Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:31

«200 млн. доллардан ашык капитал чыгарылды»


Арзыбек Кожошев.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан жана соңку саясий окуялардан улам өлкөдөн капиталын чыгаргандар көбөйүүдө. Мындай кырдаалда өкмөт кандай чара көрүп жатат? Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Арзыбек Кожошев «Азаттыкка» маек курду.

- Арзыбек мырза, быйыл өлкөдөн каражатын, капиталын чыгаруу тенденциясы күчөгөнү кабарланууда. Муну соңку отчёттор да ырастап турат. Сиз жетектеген мамлекеттик кызмат дал ушул финансы рыногуна көзөмөл жүргүзөт эмеспи. Учурда абалды сиз баалайсыз. Өлкө экономикасы үчүн азыркы абалдын кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Ооба, капиталдын көп чыгып жатканы статистикада көрүнүп турат. Былтыркыга салыштырганда быйыл 2,5 эсе көбөйүп кетти. Былтыр ушул учурда 180 миллион доллар болсо, быйыл 400 миллион доллардан ашып кетти. Ошондо өткөн жылга салыштырмалуу 200 миллион доллардан ашыкча капитал чыгарылып кетти. Каражаттын көп чыгарылып жатышы өлкөдөгү инвестициялык чөйрөнүн мүнөзүн көрсөтөт. Демек, бизде чөйрө жакшы эмес. Эң негизги себеби - саясий туруктуулуктун жоктугу. Экинчиден, жалпы мамлекеттик институттардын кадыр-баркынын деңгээли жана карапайым адамдардын инвестицияга болгон көз карашы. Мисалы, жакында көрүп жатасыңар, 5-6-октябрдан соң Таластагы Жерүй, Ала-Букадагы Бозумчак, Чаткал районундагы кендерге кыргыз жарандары басым кылып, иштери токтоду. Тоо-кен тармагындагы ишканалардан бир айда 120 миллион сом салык катары бюджетке төлөнчү эле. Мунун кесепетинен акыркы эки айда болжолдуу эсептегенде 240 миллион сомдой салык жоготтук. Буга кошумча, инвесторлор өздөрү болжолдуу түрдө 10-20 миллион долларга чейин чыгымга учурады. Ошондуктан бүгүн бизде инвестициялык чөйрө өзүн коопсуз сезбей жатат. Буга байланыштуу бул багытта чоң иштерди жасашыбыз керек.

- Бул багытта өкмөт, мамлекеттик органдар кандай иштерди жүргүзүп жатат? Өлкө экономикасы үчүн оор кесепеттер болгонун өзүңүз айтып жатасыз.

- Албетте, учурда Экономика министрлиги, жалпы өкмөт антикризистик пландарды даярдап жатабыз. Буга чейин деле антикризистик план даярдалган, бирок акыркы шартка байланыштуу аны кайрадан карап чыгып жатабыз.

- Коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам соода солгундап, орто жана чакан бизнеске абдан чоң сокку урду. Анын кесепетинен миңдеген жумуш орду кыскарганы белгилүү. Эми сиз белгилегендей, соңку саясий кырдаалдан улам экономикага да күч келип отурат. Мындай кырдаалда өлкөдөн капиталдын чыгарылып кетиши маселени дагы тереңдетпейби?

- Албетте, биздин экономика жы башындагы абал менен салыштырганда ИДӨнүн көлөму 5% төмөндөп кетти. Бюджет 35-36 миллиард сомдун тегерегинде жоготуп жатат. Мунун баары экономиканын абдан терс акыбалда турганын көрсөтүп жатат.

- Жумушчу орундардын кыскарышы боюнча сурагым келип атат. Мисалы, тоо-кен ишканаларындагы иштин убактылуу токтогонунан улам 1000ге жакын адам жумушсуз калары айтылып жатат. Сиздин божомолуңуз боюнча, акыркы айларда канча жумуш орду кыскарды?

- Чынын айтканда, аны божомолдоо кыйын. Бүгүнкү күндө Орусияда иштеп жүргөн мигранттар кайтып жатканы белгилүү. Айрым расмий эмес эсептер боюнча 50 миңге жакын кыргызстандык өлкөгө кайтып келди деген маалымат бар. Бул биздин экономиканын басаңдаганын көрсөтүп турат. Негизи, элде канчалык жумушсуздук күчөгөн сайын, өлкө экономикасына ошончолук терс таасирин тийгизет. Ошондуктан өкмөт тарабынан биздин жарандарга социалдык жактан жардам каралышы керек. Бирок ага каражат барбы - аны караштыруу абзел. Ал үчүн салыкты көбүрөөк чогултуу зарыл. Акыркы 10 айдын жыйынтыгы боюнча, биздин Мамлекеттик салык кызматы жакшы иштеп жатат. Бул орган планды ашыгы менен аткарды. Бирок учурда коронавируска байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабык тургандыктан, кыргыз-казак чек арасында соода-сатык жакшы болбой жаткандыктан бюджеттин акыбалы начар болуп турат.

- Сиз буга чейин экономика министри болуп иштегенсиз, Финансы министрлигинде жетекчилик кызматта тургансыз. Учурда өкмөттүн курамында иштеп жатасыз. Ушундай оор кырдаалда дагы эмнелерге көңүл буруш керек?

- Албетте, бүгүнкү өкмөттүн жаңы башчысы саясий эркти көрсөтүп, эки апта мурун экономикалык мунапыс жарыялады. Бул дагы бир маанилүү чечимдердин бири. Бирок биз азыр кыска мөөнөттүү программа иштеп чыгып, бюджетти кантип толтурабыз, көмүскө экономика менен кантип күрөшөбүз деген чаралардын үстүнөн иштөө зарыл болуп турат. Бир команда менен иштеп чыкса, жакынкы үч-төрт айда абалды оңдоого салым болот эле.

- Бүгүн негизгиси инвестор, жарандар арасында ишеним менен туруктуулукту камсыз кылуу маанилүү эмеспи?

- Албетте, өлкөдө экономика иштеши үчүн саясий туруктуулук керек. Экинчиден, мыйзамдын үстөмдүгүн толугу менен орнотуу жана инвесторлорго кепилдик берүү зарыл. Анан албетте, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылышыбыз абдан маанилүү.

- Кыргыз өкмөтү ушул нерселерди камсыз кылып бере алабы? Антикризистик план деп жатасыз, сиз жетектеген орган эмнелерди сунуш кылып жана ишке ашырып жатат?

- Биз учурда өлкөдөгү жалпы ички фондулук рынокту көтөргөнгө аракет кылып жатабыз. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коронавируска жана экономикалык кризиске карабай бир катар жыйынтыктарды көрсөттү деп айтсам болом. Былтыр тогуз айда фондулук рынокто алты миллиард сомдук иш болсо, быйыл жети миллиард сомду түздү. Бир миллиард сомго өсүш болду. Бул багытта биз IPO (алгачкы коомдук сунуш) каражаттарын пайдаландык. Ар бир жеке ишкананын акциясын коомдук сатыкка чыгарып, сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мисалы, «Салым финанс» деген чакан финансылык компания акцияларын сатыкка чыгарып, элге сата алды. Ошондой эле IPO-программаны мамлекеттик ишканаларга да киргизип, «Альфа телеком», «Манас» аэропорту сыяктуу ишканалардын 5-10% үлүшүн жарандарга сатса, ишеним пайда болот Мындай жол менен жарандарыбыз мамлекеттик ишкананын ээсибиз деп ишеним жаралат. Мындан сырткары облигациялар чыгарылып жатат. Бизде жарандардын колунда 100 миллиард сомдон ашык акча бар. Ошолорду үйүндө же башка жерде бекитип кармабай баалуу кагаздарга жумшаса ички ресурстарды пайдаланууга шарт болот эле. Бул дүйнөлүк практика. Биз ушул сыяктуу чараларды өкмөткө сунуш кылып, иштеп жатабыз.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG