Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Тышкы карыз: элден колдоо күткөн өкмөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каржы министрлиги элден акча чогултуу үчүн эки эсеп колдонот. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга, экинчиси тышкы карызды төлөө үчүн жумшалат.

Каржы министрлигинин жаңы эсептеринин бири 30-октябрда ачылган. Бул тууралуу министрлик расмий сайтына жарыялап, элден чогулган акча бюджетке тыгынчык болорун жазган. Ушул эле эсепке экономикалык мунапыстан өндүрүлгөн каражат келип түшөрү айтылат.

Ал эми экинчи эсепке акча чогултуу үчүн Каржы министрлиги элди патриоттулукка үндөп жатат. Анткени бул эсепке ыктыярчылар көңүлүнөн чыккан акчасын берет. Бирок эрежеге ылайык алардын аты-жөнү ачык айтылбайт. Болгону эсепке канча акча чогулганы тууралуу министрлик отчет берип турат.

Каржы министрлигинин өкүлү Замира Ташиева эсептер тууралуу мындай маалымат берди.

“Каржы министрлиги токтомдун долбоорун өкмөткө сунуштады. Ага ылайык, улуттук валюта менен атайын депозиттик эсеп ачылат. Каалоочулар ушул эсепке акча которуп турат. Эреже боюнча, биз даярдаган токтомдун долбоору министрлер кабинетинде жактырылды. 12-ноябрда өкмөткө кароого жибердик. Токтом күчүнө киргенден кийин эсеп ачып, коомчулукка таратабыз”.


Тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу боюнча демилге буга чейин да көтөрүлгөн. Мындай сунуш өлкөдө бийлик алмашкандан бери социалдык тармактар аркылуу да айтылып жаткан.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ноябрь айынын башында аймактарды кыдырып жүргөндө бул демилгени колго алганын билдирген. Ал мигранттар менен жеке ишкерлерге үмүт артып жатканын жашырган эмес. Жапаров бул оюн 12-ноябрда журналисттерге берген маалымат жыйынында да бышыктады.

“Элден каражат топтоо боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат деп туура эмес. Жөн гана Каржы министрлиги “президенттин фонду” деп банктан эсеп ачты. Муну эл суранды. Колунда барлар, бизнесмендер “биз дагы Кыргызстанга сырткы карыздан кутулууга салым кошолу” деп суранганы үчүн ачып койдук. Бирок буга каршы болгондор да бар. Аларды эч ким кыйнабайт. Жиниңерди келтирбей эле койсоңор болот. Жардам берчүлөр бар да. Элдин баары бирдей эмес. Америка, Европа, Орусия, Казакстанда жүргөн мигранттар бар. Ар ким өзүнүн дити, каалоосу менен жардам берет. Биз муну ачпайт элек. Бирок социалдык тармактарда, кат түрүндө, ооз эки кайрылуулар көп түшүп жатат”.

Кыргызстандын соңку эсептеги тышкы карызы 4 млрд. 106 миллион доллар. Анын 1 млрд. 775 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон бересе экени айтылып келет.

Келишим боюнча Кыргызстан карызды 2021-жылдан тартып төлөй башташы керек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү быйыл сентябрь айында сунуш кылган.

Кытайдан алынган карыздын көбү негизинен Кыргызстанда жолдорду салууга жана энергетика тармагына жумшалган.

Элден акча чогултуу демилгеси казынанын капшыты бөксөрүп, бюджеттин таңкыстыгы 35 млрд. сомго жеткен кезге туш келди. Өкмөт элге жөлөк пул менен пенсияны араң төлөп жатканда кайра элден жардам сурабаска айласы калган жок дегендер четтен чыгат.

Экономика тармагы боюнча эксперт Эркин Абдразаков буларга токтолду.

“Элдин жонунан кайыш тилип жатат. “Мына, коррупционерлер эле төлөп коет” дешкен. Аткаминерлер убагында өлкөнү көтөрө турган кен байлыктарыбызды ит бекер сатып жиберишкен. Эми элге кайрылып, жаш балабы, пенсионерби, чоң киши болобу ачылган эсепке акча бергиле дегендей ишара кылды. Бирок байлар эч нерсе бергиси келбейт. Жалпы элге салалы, кыргыздар кечиримдүү деп жатышат. Ооба, кыргыздар чыдамдуу, ачкачылыкты да көтөргөн. Бирок алдамчылыкка эч качан чыдаган эмес. Бул өтө опурталдуу кадам деп эсептейм”.

Кыргызстанда жапа тырмак акча чогултуу практикасы буга чейин да бир нече жолу болгон. Маселен, кечээ жакында эле коронавируска каршы күрөштө жумурай журт 170 млн. сомдон ашык акча чогултуп берген. Бирок бул каражат тууралуу өкмөт отчет бере элек.

Сурамжылоо: Тышкы карызды төлөө үчүн акча которууга даярсызбы?

Ошондой эле 2017-жылы Дача СУ конушундагы авиакырсыкта жабыркагандарга жардам берүү максатында ачылган атайын эсепке элден 100 млн. сомдон ашуун акча чогулганы расмий кабарланып, бирок ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу ачык маалымат берилген эмес.

Активист Марат Тагаев бул жолу чогултулган акчанын отчетунан да күмөн санап турат.

Марат Тагаев.
Марат Тагаев.

“Бийлик алмашкан сайын эле тышкы карыздан кутулуу үчүн элден акча чогултуу кампаниясы башталат. Буга чейинки элден чогултулган акчанын отчетун көрө элекпиз. Ага эл деле кызыкпайт. Азыр кризис элди ансыз да кыйнап турат. Ушундай кырдаалда элден акча чогултуунун кереги бар беле? Бул популисттик кадамдардын бири. Бул деле Дача СУ, коронавирус менен күрөшүүдө чогулган каражаттар сыяктуу эле сууга сиңип кетет”.

Тышкы карызды элдин эсебинен чогултуу идеясы биринчи жолу көтөрүлгөн жери жок.

2018-жылы да Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев ишкерлерге кайрылып, Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөп берүүгө чакырган. Ал атайын эсеп ачылса, сырткы карыздан кутулуу үчүн өз чөнтөгүнөн 1 млн. сом которо турганын билдирген жайы бар.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2007-жылы премьер-министрлик кызматты аркалап турганда тышкы карыздан кутулуу үчүн эки жолу атайын эсеп ачылган. Бирок Улуттук банктын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө эки эсеп тең жабылган. Ага канча каражат чогулганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Экономиканы кандай тобокелдиктер күтүп турат?

Экономиканы тооруган тобокелдиктер
please wait

No media source currently available

0:00 0:54:06 0:00

XS
SM
MD
LG