терең изилдөөгө татыктуу.

Илим Жанузаков

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG