Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Талант Мамытов атасына алып берген миллиондордун чуусу


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин кийинки төрагасы болот деген саясатчылардын арасында Талант Мамытовдун аты көп аталып жатат.

Өткөн аптада айрым депутаттар азыркы спикер Канатбек Исаевди кетириш үчүн кол топтой баштаган жана бул маселе парламенттин келерки жыйынында караларын айтышкан.

Талант Мамытов - президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Ал арада Мамытовдун атасы мындан 11 жыл мурун банктан ири өлчөмдө насыя алганы, аны төлөбөй койгону тууралуу маалымат чыкты. Депутат өзү комментарий бере элек, анын атасы Турдумамат Мамытов мындай дооматты четке какты.

8,5 миллион долларга чейин өскөн карыз

Талант Мамытовдун атасы Турдумамат Мамытов алган насыя тууралуу маалыматты жана айрым сот кагаздарын ушул тушта АКШда жашап жаткан кыргызстандык адвокат, эл аралык юрист Динара Муканбаева «Фейсбуктагы» барагына жарыялады. Ага ылайык, 2009-жылы ноябрда уулунун кепилдиги менен Турдумамат Мамытов «АзияУниверсалБанктан» ири өлчөмдө насыя алган.

«Талант Мамытов ошол кезде Тогуз-Торонун прокурору болуп турган кези экен, - деди ал. - Бул банктын Жалал-Абаддагы филиалынан атасына насыя алып берген. Алар Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылындагы Өзбекстан менен чектешкен жердеги чоң соода комплексин банкка күрөөгө коюшкан. Ошону банкка күрөөгө койдуруп, өзү кепилдик берип, колун коюп, атасына 250 миң доллар насыя алып берген. Кепилдик берген адам жоопкерчиликти тең бөлүшүп, «эгер атам төлөбөсө мен төлөйм» дегендей кошо жооптуу болот».

Мындан көп өтпөй эле, тактап айтканда 2010-жылы апрель ыңкылабы болуп, «АзияУниверсалБанк» банкрот деп табылган, кийинчерээк мамлекетке өткөрүлгөн.

Юрист Муканбаева колундагы материалдарга таянып, Мамытовдордун үй-бүлөсү бул жагдайды пайдаланып, банкка карызын төлөбөй коюунун айла-амалын кылганын айтууда:

«Талант Мамытов ошол жылы «Ата Журт» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Булар насыяны кайтарып бербей, Мамытов депутаттык укугунан пайдаланып, банк жетекчилери менен сүйлөшүп, сотко бир да доо арыз жаздырбай, төлөө мөөнөттөрүнүн баарын өткөрүп жиберет. Булар банк менен жең ичинен сүйлөшүп алгандыктан, банк аларга каршы сотко бир да доо арыз берген эмес. Банктын жетекчилиги атайын созуп, убакытты кармап берген».

DEBRА жана анын арызы

2016-жылы июнь айында гана Улуттук банкка караштуу Банктарды жоюу боюнча агенттик (DEBRA) Турдумамат Мамытов алган насыя боюнча сотко кайрылган. Жалал-Абад облусундагы район аралык сот «банк аласасын үч жыл доолабаса ал кайтарылбайт» деген Жарандык кодекстин беренесине таянып, бул доо арызды канааттандырган эмес.

DEBRA Жогорку сотко чейин арызданган, бирок анын баарында Турдумамат Мамытовдун пайдасына чечим чыккан. Муканбаеванын айтымында, ошол маалга карата насыянын үстөгү бир канча эселеп көбөйүп кеткен.

«Банкка күрөөгө коюлган соода комплекси дагы эле күрөөдө, - деп түшүндүрдү ал. - Мамытовдордун үй-бүлөсү аны иштетип, пайда таап жатат. Ал азыр аябай өсүп-өнүгүп, чоң комплекске айланды. Банк жетекчилерине чоң суроо: эмнеге булар Мамытовдордун үй-бүлөсүнөн бул акчаны убагында талап кылышкан эмес? Мен cоттун кагаздарын көрүп жатам. Ага ылайык, булар 2009-жылдан бери бир тыйын да төлөгөн эмес. Булар 2009-жылы ноябрда насыя алышкан. Төрт айдан кийин эле апрелде төңкөрүш болгон. Ошондой башаламандыкта булар да «насыяны бербей эле коёлу» деп ойлошсо керек. 2009-жылдан баштап насыя боюнча карызы, анын үстөгү өсүп, 2016-жылдын декабрына карата 8,5 миллион доллар болуп кетиптир. Бул абдан чоң акча. Булар негизги карыз - 250 миң долларды да төкпөптүр. Анан алар үстөгүн төкмөк беле? Жөнөкөй адамдар насыя алса Орусияга чейин барып, жанталашып күнү-түнү иштеп, убагында төлөп, төлөй албагандар үй-жайынан айрылып, талаада калгандар да болот. Мындай адамдар карапайым кишилердин түшүнө да кирбеген чоң акча алып, бир да тыйын төлөбөй, кайра саясатка келип, ал тургай спикер болом деп жатканына мен таң калам. Эгер Садыр Жапаров шайлоого кетсе парламенттин төрагасы премьер-министрдин, президенттин милдетин аткарып калат да. Биздин өлкөнү ушинтип насыя алып, аны бербей койгондор башкарабы?».

Биз макала жазылып жаткан чакта Талант Мамытов менен байланышып, бул маалыматтар тууралуу комментарий ала алган жокпуз. Биз мындай дооматтар тууралуу депутаттын пикирине да орун бергенге даярбыз.

«Азаттык» ушул тушта Майлуу-Суу шаарында жашаган депутаттын атасы Турдумамат Мамытов менен телефондон сүйлөштү. Ал мындан туура 11 жыл мурун «АзияУниверсалБанктан» 250 миң доллар насыя алганын ырастады. Бирок ал акчаны төлөп бергенин айтты:

«Тополоң болгондо насыянын 200 миң доллары эле калган болчу. Кыргыз-өзбек тополоңунан кийин банкка төлөйүн деп эки жолу барсам жабык экен. Аны Максим Бакиевдики деп жаап, баары качып, банк жоюлуп кетиптир. Аны кийин мамлекеттештиришти да. Алар мага беш айдан кийин келишти. Мага акча берген башчысы баш болгон үч бала келип, «сиз бизге карызыңызды тезирээк бериңиз» деди. Мен «макул, төлөп берейин, алгандан кийин төлөш керек» дедим. Мен ошондо бешке бөлүп төлөп салгам. Биринчи төлөгөндө 86 миң доллар төлөгөм. Калганын бөлүп-бөлүп баарын төлөдүм. Бир тыйын да карызым калган жок. Андан кийин мага беш жылдан кийин «төлөгөн эмессиң» деп келишти. Мен «төлөгөм» десем, «сиз кассага төлөгөн эмес экенсиз» дешти. «Эй, кассага төлөбөгөндө мен каякка төлөйм? Аны беш жылдан кийин сурайсың. Мен ал акчаны тогуз айда эле төлөп салгам» дедим».

Бирок Турдумамат Мамытов сот анын пайдасына чечимдерди насыя карызды доолаган мөөнөт өтүп кеткени үчүн чыгарганын бышыктады:

«Соттон мен ошол үчүн утуп алгам. Мен эки жыл соттоштум, бул акмактар мени эки жыл кыйнады. Эми банк жоголуп кетсе мен күнөөлүүмүнбү? Банк бир жылдан кийин өкмөткө өтүп жатпайбы, тигилер болсо «акчаны бере бер» деп жанды коюшкан эмес. Алар «кассага төлөгөн эмессиз» дейт, мен кассага төлөбөсөм да алар менин аркамдан барып ал акчаны алып жатышпайбы! «Сен эмне 5,5 жылдан кийин келип алып башымды оорутасың?» дедим. Сот да «беш жылдан кийин козгоп атасыңар, мөөнөтү өтүп кетти» деп айтты. Сот ошол боюнча эле «сиз жеңдиңиз» деп чечим чыгарып койду. Кыскасы мен соттон акталып чыкканмын, эч кимге бир тыйын карызым жок».

"Азаттык" макала жазылып жатканда DEBRA уюму менен байланышып, Турдумамат Мамытов банктан алган 250 миң доллар насыя менен анын үстөгү эмне болгону тууралуу маалымат ала алган жок. Биз бул ишке тиешеси бар бардык тараптарга микрофон берүүгө даярбыз.

Жалал-Абадда Мамытовдорду жакшы билгендер аларды колунда бар үй-бүлөлөрдүн бири катары таанышат. Биз ушундан улам алардын дагы башка бизнесине кызыктык.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин расмий сайтындагы маалымат боюнча Чаткалда алтын казуу боюнча лицензия алган «Архар-Лачын» жоопкерчилиги чектелген коомунда Турдумамат Мамытовдун 70% үлүшү бар.

«Архар-Лачындын жерин бир кытай экөөбүз сатып алганбыз, - деп түшүндүрмө берди ал бул тууралуу. - Беш-алты жыл болду. Жүгүрүп жүрүп лицензия алдык. Мамлекетке 2,5 миллион сом төлөдүк. Жерине акча төлөдүк. Муса Мавлянов деген «Архар-Лачындын» аткаруучу директору. Ал ошол жердин кожоюну экен, ошол бизге сатты. Эки жыл мурун ал жерде тополоң болуп, жергиликтүү эл, губернатору баш болуп кытайларды уруп, кубалап, аларды иштетпестен айдап жиберишкен. Ошол боюнча иштебей туруп, акыр аягы таштап кетип калганбыз. Лицензия азыр Мусада турат. Ал кытай 70% үлүшүн мага каттатып койгон. Ал мага ишенген киши да. Анын жабдуулары азыр үйдө турат, мен аны чыгарып алып келип койгом. Азыр уруксат берсе барып казсак болот, лицензия бар, бирок эл каздырбай жатат. Бир-эки акмак чыгып, элди тукуруп, кубалатып салды».

Биз Турдумамат Мамытовдон анын атына катталган, «Достор» эл аралык инвестициялык компаниясы деген жоопкерчилиги чектелген коому тууралуу да сурадык. Расмий булактарда бул компаниянын ишмердиги «көмүр казуу» деп көрсөтүлгөн.

«Менин «Достор» деген компаниям бар, - деп жооп берди ал. - Көмүр казбайм, бирок ошого аракет кылгам, бирок болгон жок. Бирок мен азыр адамдарга иш берип иштетип жатам, кыйынчылык өтө көп, айлантайын десе акчам жок. Банктан бир миллион 400 миң сом карыз алдым. 48 миң 50 сомун айына төлөйм, келсең квитанциясын көрсөтүп коём».

Там-ташы жок Мамытов

Турдумамат Мамытов спикерликти мелжеп турган баласы тууралуу айтылган дооматтарды жана «бай үй-бүлөлөрдүн бири» деген сөздөрдү четке какты:

«Эй, айланайын, мен ушундай бай болсом, банктан айлантайын деп бир миллион 400 миң сом карыз аламбы? Бир балам Кара-Көлдө милиция башчысынын орун басары болуп иштейт. Бир балам лицензия алып, гипс чыгара турган ишкана куруп жатат, ал да акча жок иштебей турат. Талант менин экинчи уулум. Азыр деле депутат. Ошол бала бирөөнүн эки бөлмө үйүндө төрт баласы менен жашап жүрдү. Мен эптеп жүрүп ошол балага батир алып бердим. Балам бирөөнүн акысын жебейт, таза бала, жаман жакка аралашпайт. Депутат болгондон бери тапканы өзүнө жетпей келе жатат. Мен ага «ошону таштачы» десем, «элдин талабын аткарып кичине иштейин» деп, байкуш, аракет кылып иштеп жүрөт. Булар Садыр Жапаров болуп камалган да. Тогуз ай отурду. Ыйлап жүрүп, акыры эл бар экен, адилеттүүлүк бар экен, эптеп актап чыгарттырганбыз да. Кийинки шайлоодо Талант өттү, Ташиев бара албай калган, аны Атамбаев «бирөөнү урдуң» деп киргизбей койгон. Садыр, Камчы болуп түрмөдө отуруп, булар тогуз ай өтө көп азап тартышкан. Мен ыйлап, «балам сага эмне кылды, чыгарып бер» деп Асылбек Жээнбековго баргам. Ошондо «балаңыз чыкпай жатат, «Садыр болуп үчөөбүз тең чыгабыз» деп чыкпай жатат» деген».

Талант Мамытов парламенттин соңку эки чакырылышында депутат болгон. 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен шайланган. Кийин «Республика - Ата Журт» менен депутат болгон жана 2011-2013-жылдары төраганын орун басарынын милдетин аткарган.

Талант Мамытов - парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү. Соңку парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын катарын толуктап, анын лидери Канатбек Исаевди жандап жүргөн.

Ушул тушта Мамытовдун аты Жогорку Кеңештин спикери болот дегендердин арасында көп атала баштады. Ал мындай божомолду ырастаган да, төгүндөгөн эмес. Бул маселени «көпчүлүк чечерин» гана айтып чектелген.

Ал парламенттик шайлоо өткөрүү алдында Конституцияны өзгөртүүнү колдогон депутаттардын бири. Мамытов муну «эл шайлоо мыйзамдары түп-тамырынан өзгөртүлүшүн талап кылып жатат» деген жүйө менен негиздеп келет. Буга чейин «Азаттыкка» комментарий берип жатып: «Эл жаңыланууну талап кылууда. Ал референдумдан башталышы керек. Ал жаңы эрежелер кирип элдин талабы аткарылганда гана ишке ашат. Тарыхта мындай учурлар бир эле келет. Бизде азыр жакшы мүмкүнчүлүк турат. Бизди эч ким шаштырган жок. Эл күтүп жатат. Жаңылануу бизден көз каранды», - деп айткан.

«Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан жаш саясатчы Темирлан Султанбеков президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, аны аброю күмөн санаткан адамдар курчап алганын айткан. Маселен Султанбеков «Талант Мамытов буга чейинки бийлик учурундагы Икрам Илмиянов менен Төрөбай Зулпукаровго айланып калды» деп билдирген. Мамытов бул дооматка жооп кайтарган эмес.

Октябрь окуяларынан кийин, 16-октябрда Жогорку сот Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, үчөөнү тең актаган.

Алар мындан туура сегиз жыл мурун Бишкекте Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүү боюнча митингдеги башаламандыкка байланыштуу камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту үчөөнү бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. Кийин 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

Саймаитинин табышмактуу өлүмүн иликтеген комиссия

Талант Мамытов Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланышкан жагдайды жана маалыматтарды текшериш үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияны жетектеген. Ал жакында эле «Азаттыкка» комментарий берип жатып, «Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча маселе иликтенип-тергелиши керек» деп айткан. Депутат иликтөө калыс жүргүзүлүшү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилерин алмаштыруу зарыл экенин кошумчалаган. Бирок ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Депутаттык комиссиянын корутундусунда эмне себептен Матраимовдун ысымы бир да жолу аталган эмес?» - деген суроосуна: «Тергөө купуялыгына байланыштуу айтылган маалыматтар менен гана чектелгенбиз», - деп жооп кайтарган. Мамытов Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгында алты кылмыш иши козголгонун эске салган.

Талант Мамытов 1976-жылы Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында туулган. 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин юриспруденция бөлүмүнө тапшырган.

Өмүр таржымалы тууралуу Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматта окуу жайын качан бүтүргөнү көрсөтүлгөн эмес.

Эмгек жолун 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында баштаган. 2001-2005-жылдары негизинен Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык жана Чаткал райондук прокуратураларында иштеген.

2005-2006-жылдары Башкы прокуратурага келген. 2006-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп аз убакыт иштеген. Андан кийин Сузак районунун прокурорунун орун басары болуп турган. 2007-2009-жылдары Тогуз-Торо районунун прокурору болгон.

Прокуратура тармагын ичинен жакшы билгендер, адатта шарты катаал, жолу алыс бул районго прокурорлор жаза иретинде «сүргүнгө» жөнөтүлөрүн айтышат. Мамытов кандай негизде Сузактан Тогуз-Торого кызматка которулганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG