Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Жо Байден: АКШ Крым аннексиясын эч качан тааныбайт


Жо Байден украин парламенти - Жогорку Радада сөз сүйлөп жатат. 8-декабрь, 2015-жыл
Жо Байден украин парламенти - Жогорку Радада сөз сүйлөп жатат. 8-декабрь, 2015-жыл

Жогорку Радада сөз сүйлөгөн АКШ вице-президенти Жо Байден Кошмо Штаттар Крым аннексиясын эч качан тааныбасын жана Киевдин Кремлдин агрессиясына каршы күрөшүн кубаттарын айтты.

Украинага кечээ иш сапары менен келген АКШ вице-президенти Жо Байден бүгүн украин парламенти - Жогорку Радада сөз сүйлөдү. Өлкө президенти Петро Порошенко коштоп келген Жо Байденди украин депутаттары кол чаап, кубаттоо менен тосуп алышты.

Ал алгач украин лилерлери 2004-жылдагы "кызгылтым революцияда" берген демократиялык реформаларды жүргүзүү убадаларын аткара албаганын белгилеп, 2013-жылдын соңу менен 2014-жылдын башындагы ыңкылап украин элинин үмүтүн жана талаптарын аткарууга дагы бир мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Ал ошондой эле башка бир өлкө күч менен экинчи эркин өлкөнүн аймагын басып алуусуна жол берилбеши керектигин, Орусия бул эрежени бузганын жана аны бузууну дале улантып жатканын айтты.

"Орусия эгемен Украинанын аймагын ээлеп алды. АКШ Орусиянын Крымды аннекциялоо аракетин тааныган эмес жана тааныбайт", - деген Жо Байден Украинага тиешелүү жарым аралды аннексиялоо эл аралык укуктук эрежелерге каршы келерин белгиледи.

Анын бул сөздөрүн украин депуттаттары кол чабуу менен кубаттап турду.

Киевге 7-декабрда келген вице-президент иш сапарынын алгачкы күнүндө президент Петро Поршенко менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул жолугушуудан соң ал Кошмо Штаттар Украинага коррупцияга каршы күрөшүү жана бюрократияны кыскартуу үчүн 190 миллион доллар финансылык жардам көрсөтөрүн да айтты.

"Украина кийинки жылы эмне болорун, тагырак айтканда өлкөнүн бир канча муунга чейинки тагдырын аныктоо алдында турат", - деди Жо Байден кечээ Киевде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин украин президенти Петро Порошенко менен биргелешкен брифингде.

Жо Байден бул маалымат жыйынында да Крым маселесине кайрылды.

- Крым тууралуу биз такай сөз кылбай койгонубуз Орусия бул аймакты мыйзамсыз ээлеп алганын унутту дегенди билдирбейт. Орусия Крымды аннексиялоосу биз жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылбайт. Аннексия аракети эл аралык укуктук эрежелерге каршы, ал туура эмес жана кандай шартта болсо да биз аны кабыл албайбыз. Москва суверендүү Украинанын аймагын оккупациялоосун токтотуусу шарт. Крым мурдагыдай эле эгемен Украинанын аймагы, - деди Жо Байден.

Жо Байден (ортодо), Петро Порошенко (оңдо) украин парламентинде.
Жо Байден (ортодо), Петро Порошенко (оңдо) украин парламентинде.

Ал ошондой эле бул акыркы эки жылда Украинага төртүнчү жолу келиши экенин, мындан тышкары миң саатка жакын убактысын Порошенко менен телефондон сүйлөшүүгө коротконун айтып, “украин президенти менен телефондон аялыма караганда да көп сүйлөшөм", - деп тамашалады.

Украин президенти Петро Поршенко болсо өлкө чыгышындагы согуш дале токтобой жатканына токтолду:

- Тилекке каршы Украина чыгышындагы согуш дале уланууда. 7-декабрда да биз минеметтон ок атылган 14 учурга кабылдык. Акыркы 24 саатта сегиз украин аскери жаракат алды. Орусиячыл жикчилдер тарабынан ок атышууну токтотуу келишими тынымсыз бузулуп жаткан мындай шартта биз бул келишим толук аткарылышын камсыздоо боюнча кийинки ыктымал кадамдар тууралуу да сүйлөштүк.

Украинадагы иш сапарынын биринчи күнүндө вице-президент Жо Байден Киевде реформаторлор тобу менен да жолугушуп, аларды финансы жагынан кам санабоого чакырды. Жолугушууда коррупция менен күрөштүн маанилүүлүгү, башкарууну жакшыртуу жана экономикалык реформаларды жүргүзүү тууралуу да сөз жүрдү. Вице-президент өкмөт менен аткаруу бийлигининин ишине көзөмөлдү камсыздоодогу жарандык коом менен парламенттин ролуна да токтолду.

Байден ошондой эле Москва Минск келишимин толук аткарууга тийиштигин, Донбасста эркин, акыйкат жана коопсуз жергиликтүү шайлоо өткөрүүгө шарт түзүүсү үчүн АКШ Украина менен конструктивдүү түрдө иштешүүнү уланта берерин билдирди.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG