Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Трамп менен Байден кайым айтышты


Телетаймашта.
Телетаймашта.

29-сентябрда АКШнын президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байден алгачкы телетаймашта беттешти.

Дональд Трамп менен Жо Байден бир жарым сааттык дебатта кызыл чеке болуп талашып-тартышып, АКШнын президенттигине башкы талапкерлердин беттешүүсү эки тараптуу айыптоолор менен коштолду.

Демократиячыл Жо Байден «Американы кайрадан улуу өлкө кылабыз!» деген убада менен келген республикачыл Трамптын маалында өлкө тескерисинче «алсырап, жакырланып, чаржайыт бөлүнүп» турганын айтты.

Коронавирус пандемиясында көрүлгөн чаралар боюнча сынга Трамп анын администрациясы «мыкты иштегенин» белгилеп, Байден президент болгондо «жоготуулар менен өлкөдөгү кырдаал мындан оор болмок» деди.

АКШда коронавирус 7 миллиондон ашуун адамда аныкталып, илдеттен каза болгондор 200 миңден ашты. Бул үчүн Трамп америкалыктардын катуу сынына калып, рейтинги төмөндөп турган кези.

Байден Трамптын тышкы саясаттагы чабалдыгын айтып, аны «Путиндин күчүгү» деп атады.

«Мен Путин менен жолуккам. Мен анын айла-амалдарына алданбасымды ачык көрсөткөм. Бул болсо, Путиндин күчүгү. Бул Ооганстандагы америкалык аскерлердин баштары үчүн жарыяланган байге тууралуу ага эч нерсе дей алган жок», - деди Байден.

Байден
Байден

Трамп өз кезегинде Байден вице-президент болуп турганда уулу Хантер Украина, Орусия менен Кытайдагы анын кызматтык байланыштарын колдонуп, байыганын айтып чыкты.

Ал кезде Хантер Байдендин компаниясы Москванын мурдагы мэри Юрий Лужковдун аялынан 3,5 миллион доллар алганын кошумчалай кетти. Буга Байден уулу «мыйзам чегинде иш алып барганын» айтып, жооп берди.

Бул ирет мурдагы вице-президент Трамптын адамды укпай, сөзүн бөлүп, жеке сапаттарына асылып сүйлөгөн стилин колдонгону, эки талапкер тең бирдей ашып кыйкырып сүйлөөгө аракеттенгени байкалды. 77 жана 74 жаштагы талапкерлер эмоцияга алдырып, бири-бирин «жалганчы», «маскарапоз» деп айыптоого чейин барышты.

Дебаттын алып баруучусу Крис Уоллес бир нече ирет кызыл чеке болуп талашка түшкөн оппоненттердин токтотуп, «экөө бир маалда сүйлөп жатканын» эскертти.

Ал эми телетаймашка байкоо салган серепчилер бир жарым саат ичинде эки талапкердин бири да өзү сунуштары менен программасы тууралуу кеп козгобогонун сынга алышты.

Дебатта мындан тышкары АКШнын Жогорку сотунун судьясын шайлоо, шайлоо мыйзамдарынын сакталышы, пандемиядагы кабыл алынган чечимдер, экономикадагы абал боюнча талкуу жүрүшү керек болчу.

Көптөгөн маалымат каражаттары талапкерлердин дебатын «башаламан» өткөн кайым айтыш катары сүрөттөштү.

Трамп республикачылар менен демократиячылардын талашына түшкөн Жогорку соттун судьясын шайлоого чейин дайындоо анын конституциялык укугу экенин белгилеп, почта аркылуу алдын ала добуш берген америкалыктардын добуштары бурмалана турган болсо, шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын баса белгиледи.

«Мен шайлоо ачык-айкын өтөт деп үмүттөнөм. Шайлоо таза болсо, мен аны 100 пайыз колдойм. Бирок, он миңдеген бюллетендер бурмаланса, мен аны менен макул болбойм», - деген Трамп келерки шайлоо жыйынтыгы акыры Жогорку сотто каралышы ыктымалдыгын жашырбады.

Трамп
Трамп

CNN телеканалы жүргүзгөн сурамжылоодо он адамдын алтоо дебатта Байден өзүн жакшы көрсөткөнүн белгилешкен. Үчтөн экиси Байден ачык-айкын жооп бергенин баалашкан, калгандары Трампты туура көрүшкөн.

Анткен менен «Голос Америки» менен «Рейтер» агенттиги бул дебатка чейинки сурамжылоолордо америкалыктардын 90 пайызы өздөрүнүн талапкерин ишенимдүү тандашканын, 1,4 миллион адам алдын ала добуш беришкенин кабарлап жатышат.

Телетаймаштын алдында «New York Times» гезити Трамптын соңку 20 жылдагы салык декларацияларындагы маалыматты ачыктап, анда Трамп 2001-2015-жылдары такыр федералдык киреше салыгын төлөбөгөнүн жазып чыккан.

Басылма жарыялаган иликтөөгө ылайык, Трамп 2016-жылы жаңыдан президент болгондо 750 доллар өлчөмүндө гана федералдык киреше салыгын төлөгөн. Кийинки жылы деле ушунча суммадагы акча төккөн.

Трамп 27-сентябрдагы басма сөз жыйынында бул маалыматты «фейк, жалган» деп атап, салык декларациясы тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тарткан болчу.

Дебаттын алдында Жо Байден жана аялы Жилл былтыркы декларацияларын жарыялап, казынага 300 миң доллардай салык төлөшкөнүн ачыкташкан.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG